Дөөлөт Сыдыков Москвадагы манас айтуусун жыйынтыктады

© Фото / Гульзара КокеноваМанасчы Дөөлөт Сыдыков
Манасчы Дөөлөт Сыдыков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Манасчы беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн Москвага 29-августта учуп кетип, иш-чара 31-августта башталган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дөөлөт Сыдыков беш күн, беш түн манас айтуусун жыйынтыктады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине иш-чараны уюштуруучулардын бири Гүлзар Кокенова билдирди.

Анын айтымында, учурда манасчынын абалы жакшы.

Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн Москвага 29-августта учуп кеткен. Иш-чара 31-августта Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында башталган.

Сыдыков узак мөөнөткө манас айтып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0