09:03 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (349)
535 0 0

Кул Кожо Акмат кыргыздардын актыкты тааный билишине жана диний дидактиканын калк арасына таралышына педагогдук да, теологдук да, акындык да таасирин катуу тийгизген.

Анын идеясы — адамдарды дүйнө-мүлктөн алыс болуп, бул жашоодо ак, адал жүрүүгө, бардык байлыктан баш тартууга чакыргандыгы, чыгармачылыгы тобо келтирип, сооп иштерди жасоого үндөгөнү менен баалуу. Биз бүгүн ошол сопу акыны жана ойчулу тууралуу 17 факт сунуштайбыз.

Аты-жөнү ар түрдүү айтылып келет. Анын бир топ варианттары: Акмат Йассави, Ахмед Ясави, Ахмед Яссавий, Хожа Акмат Йесеви, Жазылык Кул Кожо Акмат, Шайык Ахмет Ясави, Азирети Султан ж.б. Ал эми кыргыздар арасына Кул Кожо Акмат деген ысым менен таралган.

Туулган жылы, жери тууралуу талаштар. Сопучулук агымындагы ойчул жана жаңычыл акын түрк тилдүү элдердин өкүлү болгону анык. Бирок анын туулган жылы, киндик каны тамган жери тууралуу бирдиктүү пикир жок. Айрым маалыматтарда 1103-жылы, айрым маалыматтарда 1041-жылы, дагы бирөөндө 1093-жылы туулган деп бири-биринен алыс-алыс жылдарды айтып келишет. Кээ бир булактар аны Испиджабе шаарында, б.а., азыркы Казакстандын Сайрам шаарына туулгандыгын көрсөтөт, кээ бир булактарда Йассы калаасында туулган, өмүрүнүн көбү Йассыда өткөн жана 1166-жылы ушул шаарда жерге берилген делет. Тарыхчы Василий Бартольддун тастыктоосу боюнча, азыркы Түркстан шаары VI-XV кылымдарда Йассы деп аталган. Дагы бир маалыматтар Йассы Түркстан эмес, ага канатташ жайгашкан делет. Ал эми айрым кыргыз изилдөөчүлөрү, мисалы, Чоюн Өмүралиев, Жээналы Шериев акындын туулган аймагы азыркы Кыргызстандагы Өзгөн шаарынын жака-белиндеги Жазы суусунун жээгинде болушу мүмкүндүгүн боолголошот.

Атасы жана энеси. Атасы Ибрагим шейх диний билими жогору такыба адам болгон, айрым маалыматтарда Ыбырайым деп, анын кедей киши экендиги айтылат. Айтор, атасы бала жаш чагында эле каза таап, апасы Карачач аны илим алууга түртөт.

Уламыштар жана икаялар. Балалык убагында эле ар кандай кереметтер менен туш болгондугу, отоо чөптөрдү сыйкыр менен жок кылгандыгы, ак атына минип булуттун үстү менен учуп намазынын бир бөлүгүн Түркстанда окуса, экинчи бөлүгүн Меккеде окуп келгендиги ж.б. окуялары уламышка айланган жана алар калк ичинде икая болуп, ушул күнгө чейин айтылып келет. Айрым айтымдарда анын түпкү теги Мухаммед пайгамбардын тууганы болуп кетет, тагыраагы, Азирет Аалыдан тараган делет. Пайгамбар саабалар менен курма жеп отуруп, бир курмасын түшүрүп жиберип, ал мындан төрт жүздөй жыл кийин келүүчү бир шакиртине берилери аян кылынат.

Аманат. Айтуудан Мухаммад пайгамбар бул дүйнөдөн кетээр алдында элди жыйнап, "Менин аманатымды ким алат да, ишимди ким улантат" деген суроо койгон экен. Ошондо ал милдетти 300 жашка келип калган машайык Арыстан-баб атага (тарыхый булактарда Салмени Фарс) бериптир, анын өтө узак жашары дайын экен. Арадан беш жүз жылдай өткөн соң Арыстан-бабга он бир жашар бала жолугуп, "Ата, менин аманатымды бериңиз" деген экен. Ал аманат ошончо жыл Арыстан-баб ата тилинин астында сактап келген бир даана курма болуп чыгыптыр. Бала болсо биз сөз кылып жаткан Акмат деп айтылат.

Устаздары. Бала чагында Арыстан-баб аттуу устазынан тарбия-таалим, илим алат. Айрым маалыматтарда бул киши Отрар шаарынын тургуну болгон делет. Ал киши оо дүйнөгө аттанган соң Букара шаарына барып Абу Йусуф Хамадани (1140-жылы каза тапкан) аттуу аалымга шакирттикке өтөт. Ислам дүйнөсүндөгү атактуу шаардан кадыр-барк күтө баштаганда кайра Йассыга кайтып келет.

Сопучулук идеяларды таратуучу. Ал өз окуусундагы идеяларды өтө кыйынчылык менен элге түшүндүрүп, шакирттери аркылуу калк арасына сиңирген. Йассыда анын 40 ханака-чиллаханасы болуп, ал жерде 40 күн сопучулук идеяларына окуткан жана кийинчерээк бардыгы болуп 12 миң шакирти (мүрүт) жана калк ичинен чыккан 99 миң санаалашы анын окуусун бүтүндөй түрк ааламына тараткан. Албетте, анын ой-пикирлерин алып жүрүүчүлөрдүн жана таратуучулардын ичинде кыргыздар да болгон. Эгер диний идеялар мурда араб, фарсий тилдерде айтылып келсе, Кул Кожо Акматтын эң биринчи эмгеги — аларды түрк тилинде айтып, түрк тайпалары жашаган Борбор Азия, Чыгыш Түркстан, Сибирь, Эдил бою, Кавказ, Анадолу жерлерине чейинки кеңири мейкиндикке жеткире алгандыгында.

Каза болушу. Кул Кожо Акмат пайгамбар жашына келгенден кийин "мына мен да пайгамбар жашына — алтымыштын үчүнө келдим, пайгамбарга берилген өмүр жашынан өткөрө жашоого менин акым жок" деп, өзү курган медресе-мечиттин жанынан бир жерди гөр кылып казып, калган өмүрүн ошол жерде өткөрүп, 1166- же 1167-жылдардын биринде каза болуптур. Бирок анын канча өмүр кечиргени тууралуу азырга чейин так маалымат жок.

Түрк маданиятын жогору баскычка көтөргөн. Кул Кожо Акмат жаш чагынан араб, фарс, чагатай, түрк тилдеринде ырларды жазып, ал өзү түрк уулу болуу менен араб-фарсий-түрк тилдеринин айкалышкан поэтикалык синтезин жаратуу менен түрк элдеринин руханий маданиятын олуттуу баскычка көтөргөн. Анын бизге жеткен "Диван-и-хикмет" ("Акылмандыктын китеби") деп аталган поэтикалык китеби же жөн эле көпчүлүк атагандай "Хикметтер" ("Экметтер") топтому. Ал хикмет ырларын жөнөкөй адамдар да түшүнө ала турган тил менен жазган жана аларды кат тааныбаган адамдар да жатка айтып жүргөн, бүт түрктөр котормосуз эле окуп түшүнө билген.

Китептеги идеялар. Китептен түп нускасы, албетте, бизге жетпей калды, XV кылымдагы араб арибиндеги көчүрмөсү гана көп нускаларда тараган. Тили огуз-кыпчак диалектисиндеги эски түрк тили. Акындын ойлорундагы башкы идея сопучулук менен байланышат. Эгерде жалпы исламда асмандагы Алла Талаа менен пайгамбарлар гана пикирлеше алса, сопучулук окуусундагылардын киргизген жаңылыгы Жараткан менен ак жолдо жүргөн ар бир мусулман пендеси жакындашса болот, аны үчүн ал адам акыйкатты кууп, сүкүт сактап, бул дүйнөнүн жыргалынан баш тартышы керек. Ойчул, мистик акындын ырлары жакшылык жана жамандык, адалдык жана арамдык, акылмандык жана наадандык, чындык жана жалган, адилеттүүлүк жана кара өзгөйлүк, жумшактык жана катаалдык, берешендик жана сараңдык, кайрымдуулук жана катаалдык, билимдүүлүк жана түркөйлүк, достук жана душмандык тууралуу философиялык, педагогикалык ой жүгүртүүлөрдөн туруп, адамдарды туура жол табууга, илим-билимдин, ишенимдин жолуна түшүүгө чакырат. Азыркы заманда балдар улууларды сыйлабай койду, журт башылардан адилеттик кетти деп кейийт. Ал калк акылмандыгы менен анын негизиндеги тарбия тууралуу идеяларды жыйынтыктап, элден алып, өзү иштеп чыгып, кайра ошол элге байытып, түшүнктүү кылып жазып, кайтарып берген.

Анын хикметтери ошол кездеги мусулман түрк элдери үчүн хадис, канун, жырым (кодекс) милдетин аткарган. Ал "Жетимди көрсөңөр дилин оорутпагыла, карыпты көрсөңөр дак салбагыла", "Кайда жүрсөң көңүл жумшак, сыпайы болгун, көрө калсаң мусапырды сырлаш болгун" деп айтып, адамды сыйлоого, адамды урматтоого чакырган, анын ою боюнча бардык адамдар бирдей, алардын байы-кедейи, жетими-жесири болгону менен жаманы-жакшысы жок деген.

Кул Кожо Акмат жана кыргыз эл маданияты. Хикметтери ал жашап өткөн учурга чейинки жана андан кийинки кыргыз акындарынын санат-насыят ырлары, бу дүйнө-тиги дүйнө тууралуу дидактикалык кыргыз поэзиясы менен абдан тыгыз үндөшөт. Мындан алардын бири-бирине таасири болгондугун аңдап билүү кыйын эмес. Ал акын тууралуу Алдаш Молдо, Молдо Кылыч, Арстанбек ж.б. акындар айтып өткөн, анын ырлары кыргыздар арасына оозеки да, жазма түрүндө да тараган. Молдо Нияздын, Калыгулдун, Туяк ырчынын, Нурмолдонун, Арстанбектин, Кылыч Молдонун, Жеңижоктун акыр заман, зар заман, санат-насыят, терме ырларында Кул Кожо Акматтын чыгармачылык таасири таасын байкалат.

Кимсанбай Абдыразак уулунун китеби. Өзгөндүк дин аалымы Кимсанбай Абдыразак уулу "Жазылык Кул Кожо Акмат" деген китеп жазып, жарыялады, ал бул кишинин Кыргызстандын Өзгөн шаарынан экендигин бир кыйла жүйөлөр менен тастыктоого аракет кылды. Ал китепте Арслан баба (Арсланбап) менен Кул Кожо Акматтын биринчи жолугушуп, аманат сураган жери Салам-Алик деп аталганы, ошол жерде алар суу ичкен булак Көрктөндү-Ата булагы, бул жерлердин тоолорунда куш салган жерлери бар экендигин белгилеген.

Хикметтердин кыргызча котормолору жана котормочуларлардын пикири. Кыргыз тилине анын чыгармаларын алгачкылардан болуп Чоюн Өмүралиев которуп жарыялаган. Кийин Кыргыз эл акыны, маркум Эгемберди Эрматов Кул Кожо Акматтын 140 казал-насаатын (хикметин) кыргызча которуп китеп кылып чыгарган. Ал ошол казалдарынын биринде "Мен Жазы дарыясынын жээгинде төрөлгөм", "Менин ата-бабам куш салган" деп айтканына өзгөчө басым жасап, акындын кыргыз жеринде туулганын божомолдойт.

Эмир Темирден эстелик. Акындын баштапкы күмбөзү Чыңгыз хандын жапырыгында талкаланып калган, кийин XIV кылымда акын көмүлгөн жайга Эмир Темир (Аксак Темир, Темирлан) падыша (1370-1405) ага арнап "Азирети Султан" деп аталган күмбөз-комплексин курдурган. Мына ошондон бери ал жерге барган зыяратчылардын аягы үзүлбөйт, "Мекке-Мединада —  Мухаммед, Түркстанда — Кожо Акмат" деген сөз да эл арасында айтылып келет, атүгүл бул жерге эки жолу зыяратка барган Меккеге бир жолу ажылыкка барганга тете деген да пикирлер орун алган.

Акындын аты бийик урматталат. Анын атында Түркстан шаарында 20 миңден ашык студент окуган эл аралык казак-түрк университети түптөлгөн, 2016-2017-жылдарды ЮНЕСКО анын атындагы жыл деп жарыялаган.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (349)

Тема боюнча

Алыкулдун 6 сомго сатылган отургучу. "Ыр сабындагы өмүр" эссеси жөнүндө 9 факты
Этнобилимге бай. Ашым Жакыпбековдун "Айкашкасы" тууралуу 8 факты
Белгилер:
агартуучу, билим, ислам, мазар

ЭҢ МААНИЛҮҮ