Манаска берген убадасынан тайган. Эпостогу Кыз Сайкал тууралуу 7 факты

© Sputnik / Жоомарт УраимовГерой эпоса "Манас". Кыз Сайкал
Герой эпоса Манас. Кыз Сайкал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр эр жүрөк, намыскөй, тайманбас сапаты бар кыз-келиндерди "Манас" эпосундагы Сайкалдай деп сыпаттап, баатыр кызга теңеп жүрүшөт. Атүгүл кыргыздын эр мүнөз кыздары жөнүндө кеп козголгондо сөзсүз Кыз Сайкал тууралуу айтылат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиевдин жардамы менен "Манас" эпосундагы Кыз Сайкал тууралуу фактыларды тизмектеди.

Белгилей кетсек, баатыр кыз боюнча материал манасчылар Саякбай Каралаев менен Шаабай Азизовдун айтуусундагы вариант боюнча даярдалды.

Нойгуттан чыккан эр жүрөк кыз

Каынбек Иманалиевдин Сагынбай чыгармасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Сагынбай Орозбаков жөнүндө кызыктуу 15 факты. Көөдөнгө баткан 180 миң сап
Сайкалдын атасы Карача кан кыргыздын нойгут деген уруусунан чыккан. Карача менен Текес кан бир тууган. Азыркы Кытайдагы Текес шаарын башкарып турган. Текес каршы чыгып, айтканына көнбөй койгондуктан, Манас салгылашта аны жок кылып, ордуна иниси Карачаны койгон. Сайкал атасынын жалгыз кызы. Кыргыздар өзүнүн салтындабы, же түшүнүгүндөбү, балким адат болсо керек, эгерде эркек бала болбосо кызын эркекче тарбиялап, мырзадай көрүп, ага бийлик, даража, мүмкүнчүлүк берип, көбүрөөк ишеним артып койгондой. Сайкал да жаш кезинен баатыр мүнөз өсүп, эли-жерин душмандардан бошотуп, алык-салык алдырбай, намыска бекем туруп, эр экендигин көрсөтүп, элин биримдикте, эркиндикте кармап турган. Кези келгенде эр сайышка, күрөшкө түшүп баатырлыгын, жоокерлигин көрсөткөн.

Кыз Сайкал — Манастын зайыбы

"Манас" эпосунун сюжетинде талаштуу дагы, сырдуу дагы, анан көп жагынан ачыла элек, айрым учурда көмүскөдө калган же болбосо экинчи-үчүнчү планга өтүп кеткен каармандар көп. Ошонун бири Кыз Сайкал. Чыгармага сүңгүп киргенде, кенен түшүнүк менен алганда ал — Манастын зайыбы, беш аялынын бири. Манас беш аялынын ичинен  Каныкейге гана жуучу түшүп, кыргыздын салтын жасап, салтанат менен нике менен үйлөнгөн. Калган төрт аялы — Кайыркандын Карабөркү, Шоорук кандын кызы Акылайы, Адил кандын (Айкан) кызы Алтынай жана Кыз Сайкал тартууга келген. Илгери кандар, журт башчылары элин-жерин коргоо максатында же болбосо алака-мамилени жакшыртуу ниетинде кыздарды тартууга беришкен.

Жубайлардын көрүшүүсү жана эр сайышта чечилген тагдыр

Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Бул аттарды баатырлар, эрлер минген! "Манас" эпосундагы тулпарлар. II бөлүк
Манас Сайкал тууралуу даңазалуу кептерди угуп, Текеске өзү издеп барат. Сайкал анын келерин билип, күтүп жүргөн. Экөө бир жолу көрүшкөндө эле бирин-бири аңтарып-теңтерип изилдеп койгон. Манас Сайкалды "эр экен, баатыр тура, тайманбайт, атасынын гана эмес, эли-жеринин сакчысы, ушуга үйлөнсөм, менден жакшы тукум чыгат" деп ниеттенген. Сайкал дагы эл оозунда айтылып жүргөн адамды өз көзү менен көргүсү келип, күтүп турган болот. Жүздөшкөн күн келгенде, Сайкал дагы суктанып, ушундан тукум күтсөм кыйын чыгат дейт.

Манас менен Сайкал алгачкы жолугушуусунда эле эр сайышка түшөт. Ошондо Кыз Сайкал аянбастан, тартынбастан Манасты жыга саят. Манастын ээр-токумдан көчүгү, үзөңгүдөн буту тайып, жыгылып бара жатканда Чубак чаап барып кармап-сүйөп, Аккуланын үстүнө отургузуп кетет. Кандын, баатырдын ат үстүнөн жыгылышы уят болгон. Ошондон кийин Манас Сайкалга барып нике тууралуу сөз айткан.

Эмнеге Кыз Сайкал деп аталып калган?

Сайкалдын кыз деп аталып калышынын себеби ал Манастын о дүйнөлүк зайыбы болуп эсептелинген. Мындайча айтканда, Манаска тирүү кезинде жубай болуп берген эмес. Мунун да себеби бар. Кыз Сайкал Каныкейдин бар экендигин билип, ал Манаска тең зайып экендигин түшүнүп, анын алдына барып күң болбоюн, алдынан өтпөйүн деп сыйлап, бу дүйнөдө никелүү аял болуудан баш тарткан. Манас экөөнүн ортосунда келишим түзүлөт. Сайкал "мен тиги дүйнөлүк зайыбың болоюн, эгерде менден мурда көзүң өтсө, зыйнатыңа турайын, ак кызматымды өтөйүн, барып кара киейин, кошок кошуп, тирүүлүктөгү зайыптыктын кызматын аткарайын" деп Манаска cөз берген.

Сайкал убададан тайганда...

Бирок Манас көз жумгандан кийин Сайкал зыйнатына келбей коет. Айла кеткенде чабарман барып кабар берет. Кийин Көкбөрүнүн Коенаалы деген уулу "сөз берген экенсиң, антташыпсың, убадаңа тур" деп күчкө салып алып келгени маалым.

Сайкал Манастын кара ашында өлгөн

Памятник Уркуе Салиевой. 2015 г. - Sputnik Кыргызстан
24 жашында мууздалган Уркуя Салиева жөнүндө 15 факты
Байыркы кыргыздардын салты боюнча адам өлгөндө кара ашында, кырк ашында, чоң ашында оюндар өткөрүлгөн. Бул сапар Манастын кара ашында Кыз Сайкал менен Коенаалы эр сайышка чыгат. Коенаалынын Сайкалга карата кеги бар эле, "кабар укканда өзү келбей, күчкө салганда келет" деген ич күптүсү болот. Коенаалы Манастын жан досу, антташкан жолдошу, Крымды бийлеген Көкбөрүнүн баласы эле. Ал "өлсөм өлүп кетээрмин, ат үстүндө жан берермин" деп эч кимдин сөзүн укпай, эр сайышка чыгып алат. Кыз Сайкал менен Коенаалы бирин-бири сайып өлтүрөт. Экөөнүн тең сөөгү кайып болуп, табылбай кетет.

Баатырдын аты өчпөс

Кыз Сайкалдын образы заманбап жашоодо дагы эли-жеринин намысы үчүн бек турган баатыр, патриот, айтканынан кайтпаган, журтту биримдикке чакырган, эр жүрөк, баатыр катары сүрөттөлүп калды. Кыз Сайкал боюнча өзүнчө кенже эпос, поэма жазылып, театрда спектаклдер коюлуп келет. Ысык-Көлдүн Жууку өрөөнүндө Кыз Сайкалдын үңкүрү жайгашкан. Ошондой эле Кытайдын Текес деген жеринде Сайкалдын аталышындагы жерлер бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0