Боз үй, тай казан... Сауд Аравиядагы кыргыз айылы жана ипподромдун видеосу

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүВсемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке
Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-мартта Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Camel fest этнофестивалы башталат. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан 2000дей маданият кызматкери жана спортчулар кеткен. Кыргыз өнөрпоздоруна атайын берилген 15 гектар жерге этнобазар, көчмөндөр айылы жана көк бөрү ойноого ылайыкталган ипподром курулган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Camel fest фестивалына Кыргызстандан топоз, тайган, бүркүттөрдү алып кетишкен. Алар ачылыш жана жабылуу аземдерине катышары күтүлүүдө. Мындан сырткары, "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестиваль көрсөтүшөт.

Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясы Эр-Риядда курулган көчмөндөр айылынын видеосун жарыялады. Андан катар тизилген боз үйлөрдү жана көчмөндөр айылынын кире беришиндеги дарбазанын курулуп жатканын көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от WEC (@world_ethnogames_confederation)

Айылдын ичине көчмөндөрдүн жашоосун чагылдырган чакан эстеликтер тургузулган. Ал эми ак илбирстин, төөнүн, бүркүттүн жана калпактын фигуралары кумдан жасалган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от WEC (@world_ethnogames_confederation)

Camel fest этнофестивалында кыргызстандык 50 улакчы беш командага бөлүнүп, көргөзмө оюн тартуулайт. Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынан бирден команда жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Бишкек менен Ош шаарларынан экиден улакчы тандалып бир команда түзүлгөн. Жалпы жонунан айтканда оюнчулар Кыргызстандын бардык дубанынан барган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от КӨК БӨРҮ-КЫРГЫЗ СПОРТУНУН ЖҮЗҮ (@kok.boru)

Алгач аргымактарды да Кыргызстандан алып баруу пландалган, кийинчерээк айрым маселелерден улам аттар Сауд Аравиядан алына турган болгон.

Бул кыргыз улакчылары ошол жактан алган аттарын минип көрүп, көк бөрүгө үйрөтүп жаткан учуру.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от КOK-BORU KG 🇰🇬 (@kokboru_kg)

Фестивалдын алкагында кыргыз көк бөрүчүлөрү үчүн атайын ипподром курулган. Ал жерге ушундай тай казанды орнотушкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от КOK-BORU KG 🇰🇬 (@kokboru_kg)

Эскерте кетсек, Camel Fest фестивалы 9-мартта башталып 23үнө чейин созулат. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнсө, башка мамлекеттерге 15-20дай адамга чакыруу жиберилген. Катышуучулардын тамак-ашы, жаткан жери беленделип, мал-жаны багылуу болот. Кеткен чыгымдын баарын уюштуруучулар көтөрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0