Айтматовду ыйлаткан түн. Маймак айылы жана Маймак бекети тууралуу 7 факты

© Фото / Александр ФедоровПоследняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР
Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени болгон Шекер айылы жана жалпы эле Талас өрөөнү чоң дүйнө менен темир жол аркылуу ушул Маймак бекети аркылуу байланышат. Ал жерден поезддер Чыгыштан Батышка, Батыштан Чыгышка тынымсыз өтүп тургандай, адамдардын тагдырлары да Чыгыштан Батышка, Батыштан Чыгышка ташылып турган. Ошолордун ичинде Чыңгыз Айтматов да болгон.

Мына ушул Маймак айылы жана Маймак темир жол бекети тууралуу 7 фактыны сунуштайбыз.

Саманчынын жолу тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Саманчынын жолу" повести жөнүндө 7 факты. Адамзаттын өлбөстүгү тууралуу гимн
Маймак айылы тууралуу жалпы маалымат. Маймак — Талас облусунун Кара-Буура районуна караган кыштак. Маймак айыл округунун борбору. Казакстан менен Кыргызстанды бөлүп турган Асса суусунун боюнда жайгашкан. Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 45 чакырым түндүк-батыш тарапта. 1950-2012-жылдары шаар тибиндеги посёлок деп да аталган. Бул жерде темир жол бекети жайгашкан жана ошол бекет аркылуу Талас облусуна келген жана облустан чыккан бардык темир жол жүктөрү ташылат. Чыңгыз Айтматовдун туу казык айылы Шекерден 22 чакырым жол.

Чыңгыз Айтматовдун атасы жана чоң атасы Маймакта иштеген. Айтмат он жашар баласы Төрөкул менен XX кылымдын башында Түркстан-Сибирь темир жолунун Маймакка жакын жериндеги туннель курулушунда иштеген.

Москвадан Маймакка ыргытылган тагдыр. Төрөкул Айтматов Москвада камакка алынганда балдары Чыңгыз, Илгиз, Люция жана Роза апалары Нагима Хамзаева менен төрт күн поезд менен жүрүп 1937-жылдын 1-сентябрында түнкү саат экиде тагдырдын ыргытылган ташы болуп Маймак бекетине келип түшөт.

Село Шекер Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Ааламга Айтматовду берген жана Айтматов дүйнөгө даңктаган Шекер тууралуу 16 факты
Апанын акыркы сааттары жана Маймактагы түн. Нагима Хамзаевна ооруканада өлүм сааттарын күтүп жатканда ал жерге келген Тургунбек Суванбеков менен Чыңгыз Айтматовдун сүйлөшүүсү тууралуу Роза Айтматова мындай эскерет: "Тургунбек Суванбердиевич: "Кой ыйлаба, сенин апаң бактылуу киши экен. Силерди чоңойтуп, эрезеге жеткизип коюп, эл арасына атыңар чыгып калганын көрүп кетип жатат. Жаш кезиңерде өлүп калса эмне болмоксуңар?" — десе, Чыңгыз акем: "Туке, ушул жерде туруп Маймактагы түн эсиме түшүп жатат", — деп айтып жатпайбы. Мен ага чейин Маймактагы түндү апамдан гана укчумун. Апам төрт баласы менен поездден түшүп калат. 32 жашта экен. Ошондо биринчи жолу ушул балдарга жеке өзүм жооп берет турбаймынбы деп коркуптур. Чыңгыз акем болсо балдардын улуусу болуп, ал дагы коркот экен. Маймактагы түн ушунчалык эсинде калыптыр. Палатада "Азыр Маймактагы кара түн эсиме түшүп жатат. Ал учурда байкуш апам бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеп, Илгиз экөөбүз этегине жармашып караңгы түндө бизди жетелеп келди эле. Ошол бойдон бизди жетелеп жүрүп жалгыз өзү чоңойтту. Эми ар кимибиз өз алдыбызча болуп калганда, биздин жакшылыгыбызды көрбөй кетип жатканы эмнеси? Дагы кичине жашай түшсө болбойт беле?" — деп ыйлап жатпайбы. Ошон үчүн Чыңгыз Төрөкуловичке Маймактагы ошол түн аябай маанилүү болгон.

Маймак жана Айтматовдун каармандары. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп отурсаң, көп эле жолу Маймак менен кездешесиң: "Бетме-беттеги" Ысмайыл Маймакта түшүп калгандай; "Жамийладагы" Данияр, Жамийла, Сейит эгиндерин араба менен Маймакка ташып жаткандай; "Саманчынын жолундагы" Толгонай менен Алиман мугалим болор уулу Майсалбекти дал ушул Маймактан күтүп жатып, анын ыргытып ийген тумагын ушул Маймакта басып жаткандай; "Эрте келген турналарда" Султанмуратты атасы жер көрсөтүү үчүн Жамбылга алып барарда дал ушул Маймак аркылуу өткөндөй. Кыскасы, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында Маймак кызыл сызык болуп өтөт.

Всесоюзная фотовыставка Фотообъектив и жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты
Шекерден мурда Маймакка. Жазуучунун 60 жылдыгына карата Шекерде атайын чоң той өтмөк болот. Уюштуруу комитетинин төрагасы Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин секретары Медеткан Шеримкулов, анын орунбасары Кыргыз ССРинин басма, полиграфия жана китеп соодасы боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Барпы Рыспаев болуп жазуучуну азыркы Манас районуна караштуу Чоң-Капка деген жерден Казак ССРинен Кыргыз ССРине кире бериште тосуп алышат, анан Киров районунун Шекер айылына кетмек болушат. Ал жерде эл күтүп турган. Күтүлбөгөн жерден Чыңгыз Айтматов уюштуруучулардын планында жок сунушту айтып, биринчи Маймакка барабыз деп туруп алат. Чоңдор аргасыздан макул болот.

1937-жыл. Атасы жана баласы. Чыңгыз Айтматов атасы тууралуу эстегенде ал кишини жеринде камоо үчүн (атуу үчүн деп окусаңыз да болот) Москвадан Фрунзеге алып өтүп келе жатканда ушул Маймактан кандай сезимге кабылып, эмне күндө өткөнүн эстөө эң эле кыйын болчу экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0