Дал ошол аскалардагы мөңгүлөр эрип, аларга булактар кошулуп, Күркүрөө дайрасын түзүп, ал дайра шекерликтерге жашоо тартуулап кылымдарды карытып келет. Кыргыздын башка айылдарынан айырмаланган жери — бул айыл ааламга таанымал уулубуз Чыңгыз Айтматовду берген. Азыр Шекерге Айтматовдун айылын көрүү үчүн дүйнөнүн туш тарабынан келишет, бул агым жыл өткөн сайын көбөйүүдө.
Мына ушул Шекер айылы тууралуу 16 фактыны сунуштайбыз.
2. Шекер – Кыргызстандын картасында. Шекер — Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура айылына караштуу кыштак. Шекер айыл округунун борбору. 5700дөй калк жашайт. XX кылымдын башында отурукташкан айылга айланган. Калкынын курамы бир улуттуу — кыргыздар, уруусу— шекерликтер. Шекер деген ат айылдын баш жагында шекер салынгандай таттуу суу бар үчүн ошентип аталып калган деген жоромол менен байланыштырылат. Айыл түштүк жагынан Көк-Сай, түндүк жагынан Аманбаев атындагы айыл менен чектешсе, батыш жагы Казакстан менен чек аралаш.
3. Шекерди аралап аккан Күркүрөө суусу. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан көп жеринде бул суу тууралуу айтылат. Дайра Талас Ала-Тоосунун Манас чокусунун жана Байдамтал, Чыңгыз ашууларындагы мөңгүлөрдөн башталат. Көгөндү, Аташ-Чапкан деген куймалары бар. Узундугу 56 чакырым, алабынын аянты 454 чарчы чакырым. Терс деген суу менен кошулуп, Асса дайрасын түзөт. Боюнда Шекерден башка Көк-Сай, Арчагул, Кайнар, Аманбаев айылдары жайгашкан. Суусу Казакстанга агып өтөт.
4. Манас-Ата чокусу. Айылдын бардык жагынан Манас-Ата тоосу көрүнөт. Манас-Ата — шекерликтердин сыймыгы, айылдын символу.
5. Айтматовдорду күтүп алган Шекер жана шекерликтер. Чыңгыз Айтматов "Балалыгым" баянында мындай деп жазат: "1937-жылдын 1-сентябрын өмүр бою унутпаймын… Беш күндөн кийин түнкү саат экилер чамасында көздөгөн Маймак станциясына келип жеттик. Туугандарыбыз бизди күтүп жатышыптыр. Алар даярдаган арабаларына салды да, биз Шекерди көздөй жөнөдүк. Ата журтубузга — Шекерибизге. Ошентип Шекерде жашап калдык…" Төрөкул Айтматов 1937-жылы өзүнүн өлүмү жакындап келе жатканын билген болуу керек, аялы Нагиманы жана балдарын Шекерге жиберет, аларды жубайынын Караколдогу төркүндөрү да, Фрунзе шаары да сактай албайт, бир гана сактаса Шекер жана шекерликтер сактайт деп ойлойт.
7. Чыңгыз Айтматовдун жүрөгүн толкуткан айыл. Жазуучу "Манас-Атанын ак кар, көк музу" аттуу очеркинде "…ар булактын чордону бар сыңары, Мекен деген алп сөздүн кут түшкөн очок сыяктуу, алакандай борбору болот эмеспи. Менин мекеним Шекер айылы….Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт", — деп аталган чыгармасында согуш учурундагы өзү көрүп-билген Шекер айылы жана шекерликтер тууралуу сөз кылат.
8. Шекер — Айтматовдун капиталы. Бул тууралуу жазуучу адабиятчы Левченко менен маектешүүсүндө мындай дегени бар. "Мен ар бир жазуучунун өзүнүн эсеп чекити, жер менен тутумдашуу чекити болуш керек деп ойлойм. Албетте, аны менен катар бүт тажрыйба, шаар турмушу, башка жерлерди кыдырып көрүү жана башкалар чогуу синтезде болушу зарыл. Финансисттердин тили менен айтканда, Шекер — менин негизги капиталым, а калган нерселердин бардыгы — башка жактардан алынган кошумча каражаттар". Дагы бир макаласында: "Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айлым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык. Анткени менин башатым — ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, туулуп-өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы — бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин", — деп белгилеген.
10. Чыңгыз Айтматов менин айылымдан. Бир жолу жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбековду "бул жигит Чыңгыз Айтматовдун айылынан" деп тааныштырса, Ашыке куудулданып, "жок, Чыңгыз Айтматов менин айылыман" деген экен. Бул айылдан академик Илгиз Айтматов, жогорудагы таланттуу жазуучу жана Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармаларын эне тилине мыкты которуп берген Ашым Жакыпбеков, кыргыз театр өнөрүнүн туу чокуларынын бири актёр жана режиссёр Капар Медетбеков сыяктуу инсандар чыккан.
11. Айтматовдун жабык музейи. Шекерде "Күркүрөө" клубунда Чыңгыз Айтматовдун музейи иштейт. Ал жазуучунун 50 жылдыгына карата курулган. Анда жазуучунун колдонгон буюмдары, кийген кийимдери, жарыяланган китептери коюлган.
13. Дүйшөндүн кош тереги. "Биринчи мугалим" повестиндеги Дүйшөндүн мектеби, анын кош тереги да Шекер айылынын үстү жагында турат.
14. Танабайдын алма багы. Айылда "Гүлсарат" повестинин башкы каарманы Танабайдын атын алып жүргөн алма бак да өстүрүлгөн.
15. Шекердин мектеби Төрөкул Айтматовдун атында. Мектеп бул ысымды 1992-жылдан бери алып жүрөт. Мектеп алдында Төрөкул Айтматовдун эстелиги орнотулган.
16. Шекердин келечеги. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Шекер айылында 20 гектар жерге "Чыңгыз-Ордо" комплекси курулат деп белгиленип жатат.