Бек Борбиев: кийинки шайлоодо депутаттыкка аттанышым мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев маек учурунда
КРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бек Борбиев деген ысымды Кыргызстандын кайсы жерине барба, билбеген адам жок болсо керек. 1990-жылы жылдызы жанган ырчы ушул күнгө чейин ошол толкунду колдон чыгарбай келет.

КРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев атасынын айтканынан чыкпай жүрсө мыкты футболчу болмок. Бирок футбол ойноо анын көңүлүнөн калган. Ал маек учурунда депутат болуу кыялын кыйытып, жеке жашоосун сериал сымал күзөткөн күйөрмандарына чечкиндүү пикирин билдирди. Анда жакшылап жайланышып алып, легендага айланган ырчынын маегине назар салыңыз.

— Учурда эки адамдын башы бириккен жерде футболдон кеп салышууда. Сиз да дүйнө чемпионатын калтырбай көргөн күйөрмандардын катарына кошуласызбы?

— Атам студент кезинде мени мойнуна көтөрүп стадионго барып дарбазанын тешигинен футбол көрчү экен. Акча жок, стипендия алган күнү гана билет менен кирчү. Мен туулгандан бир жыл мурун өзбекстандык футболчу Берадор Абдираимов СССРдин чемпиону болуптур. Анда азиялыктардын чемпион болушу түшкө кирбеген нерсе экен. Атам ошого аябай сүйүнүп ошонун урматына койгон экен. Аяш атамдарга "Кыргызстандан Берадор Борбиев деген күчтү футболчу чыгат" деп айтып жүргөнү эсимде. Атам футбол көргөндө эт салынып, бешбармак даярдалып, телевизордун маңдайына төшөк калың салынып, жаздыктары коюлган болоор эле. Ал күнү үйдө ызы-чуу жок, чымындын үнү угулуп турчу. Анан жалгыз же достору менен отуруп кыйкырганда коңшуларга чейин жетчү.

— Сизди футболчу кылдыбы анан?

Оперный певец, народный артист КР Керим Турапов - Sputnik Кыргызстан
Керим Турапов: музыка мектебимди тартып алганда баарына кол шилтеп кетип калдым
— Мени футболчу болосуң дей берип үйгө түрдү топторду алып келчү. Бирок кечке эле таңуулай берсе, көңүлүң айнып кетет экен. Эмнеге атам айтса эле футболчу болуп калышым керек деген ой пайда болду. Бирок төртүнчү же бешинчи классымда беле, атам Токтогулдагы футбол ийримине жаздырган. Жакшы эле оюн көрсөттүм, машыктыруучуга да жактым. Жарым жыл жүргөндөн кийин атамдын иниси Жусуп агай келгенде атам жаздырып койгонун айтсам "жүр мени менен, сенден мыкты балбан чыгат, атаңа айтпа" деп күрөшкө алып кетти. Ал жакта бир жыл машыгып жүрдүм. Бир күнү облустук мелдешке баратканда ата-эненин уруксаты керек болду. Мен "сурабайм, корком" дедим. Анан Жусуп агай өзү келмей болду. Атам инисин төбөгө коюп жибере турган мүнөзү бар эле. Кагазды карап "эмне күрөш дейби? Менин балам футболдо, сенин күрөшүңдө эмне кылмак эле?" дегенде "жок, ошол жерде жүргөн экен, балдар менен күрөштүрсөм жакшы чыкты, эми уруксат берип койбойсузбу" деди. Мен сыртка чыгып кеттим, атам инисин сөгүп кыйкырып калды. Ошондо уулу футболчу болбой калганына аябай кейиди. Акыры ал мелдешке барып келдим.

Студент кезде баскетбол, волейбол, бокс, күрөш, жада калса шахматтан жакшы ойночумун. Бирок футболду болушунча өзүмдөн алыстатып, балдар футболго барса, мен башка залга кетчүмүн. Азыр чоң-чоң мелдештерге күйөрмандык гана кылам. Дүйнөлүк чемпионаты көрүп турам.

© Sputnik / Табылды КадырбековБек Борбиев: атам менин футболчу болбой калганыма аябай кейиди
Заслуженный артист Кыргызской Республики, певец Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: атам менин футболчу болбой калганыма аябай кейиди

— Атаңыз ырчы болом дегенде кандай кабыл алды?

КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев 48 жашта! Белгилүү өнөрпоз тууралуу 12 факты
— Атам менин өзүнө окшош партия кызматкери болушумду да күткөн. Музыкалык аспаптарды алып жүрсөм маани берген эмес, өзү да аспаптарды сатып берчү. Бирок ырчы болом дегенде капа болуп жүрдү. Атамдын агасы Сулайман абам "Бек, бизден ырчы эмес, эл башкарган даткалар чыккан, датканын тукумдарыбыз" деп биздин ууруну уят кыласың дегендей мааниде айтып жүрдү. Кийин атым чыгып, концерттерди коюп калганда баягы каршы болгондор "биз Борбиев деген фамилия менен районго эле таанылсак, сен бүт Кыргызстанга чыгардың" деп сүйүнүшкөн.

— Демек сизге бул өнөр кан аркылуу эмес, Токтогулдун суусунан келген окшойт…

— Ооба. Чынында эле биздин урукта ырчылар болбоптур. Бирок атам менен апам отуруштарда ырдап калчу. Бирок андан өйдө көтөрүлгөн эмес. Сиз айткандай мага бул өнөр Токтогулдун суусунан же тузунан келди окшойт.

— Эми чыгармачылыгыңызга кайтсак. Учурда эмне менен алектенип жүрөсүз? Мурдагы гостролдор азыр тойлорго алмашып кетти деп калышат…

— Азыр күздөгү концерттерге даярданып ырларды жазып, клиптерди тарттырып жатабыз. Буюрса сентябрда Бишкектен баштап өлкөнүн чоң-чоң район шаарларын кыдырып келебиз. Анан үзүлүп түшүп тойлорго бара бербейм. Жумасына бир-эки жолу гана чыгып турам.

— Чыгарган ырларыңыздын саны канчага жетип калды?

— Өзүм аткарган, бирөөгө жазып бергендерди кошкондо 500дөн ашса керек. Аны эсептөөгө деле негиз жок го дейм. Ыр элдин жүрөгүндө калыш керек. Акындар менен кээде эле иштешпесем, ырларымдын сөзүн көбүнчө өзүм жазам. Ал эми обондордун баары өзүмө таандык. Өзүм обончу болгондуктан башкаларга обон жазып бер деп барган эмесмин.

© из личного архива Бека БорбиеваБорбиев: балалыгым өткөн жерлер Токтогул суу сактагычынын астында калып калган...
Дембельский альбом - Sputnik Кыргызстан
Борбиев: балалыгым өткөн жерлер Токтогул суу сактагычынын астында калып калган...

— Мыкты чыгармалар өзүң жон териң менен сезген окуялардан улам жаралат дешет. Ырларыңыз жеке жашооңуздан да алынабы?

— 10 ырды өзүңдүн турмушуңдан жазсаң болот. Баарын алып жазыш кыйын, айланаңдагы адамдардын, көркөм чыгармалардын таасиринин улам жаралат.

— Сиздин ырларыңызды көбү аткарып жүрөшөт. Канча ырчыга уруксат бергенсиз?

— Канча ырчы аткарганы эсимде жок, менимче ырдабагандарды эсептөө жеңил болсо керек. Азыр байланышуу жеңил болуп калбадыбы, мурдагыдай "сизди таппай калдык" дей албайт. Уруксат сурашат, макул болсок айрымдары сөздөрүн бурмалап иет. Анан менден тил угушат. Бир жолу мага жөнөтүп койсо кайра оңдоп жиберем да.

— Ырларыңызды патенттеп, коммерциялык багытта дагы иштейсизби?

— Жаш кезде патенттеп жүргөм, азыр андай болбой калды. Кээде казакстандыктар сатып алышат. Бирок ал жакта деле досторум көп, аларга бекер да. Ал эми Кыргызстанда бири да сатып алган эмес. Сатып алса жакшы болмок эми… Бирок мен кандай өлкөдө жашап жатканымды билем да. Америкадагыдай автордук укугумду коргоп бергиле деп кимге кайрылам? Андайды биздин неберелерибиз көрөт го… Ырды элдин арасында жаңырсын, бирөөлөрдүн сүйүүсүнө себеп болсун деп чыгарасың да. Ыр сенден чыктыбы, болду, ал элдики болуп калат.

— Сиздин оюңуз боюнча учурдагы шоу-бизнестин абалы кандай? Азыркы ырлар кийинки муунга жетет деп ишенесизби?

— Кээ бир жаштардын ырлары ааламдашуу келе жатканынан кабар берет. Аларды "обон" деп айтууга да ооз барбайт. Чет өлкөнүн стилинде жазылып, эч кыргыз жыттанбайт. Албетте бул өкүндүрөт. Ансыз деле жери, калкы аз улут болсок кыргыздын кайрыктарын сактап муундан муунга беришибиз керек. Азыр Америка, Корея, Түркиянын обонуна сөз жаза салып ырдап жүрүшөт. Деген менен балдардын да күнөөсү жок. Алар да ошондой ырларды угуп чоңоюп калган. Азыр өзүбүздүн багытты тандай албаган, мамлекеттик идеология жок, адашуу же адашпоонун жолунда турабыз.

— Сизге шакирт болуп тарбия алам деген жаш таланттар кантип кайрылса болот?

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, КРдин эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Бегалиев: музыка деп айылдан ыйлап качып чыккам
— Учурда 20га чукул шакирт балдарым бар. Азыр мага келгиле десем, эртең 100 баланын курчоосунда калам. Менден тарбия алам дегендер биринчи шакирттериме шакирт болуп ылдый жактан даяр болуп келиши керек. Мындайча айтканда, мага келгенде "төө десе төө, бээ десе бээ" деп калышы керек. Кыздар менен Маядан кийин иштеше элекпиз. Бирок ушул күздө бир долбоорго кыздарды да алууну ойлоп жатабыз.

— Өзүңүз кайсы ырчыларды кумир тутасыз?

— Бала чактан эле италиялык композитор Тото Кутуньону, СССРден Вячеслав Добрынинди кумир тутуп келем. Ал эми кыргыз ыр дүйнөсүнөн Исрадин Аманбаев, Ибрагим Жунусов, Чубак Сатаев жана Тургуналы Нурматов агайларыбыздын ырларын абдан көп ырдадым. Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдин чыгармаларын ата-энем ырдап, мен аккордеон тартып берчүмүн. Ушул инсандардын обондору менен тарбияландым, алар мага сабак бербесе да мугалимим деп эсептейм.

© Sputnik / Табылды КадырбековБек Борбиев: эл мени жеке жашоом үчүн эмес, ырчы катары сыйласа дейм
Заслуженный артист Кыргызской Республики, певец Бек Борбиев - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: эл мени жеке жашоом үчүн эмес, ырчы катары сыйласа дейм

— Көрө албастык, достуктан тайып кетүү жагынан шоу-бизнес менен саясатты окшоштурушат. Буга кошуласызбы?

— Мен азыркы шоу-бизнесте жүргөндөрдүн аксакалы болуп калдым. Улуу-кичүү дебей сөзүмдү угат, эки адам келишпей калса маселе чечүүгө жардам сурашат. Ошон үчүн ынтымак бар. Бизди саясатка салыштырып айтууга болбойт. Саясатта жүз жок, жүзүн да эч ким көргөн эмес экен. Шоу-бизнес адамдардын жакшылыгына гана кызмат кылган дүйнө. Бирок бири-бирисиз жашай албай турганын шайлоодо көрдүк. Артисттердин жанына келип "биз да жакшы адамбыз" деп эл алдында туруп калышат. Эл ага алданат да добушун бере берет.

— Анда сиздер да элди алдоого катышып жатасыздарбы?

Белгилүү куудул Тынар Курбаналиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Тынар Курбаналиев: өзүм саясатка барбайм, бирок бийликти сындаганымды токтотпойм
— Бул эл аралык практикада бар. Кимдин акчасы көп болсо, ошол алдыңкы ырчыларды алып кетет. Эл өзү аңдап ырчыга карап эмес, программасын окуп, анан добушун бериши керек. Менин үч эле принцибим бар. Биринчиси — ал партия кыргыз элине душмандык кылбашы керек, экинчиси — келечек үчүн күрөшү керек, үчүнчүсү — улуттук баалуулуктарды тебелебеши керек. Башкысы ушул нерселерди сактасын, ал эми өлкөнү кайсы жол менен өнүктүрөрү өзүнүн иши.

— Өзүңүз да жогорку трибунадан сүйлөө үчүн саясатка барайын деген оюңуз барбы?

— 2010-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен катышып өтпөй калганбыз же өткөрбөй коюшкан. Кийинки шайлоодо дагы талапкерлигимди коюшум мүмкүн. Анда партия үчүн эмес, карапайым эл жана өнөрпоздор үчүн иштөөгө барам. Белгилей кетсем, Бажы тармагына Акаевдин убагында орношуп Бакиевдин бийлиги бүткөнгө чейин башкы инспектордон көтөрүлгөн эмесмин. Социалдык тармактан "аябай көп жесеңиздер керек" деп жазып калышат. Бирок Атамбаевдин убагында бийликке аябай көп каяша айткандыктан бажыдагы ишим боюнча тыкыр текшерип чыгышты. Эгер кынтык тапса мени биринчи болуп камаса керек эле. Маданият министрлигинин орун басарлыгына эки жолу сунуш түшкөндө барбай койгом.

— Бир жылдары концерт коё албай көп убарагерчилик тарттыңыз окшойт…

— Үч жыл Бишкекте зал берилбей калды. Ал тургай мамлекеттик теле жана радиолордон ырларымды алып салышты. Буга чейин чыгармачыл адамдарга мындай кысым болгон эмес. Мен ага капа деле болгон жокмун. Ал адамдын жеткен деңгээли ошол болсо не кылабыз.

— Эң биринчи ырыңыз телерадиодон чыкканы эсиңиздеби?

— 1990-жылы Ош ТВга барып түшкү тамактануу учурунда 35 мүнөткө 8 ырымды касетага жаздырдык. Аны жатаканадагы балдарга эле уктурайын дегем. Анан атам арык чыгарып бер дегенинен айылга кеттим. Бир күнү кечинде карындашым "сизди радиодон уктум" деди. Таң калып "болушу мүмкүн эмес" деп койдум. Эртеси угуп жатсам менин ырымды берип калды. Аябай толкундандым. Көрсө Ош ТВда кызматкерлер угуп калып, жактырып, радиолорго таратып, касеталарын чыгарып ийиптир. Достор менен отуруш өткөрүп ал касеталар жоголуп кетти. Анан окуум башталганда баягы касетамды алып алайын деп Ошко бардым. Күзөтчү атымды сураганда Бек Борбиевмин десем ичине чуркап кирип кетти. Бир аздан кийин беш-алты киши чыгып, ал убакта сыйлуу арагын коюшту. Анда бир бөтөлкө арак эки койдун баасына барабар эле. Өзүм да түшүнбөй адаштырып алдыңар десем, "Бек Борбиевсиңби?" дейт, ооба десем, куя башташты. Көрсө мен айылдан келгенче ырларым Ошто популярдуу болуп кетиптир.

— Эр жигитке айылынан өткөн кымбат жер жок дейт. Кичи мекениңизди эмнеси менен эстейсиз?

Отечественный исполнитель Гулжигит Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Сатыбеков: жакында ырларымды радиодон алдырам
— Айылды үзүлүп түшүп сагынганга чейин чыдабайм, тез-тез барып турам. Ал эми балалыгым өткөн айылды эстегенде көйгөй башталат. Анткени ал жер Токтогул суу сактагычынын алдында калып калган. Жолдошторум менен айылдарына барып калсак, "бул дарактын түбүндө көлөкөлөчү элек, тиги арыктан аттап ойночубуз" деп айтып калса мен суктануу менен угам. Анткени менин ойногон жерлеримдин баары суу астында калган. Биз ал жактан мен жетидеги кезимде көчүп кеткенбиз. Айылды элес-булас билем, суу алдында калбаганда көп ирмемдер эсте калат беле…

— Балдарыңыздын арасынан жолуңузду жолдоочулар чыктыбы?

— Улуу кызым турмушка чыгып, эки кыз жана эгиз уулдардын энеси болуп калды. Экинчи уулум былтыр үйлөндү. Андан кийинкиси иштеп-окуп жүрөт. Баары эле ишкерлик менен алектенет. Кичүү кызым мектеп окуучусу. Эми неберелеримди көрө жатаарбыз.

— Сиздин жеке жашооңуз тууралуу артыңыздан көп сөз ээрчийт. Муну үй-бүлөңүз кандай кабыл алат?

— Жубайым жаш кезинен бери мындай ушак, жаман сөздөргө көнүп калган. Жыкында сахнада жүргөнүмө 30 жыл болот, бул аралыкта популярдуу болуп жүрдүм да. Жаш кезде интернет жок болсо да үйдүн эшигине кат таштап кеткендер болгон. Ал эми бул теманы талкуулоого балдарымдын акысы жок, талкуулашпайт дагы. Жеке жашоо "жеке" делгени үчүн жеке да. Муну эч ким менен талкуу кылбайм. Мен бирөөнүн жеке жашоосуна кызыкпайм. Ошондой эле менин жеке жашоомо бирөө кийлигишсе ал кишини жаман көрөм. Социалдык тармакта ушул тууралуу суроолорду берсе дароо эле аны блоктоп салам. Алардын акысы жок деп ойлойм. Үйдө жакшы ата экенимди, жакшы иш, дыйканчылык кылганымды же спортчу экенимди сыйлаштын кереги жок. Мени күйөрмандарым ырчы, ырлардын автору катары сыйлашса дейм. Күйөрман менен ырчынын ортосундагы мамиле ушул нерсе менен токтош керек деген пикирдемин. Бирок, тилекке каршы, сиз айткандай кызыкканы кызыккан. Менин жашоомду кино сыяктуу күнүгө көргүсү келгендер бар. Эгер менин ырларым, баскан-турганым жакпаса достуктан чийип койсун да.

— Балким буга сиздин сүйүү жана кыздардын атынан атап ырдаган ырларыңыз себеп болуп жаткандыр…

— Андай да болушу мүмкүн (күлүп). Азыр эсиме түшүп кетти. Мен ырдап жатканда күйөөсү келип телевизорду өчүрүп же башка каналга которуп коёт экен. Эми бул табигый нерсе, аялың башка бирөөнү жакшы көрүп бартса кызганасың да. Деген менен ал мени канчалык жакшы көрбөсүн, мен ал тууралуу билбейм да. Кийин ал жубайлар түшүнүшүп, жетелешип концерттерге келип калат. Артисттерден аялын кызгануу болуп келген, боло берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0