КРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев атасынын айтканынан чыкпай жүрсө мыкты футболчу болмок. Бирок футбол ойноо анын көңүлүнөн калган. Ал маек учурунда депутат болуу кыялын кыйытып, жеке жашоосун сериал сымал күзөткөн күйөрмандарына чечкиндүү пикирин билдирди. Анда жакшылап жайланышып алып, легендага айланган ырчынын маегине назар салыңыз.
— Учурда эки адамдын башы бириккен жерде футболдон кеп салышууда. Сиз да дүйнө чемпионатын калтырбай көргөн күйөрмандардын катарына кошуласызбы?
— Атам студент кезинде мени мойнуна көтөрүп стадионго барып дарбазанын тешигинен футбол көрчү экен. Акча жок, стипендия алган күнү гана билет менен кирчү. Мен туулгандан бир жыл мурун өзбекстандык футболчу Берадор Абдираимов СССРдин чемпиону болуптур. Анда азиялыктардын чемпион болушу түшкө кирбеген нерсе экен. Атам ошого аябай сүйүнүп ошонун урматына койгон экен. Аяш атамдарга "Кыргызстандан Берадор Борбиев деген күчтү футболчу чыгат" деп айтып жүргөнү эсимде. Атам футбол көргөндө эт салынып, бешбармак даярдалып, телевизордун маңдайына төшөк калың салынып, жаздыктары коюлган болоор эле. Ал күнү үйдө ызы-чуу жок, чымындын үнү угулуп турчу. Анан жалгыз же достору менен отуруп кыйкырганда коңшуларга чейин жетчү.
— Сизди футболчу кылдыбы анан?
Студент кезде баскетбол, волейбол, бокс, күрөш, жада калса шахматтан жакшы ойночумун. Бирок футболду болушунча өзүмдөн алыстатып, балдар футболго барса, мен башка залга кетчүмүн. Азыр чоң-чоң мелдештерге күйөрмандык гана кылам. Дүйнөлүк чемпионаты көрүп турам.
— Атаңыз ырчы болом дегенде кандай кабыл алды?
— Демек сизге бул өнөр кан аркылуу эмес, Токтогулдун суусунан келген окшойт…
— Ооба. Чынында эле биздин урукта ырчылар болбоптур. Бирок атам менен апам отуруштарда ырдап калчу. Бирок андан өйдө көтөрүлгөн эмес. Сиз айткандай мага бул өнөр Токтогулдун суусунан же тузунан келди окшойт.
— Эми чыгармачылыгыңызга кайтсак. Учурда эмне менен алектенип жүрөсүз? Мурдагы гостролдор азыр тойлорго алмашып кетти деп калышат…
— Азыр күздөгү концерттерге даярданып ырларды жазып, клиптерди тарттырып жатабыз. Буюрса сентябрда Бишкектен баштап өлкөнүн чоң-чоң район шаарларын кыдырып келебиз. Анан үзүлүп түшүп тойлорго бара бербейм. Жумасына бир-эки жолу гана чыгып турам.
— Чыгарган ырларыңыздын саны канчага жетип калды?
— Өзүм аткарган, бирөөгө жазып бергендерди кошкондо 500дөн ашса керек. Аны эсептөөгө деле негиз жок го дейм. Ыр элдин жүрөгүндө калыш керек. Акындар менен кээде эле иштешпесем, ырларымдын сөзүн көбүнчө өзүм жазам. Ал эми обондордун баары өзүмө таандык. Өзүм обончу болгондуктан башкаларга обон жазып бер деп барган эмесмин.
— Мыкты чыгармалар өзүң жон териң менен сезген окуялардан улам жаралат дешет. Ырларыңыз жеке жашооңуздан да алынабы?
— 10 ырды өзүңдүн турмушуңдан жазсаң болот. Баарын алып жазыш кыйын, айланаңдагы адамдардын, көркөм чыгармалардын таасиринин улам жаралат.
— Сиздин ырларыңызды көбү аткарып жүрөшөт. Канча ырчыга уруксат бергенсиз?
— Канча ырчы аткарганы эсимде жок, менимче ырдабагандарды эсептөө жеңил болсо керек. Азыр байланышуу жеңил болуп калбадыбы, мурдагыдай "сизди таппай калдык" дей албайт. Уруксат сурашат, макул болсок айрымдары сөздөрүн бурмалап иет. Анан менден тил угушат. Бир жолу мага жөнөтүп койсо кайра оңдоп жиберем да.
— Ырларыңызды патенттеп, коммерциялык багытта дагы иштейсизби?
— Жаш кезде патенттеп жүргөм, азыр андай болбой калды. Кээде казакстандыктар сатып алышат. Бирок ал жакта деле досторум көп, аларга бекер да. Ал эми Кыргызстанда бири да сатып алган эмес. Сатып алса жакшы болмок эми… Бирок мен кандай өлкөдө жашап жатканымды билем да. Америкадагыдай автордук укугумду коргоп бергиле деп кимге кайрылам? Андайды биздин неберелерибиз көрөт го… Ырды элдин арасында жаңырсын, бирөөлөрдүн сүйүүсүнө себеп болсун деп чыгарасың да. Ыр сенден чыктыбы, болду, ал элдики болуп калат.
— Сиздин оюңуз боюнча учурдагы шоу-бизнестин абалы кандай? Азыркы ырлар кийинки муунга жетет деп ишенесизби?
— Кээ бир жаштардын ырлары ааламдашуу келе жатканынан кабар берет. Аларды "обон" деп айтууга да ооз барбайт. Чет өлкөнүн стилинде жазылып, эч кыргыз жыттанбайт. Албетте бул өкүндүрөт. Ансыз деле жери, калкы аз улут болсок кыргыздын кайрыктарын сактап муундан муунга беришибиз керек. Азыр Америка, Корея, Түркиянын обонуна сөз жаза салып ырдап жүрүшөт. Деген менен балдардын да күнөөсү жок. Алар да ошондой ырларды угуп чоңоюп калган. Азыр өзүбүздүн багытты тандай албаган, мамлекеттик идеология жок, адашуу же адашпоонун жолунда турабыз.
— Сизге шакирт болуп тарбия алам деген жаш таланттар кантип кайрылса болот?
— Өзүңүз кайсы ырчыларды кумир тутасыз?
— Бала чактан эле италиялык композитор Тото Кутуньону, СССРден Вячеслав Добрынинди кумир тутуп келем. Ал эми кыргыз ыр дүйнөсүнөн Исрадин Аманбаев, Ибрагим Жунусов, Чубак Сатаев жана Тургуналы Нурматов агайларыбыздын ырларын абдан көп ырдадым. Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдин чыгармаларын ата-энем ырдап, мен аккордеон тартып берчүмүн. Ушул инсандардын обондору менен тарбияландым, алар мага сабак бербесе да мугалимим деп эсептейм.
— Көрө албастык, достуктан тайып кетүү жагынан шоу-бизнес менен саясатты окшоштурушат. Буга кошуласызбы?
— Мен азыркы шоу-бизнесте жүргөндөрдүн аксакалы болуп калдым. Улуу-кичүү дебей сөзүмдү угат, эки адам келишпей калса маселе чечүүгө жардам сурашат. Ошон үчүн ынтымак бар. Бизди саясатка салыштырып айтууга болбойт. Саясатта жүз жок, жүзүн да эч ким көргөн эмес экен. Шоу-бизнес адамдардын жакшылыгына гана кызмат кылган дүйнө. Бирок бири-бирисиз жашай албай турганын шайлоодо көрдүк. Артисттердин жанына келип "биз да жакшы адамбыз" деп эл алдында туруп калышат. Эл ага алданат да добушун бере берет.
— Анда сиздер да элди алдоого катышып жатасыздарбы?
— Өзүңүз да жогорку трибунадан сүйлөө үчүн саясатка барайын деген оюңуз барбы?
— 2010-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен катышып өтпөй калганбыз же өткөрбөй коюшкан. Кийинки шайлоодо дагы талапкерлигимди коюшум мүмкүн. Анда партия үчүн эмес, карапайым эл жана өнөрпоздор үчүн иштөөгө барам. Белгилей кетсем, Бажы тармагына Акаевдин убагында орношуп Бакиевдин бийлиги бүткөнгө чейин башкы инспектордон көтөрүлгөн эмесмин. Социалдык тармактан "аябай көп жесеңиздер керек" деп жазып калышат. Бирок Атамбаевдин убагында бийликке аябай көп каяша айткандыктан бажыдагы ишим боюнча тыкыр текшерип чыгышты. Эгер кынтык тапса мени биринчи болуп камаса керек эле. Маданият министрлигинин орун басарлыгына эки жолу сунуш түшкөндө барбай койгом.
— Бир жылдары концерт коё албай көп убарагерчилик тарттыңыз окшойт…
— Үч жыл Бишкекте зал берилбей калды. Ал тургай мамлекеттик теле жана радиолордон ырларымды алып салышты. Буга чейин чыгармачыл адамдарга мындай кысым болгон эмес. Мен ага капа деле болгон жокмун. Ал адамдын жеткен деңгээли ошол болсо не кылабыз.
— Эң биринчи ырыңыз телерадиодон чыкканы эсиңиздеби?
— 1990-жылы Ош ТВга барып түшкү тамактануу учурунда 35 мүнөткө 8 ырымды касетага жаздырдык. Аны жатаканадагы балдарга эле уктурайын дегем. Анан атам арык чыгарып бер дегенинен айылга кеттим. Бир күнү кечинде карындашым "сизди радиодон уктум" деди. Таң калып "болушу мүмкүн эмес" деп койдум. Эртеси угуп жатсам менин ырымды берип калды. Аябай толкундандым. Көрсө Ош ТВда кызматкерлер угуп калып, жактырып, радиолорго таратып, касеталарын чыгарып ийиптир. Достор менен отуруш өткөрүп ал касеталар жоголуп кетти. Анан окуум башталганда баягы касетамды алып алайын деп Ошко бардым. Күзөтчү атымды сураганда Бек Борбиевмин десем ичине чуркап кирип кетти. Бир аздан кийин беш-алты киши чыгып, ал убакта сыйлуу арагын коюшту. Анда бир бөтөлкө арак эки койдун баасына барабар эле. Өзүм да түшүнбөй адаштырып алдыңар десем, "Бек Борбиевсиңби?" дейт, ооба десем, куя башташты. Көрсө мен айылдан келгенче ырларым Ошто популярдуу болуп кетиптир.
— Эр жигитке айылынан өткөн кымбат жер жок дейт. Кичи мекениңизди эмнеси менен эстейсиз?
— Балдарыңыздын арасынан жолуңузду жолдоочулар чыктыбы?
— Улуу кызым турмушка чыгып, эки кыз жана эгиз уулдардын энеси болуп калды. Экинчи уулум былтыр үйлөндү. Андан кийинкиси иштеп-окуп жүрөт. Баары эле ишкерлик менен алектенет. Кичүү кызым мектеп окуучусу. Эми неберелеримди көрө жатаарбыз.
— Сиздин жеке жашооңуз тууралуу артыңыздан көп сөз ээрчийт. Муну үй-бүлөңүз кандай кабыл алат?
— Жубайым жаш кезинен бери мындай ушак, жаман сөздөргө көнүп калган. Жыкында сахнада жүргөнүмө 30 жыл болот, бул аралыкта популярдуу болуп жүрдүм да. Жаш кезде интернет жок болсо да үйдүн эшигине кат таштап кеткендер болгон. Ал эми бул теманы талкуулоого балдарымдын акысы жок, талкуулашпайт дагы. Жеке жашоо "жеке" делгени үчүн жеке да. Муну эч ким менен талкуу кылбайм. Мен бирөөнүн жеке жашоосуна кызыкпайм. Ошондой эле менин жеке жашоомо бирөө кийлигишсе ал кишини жаман көрөм. Социалдык тармакта ушул тууралуу суроолорду берсе дароо эле аны блоктоп салам. Алардын акысы жок деп ойлойм. Үйдө жакшы ата экенимди, жакшы иш, дыйканчылык кылганымды же спортчу экенимди сыйлаштын кереги жок. Мени күйөрмандарым ырчы, ырлардын автору катары сыйлашса дейм. Күйөрман менен ырчынын ортосундагы мамиле ушул нерсе менен токтош керек деген пикирдемин. Бирок, тилекке каршы, сиз айткандай кызыкканы кызыккан. Менин жашоомду кино сыяктуу күнүгө көргүсү келгендер бар. Эгер менин ырларым, баскан-турганым жакпаса достуктан чийип койсун да.
— Балким буга сиздин сүйүү жана кыздардын атынан атап ырдаган ырларыңыз себеп болуп жаткандыр…
— Андай да болушу мүмкүн (күлүп). Азыр эсиме түшүп кетти. Мен ырдап жатканда күйөөсү келип телевизорду өчүрүп же башка каналга которуп коёт экен. Эми бул табигый нерсе, аялың башка бирөөнү жакшы көрүп бартса кызганасың да. Деген менен ал мени канчалык жакшы көрбөсүн, мен ал тууралуу билбейм да. Кийин ал жубайлар түшүнүшүп, жетелешип концерттерге келип калат. Артисттерден аялын кызгануу болуп келген, боло берет.