Өз киндигин өзү кескен Шайлообек Дүйшеев. Акын тууралуу 5 факты

© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваБүгүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин архивдик сүрөтү
Бүгүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин туулган күнү. Калемин колунда түшүрбөй, поэзияга башын байлаган акын, журналист 68 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги үзүрлүү эмгектенип чарчабаган калемгер жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кыйынчылыкта өткөн балалык. Акын Шайлообек Дүйшеев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында 1950-жылы 23-февралда жарык дүйнөгө келген. Үч жашында атасынан айрылып, апасы аны чоң энесинин колуна калтырып кетет. 13 жашка чыкканда жалгыз таянар тоосу болгон чоң энеси көз жуумп, эже-жездесиникинде чоңойгон. Жаш талант үйүнөн алты чакырым алыстыкта жайгашкан мектепке жөө барып келип окуган.

© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваПайгамбар курагынан өткөн айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев жубайы Зейне менен беш баланын ата-энеси
Пайгамбар курагынан өткөн айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев жубайы Зейне менен беш баланын ата-энеси - Sputnik Кыргызстан
1/4
Пайгамбар курагынан өткөн айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев жубайы Зейне менен беш баланын ата-энеси
© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваАкын "Манас" эпосунун негизинде жазылган "Эки дөөнүн кармашы" аттуу поэтикалык чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон
Акын Манас эпосунун негизинде жазылган Эки дөөнүн кармашы аттуу поэтикалык чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
2/4
Акын "Манас" эпосунун негизинде жазылган "Эки дөөнүн кармашы" аттуу поэтикалык чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон
© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваСөз баккан Дүйшеев жакында улуу жазуучу Чынгыз Айтматов жөнүндө ырын жазып бүтөрүн айтты
Сөз баккан Дүйшеев Сөз баккан Дүйшеев жакында улуу жазуучу Чынгыз Айтматов жөнүндө ырын жазып бүтөрүн айттыулуу жазуучу Чынгыз Айтматов жөнүндө ырын жазып бүтөрүн айтты - Sputnik Кыргызстан
3/4
Сөз баккан Дүйшеев жакында улуу жазуучу Чынгыз Айтматов жөнүндө ырын жазып бүтөрүн айтты
© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваШайлообек Дүйшеев жубайы, Мухтар Өмүракунов жана Султан Жумагулов менен
Шайлообек Дүйшеев жубайы, Мухтар Өмүракунов жана Султан Жумагулов менен - Sputnik Кыргызстан
4/4
Шайлообек Дүйшеев жубайы, Мухтар Өмүракунов жана Султан Жумагулов менен
1/4
Пайгамбар курагынан өткөн айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев жубайы Зейне менен беш баланын ата-энеси
2/4
Акын "Манас" эпосунун негизинде жазылган "Эки дөөнүн кармашы" аттуу поэтикалык чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон
3/4
Сөз баккан Дүйшеев жакында улуу жазуучу Чынгыз Айтматов жөнүндө ырын жазып бүтөрүн айтты
4/4
Шайлообек Дүйшеев жубайы, Мухтар Өмүракунов жана Султан Жумагулов менен

Эмгек, эмгек… Окууну бүтөөрү менен аскерге кызмат өтөгөнү кетип, кичи мекенине келгенде куруучу, райондук гезитте кабарчы болуп иштей баштайт. Өз киндигин өзү кескен акын Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1980-жылдан тарта "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук телерадиокомитетинде редактор, Фрунзедеги филармонияда адабий бөлүмдү жетектеп иштеген. Өлкө эгемендүүлүк алган соң "Ала-Тоо", "Кыргызстан маданияты", "Асаба", "Агым" басылмаларында эмгектенип, курч макалаларын жарыялаган.

Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Кайран элге күйгөн, Tico айдаган Доке. Дооронбек Садырбаев тууралуу 7 факты
Поэзияга арбалган өмүр. Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты поэзияга кадам мектепте окуп жүргөндө кыздарга арнап жазган ырларынан башталганын эскерет. Өзүнүн чыгармачылык жолунда башкалардан айырмаланган кошок, дастан, поэма, лирикалык жана публицистикалык ырларын жараткан. Анын бир топ ырлары обонго салынып эл арасында ырдалууда. Учурда кара сөз менен жазылган көлөмдүү "Агындылар" чыгармасы окурмандардын колунан түшпөй окулуп жатат. Сөз баккан Дүйшеев жакында улуу жазуучу Чынгыз Айтматов жөнүндө ырын жазып бүтөрүн айтты.

Эмгекчилдиктин жемиши. Кыргыз эл акыны II жана III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгын алган. Ошондой эле ал "Манас" эпосунун негизинде жазылган "Эки дөөнүн кармашы" аттуу поэтикалык чыгармасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.

© Фото / из личного архива Шайлообека ДуйшееваЖубайлар азыр он неберенин кучагында дөөлөттүү көз ирмемдерди өткөрүүдө
Кыргызский народный акын Шайлообек Дуйшеев - Sputnik Кыргызстан
Жубайлар азыр он неберенин кучагында дөөлөттүү көз ирмемдерди өткөрүүдө

Аксакал журналист жана чоң ата. Шайлообек Дүйшеев 70 жашка жакындап калганына карабай журналистиканын казанында кайнап келет. Узак убакыттан бери "Азаттык" радиосунда "Сөз дайра", "Басма сөзгө баяндама" уктурууларын алып барып, макалаларды жазып турат. Пайгамбар жашынан өтүп калган акын байбичеси Зейне экөө үч кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Азыр алар он неберенин кучагында дөөлөттүү көз ирмемдерди өткөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0