БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Голливуддун чет элдик басылмалар ассоциациясы тарабынан берилген "Алтын глобус" сыйлыгынын уюштуруучулары "Мыкты чет элдик тасма" номинациясынын узун тизмесине кирген тасмаларды жарыялады.
Жалпы жонунан тизмеге 52 өлкөдөн 73 фильм киргизилген. Бул киносыйлыктын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.
Быйыл Кыргызстандын намысын Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы коргойт. Ал эми Борбор Азия аймагынан кыргызстандык тасмадан тышкары, Казакстандын "Токал" тасмасы ат салышмакчы.
"Алтын глобус" сыйлыгы жыл сайын январь айында Голливудда жашаган 90го чукул эл аралык журналисттердин добушу менен тапшырылат.