Ош шаары 3017 жылдыгын эки күн майрамдайт. Иш-чаралардын программасы

© Фото / Зульфия ТургуноваПраздование дня национального головного убора "Ак калпак" в Оше
Праздование дня национального головного убора Ак калпак в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар күнүнө карата бир нече маданий жана кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлөт. Андан тышкары, эки эс алуу багы колдонууга берилмекчи.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Ош шаарынын 3017 жылдыгына карата 4-5-октябрь күндөрү бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Шаар күнүнө арналган маданий иш-чаралардын программасы:

4-октябрда "Сулайман-Тоо — тынчтыктын жана ынтымактын символу" аттуу маданий иш-чара уюштурулат.

  • 10.00 —14.00 — "Нур" кинотеатрында мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр жана үй-бүлөлөргө арналган "Баарына бир дүйнө" кайрымдуулук-маданий акциясы;
  • 10.00 — Ош улуттук драма театрында адал жарманкеси;
  • 11.00-13.00 — "Светочь" мектебинин спорттук аянтында "Атам, апам жана мен — ынтымактуу үй-бүлө" аттуу музыкалык-спорттук мелдеш;
  • 12.00–16.00 — №52 орто мектепте (Ак-Тилек көчөсү) Ош шаарынын орто мектептери арасында "Баарыбыз бирге" аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу;
  • 17.00 — Исхак Раззаков атындагы эс алуу багынын ачылышы;
  • 18.00 — Ош улуттук драма театрында республикалык "Ак таңдай —2017" төкмө акындар айтышы.

Ал эми 5-октябрда шаар күнүнүн алкагында бир нече иш-чаралар пландалган.

  • 8.30-9.30 — Ош шаарынын күнүнө чакырылган расмий конокторду тосуп алуу аземи;
  • 9.00 — Мэриянын кичи залында "Ош Агро- II" айыл чарба форумунун расмий ачылышы;
  • 10.00-12.00 — Борбордук аянтта шаар күнүнө карата салтанаттуу аземдин ачылышы;
  • 12.00-12.30 — Өчпөс оттун жанында "Ош Агро —II" айыл чарба техникасынын көргөзмөсү;
  • 12.30-13.00 — Айыл чарба техникумунун аянтында "Күз берекеси" айыл чарба товарларынын жарманкеси;
  • 14.30-16.00 — "Жибек Жолу" эс алуу багынын ачылышы;
  • 14.00-16.00 — "Алымбек Датка", "Раззаков", "Ата Түрк", "Жеңиш" эс алуу бактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулат;
  • 19.00-22.00 — Борбордук стадиондо Кыргызстанга белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын катышуусу менен концерт.

Ош — Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Кыргызстандын эң ири шаарларынын бири. Башка шаарлардан үч миң жылдык байыркы тарыхы, эски мечиттери жана зыярат кыла турган касиеттүү Сулайман-Тоосу менен айырмаланып турат.

Ош шаарынын архивдик сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0