Кыргыз элинин бийик салттарынын бири — сүйүнчүлөө. Үйдө жакшылык болуп, бала төрөлүп, келин алып, жакын адамы алыс сапардан келгенде, баласы окууга өткөндө жана башка кандайдыр бир кубанычтуу окуя болгондо сөзсүз "сүйүнчү" айтылат. Булардын ичинен перзенттүү болгондо айтылган сүйүнчүнүн каадасы жана ырымы көп.
Сүйүнчүлөөнүн мааниси
Сүйүнчү деген сөздүн өзү жакшы сөз. Зарыгып күткөн, санаага салган, түн уйкуну бөлгөн жакшылыкты кабарлоодо "сүйүнчү" сөзүнүн биринчи айтылышы уккан адамдын жан дилин ошого буруп, сезимди толкуткан бурулушка даярдайт. Ал сөздү уккан адамдын жан дүйнөсү аңтарылып, кубанычка бөлөнөт, көңүлү көтөрүлөт.
Сүйүнчүлөө эрежеси
Сүйүнчү "Манас" эпосунда
"Манас" эпосуна абай салсак, Манас төрөлгөндө атасы Жакыпка сүйүнчүнү Акбалта айтып келет. Уулду болгонун уккан бай Жакып алгач эмне кыларын билбей дендароо болуп калган.
Айтканымды туюнчу
Арстаным Жакып, сүйүнчү!
Дегенимди туюнчу
Дегдеген Жакып, сүйүнчү!
Карыганда байбиче
Кабылан тапты, сүйүнчү!
Жобогондо байбиче
Жолборс тапты, сүйүнчү!
Жоголордо байбиче
Жолдош тапты, сүйүнчү!
Эриккенде байбиче
Эрмек тапты, сүйүнчү!
Кайгырганда байбиче
Каралды тапты, сүйүнчү!
Жакып муну угуп сүйүнгөндөн көпкө эс-учун жоготуп коет. Эсине келгенде Акбалтадан байбичесинин чын эле уул төрөгөнүн, аман-эсендигин кайта-кайта сурай берет. Катуу кубанганынан Акбалтага сүйүнчү бергенди да унутат. Акбалта тамашага чалып ушундай кубанычтуу кабары үчүн сүйүнчү бербей, сараӊданып турасың дегенсип тамашалап уяткарат. Анда Жакып күлүп, Акбалтага төмөнкүдөй жооп айтат:
Андай болсо Акбалта,
Эркеги буудан aт болду
Эр жигитке тараттым.
Ургаачысынын баарысын
Ак түлөөгө жараттым.
Үйүрү үч жүз болуптур,
Жашы үч асыйга толуптур.
Камбарбоздун үйрүнөн
Каалап туруп тогузду ал.
Төөдөн алгын төртөөнү.
Терт түлүк малдан төрт тогуз,
Балтам сага жетеби?… деп Жакып Акбалтаны ыраазы кылган.
Жашырып сүйүнчүлөө
Башкача айтканда, кыргыздар уул же кыз төрөлдү деп ачык айтпай уул төрөлсө, "бөрү", кыз төрөлсө, "түлкү" деп да сүйүнчүлөшкөн. Бир жагынан бул алардын мүнөздөрүнүн окшоштугунан (бөрүнүкү уулга, түлкүнүкү кызга) келип чыкса, экинчи жагы, бөбөктүн төрөлгөнүн жаман күчтөрдөн оолак кармоо үчүн да айтылган. Кыздын төрөлгөнүн "кырк жылкы" деп сүйүнчүлөгөн учурлар бар, мунун себеби түшүнүктүү — себеби атасы кызын күйөөгө узатканда калың алат. Бул салт XI кылымда жашап кеткен бабабыз Махмут Кашгаринин айтылуу "Сөздүгүнөн" учурашы бул жөрөлгөнүн көөнө мезгилдерден бери жашап келе жаткандыгын көрсөтөт.
Сүйүнчүнүн түрлөрү
Алыска сапарга кеткен адам кайтып келгенде да сөзсүз сүйүнчү айтылган. Айрыкча илгери согуштан аман-эсен кайтып келгендеги айтылган сүйүнчү өзгөчө болгону айтылып келет.
Сүйүнчүлөнө турган жакшылык көп болсун!