Алып баруучу Канышай Рысбекова: эфир үчүн ар түрдүү бут тосуулар болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВедующая программы "Тан шоола" Канышай Рысбаева
Ведующая программы Тан шоола Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таң атпай туруп боенуп, чач жасап, анан да миллиондогон көрүүчүлөрдүн алдында какап-чакап калбай, алардын маанайын көтөрүү чеберчилик, эмгек, эркти талап кылат эмеспи.

НТС телеканалынын "Таң шоола" берүүсүнүн алып баруучусу Канышай Рысбекова да теленин жүзү болуу кыялына жетип, акырындап ой-максатын иш жүзүнө ашырып келе жаткан мезгили. Ошондой эле Instagram социалдык баракчасында да активдүү колдонуучу болуп, поэзия жаатында өз өнөрүн тартуулап жүрөт.

Келечекке койгон максаттары бийик, тыпылдаган алып баруучуну Sputnik Кыргызстан агенттиги студияга чакырып маек курду.

Публикация от Канышай Рысбекова (@kanyshai_rysbekova1) Дек 22 2016 в 4:52 PST

— Instagram баракчаңа катталгандардын саны 40 миңден ашат экен. Ал жактан мынча дос күтүп, колдонуучулардын санын көбөйтүү оңой эмес го?

КТРКнын Ала-Тоомаалымат программасында диктор Нуржан Ташполот кызы маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Нуржан Ташполот кызы: маек алчу кишим "сиз жанагы Барбисизби" десе, чочуп кетипмин
— Социалдык тармак менин жашоомдо абдан чоң мааниге ээ. Анткени азыр адамдардын баары ошол жакта отурат. Жашоомдогу жакшы жаңылыктарды, иштеримди, долбоорлорду өзүмдүн баракчама дайыма жүктөп турам. Ал эми Instagram баракчама жазылган адамдардын саны кантип көбөйгөнү тууралуу айтсам. Өзүм негизи поэзияга жакынмын. Көркөм ырларды окуу менен эргүү алып, кээде кыйын учурлар болсо ыр окуу менен көңүлүмдү көтөрөм. Бир күнү орустардын саунд актерлорунун ушундай ырларды окуган видеоклиптерин көрүп калдым. Анан мен да телефонумду алып өзүмө жаккан ырларды окуп интернетке жүктөп койгом. Башында көп адам маани деле берген жок. Кийинчерээк сүйүү тууралуу бир ырды окусам, ошондон кийин баракчама катталгандар көбөйүп, жакшы ой-пикирлерин калтырып, "качан ыр окуйсуң" деп сурангандар чыга баштады. Бул нерсе менин кадимкидей жумушума айланып калды. Көпчүлүгү майда-барат нерседен тажап поэзияга суусап калганын сездим. "Менин ырымды окуп берчи деген акындар да көбөйдү. Атургай тамадалардан "тойлордо ыр окубайсыңбы" деген да сунуштар түшө баштады.

— Жакшы. Азыр адабият, поэзияга кызыккан жаштардын саны аз. Сенин поэзияга жакын болуп калганыңдын себеби болсо керек?

— Мен өзүм да кичинемен эле ыр жазчумун. Бирок аларды элге жарыялагандан уялам. Анткени мен-мен деген акын эже-байкелер ал ырларды укканда маанайлары чөгүп калабы деп корком. Өзүм адабиятка жакын болгондуктан да Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетине тапшыргам. Кесибим боюнча мугалиммин, окуумду быйыл аяктадым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлып баруучу Канышай Рысбекова: мен өзүм да кичинемен эле ыр жазчумун. Бирок аларды элге жарыялагандан уялам. Анткени мен-мен деген акын эже-байкелер ал ырларды укканда маанайлары чөгүп калабы деп корком
Ведующая программы Тан шоола Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Канышай Рысбекова: мен өзүм да кичинемен эле ыр жазчумун. Бирок аларды элге жарыялагандан уялам. Анткени мен-мен деген акын эже-байкелер ал ырларды укканда маанайлары чөгүп калабы деп корком

— Анан кесибиң боюнча иштейин деген ой барбы же журналистика тармагында эле каласыңбы?

— Биз азыр жашпыз, аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган убагыбыз. Буюрса эки жакты тең алып кетүүгө аракет кылам. Мугалимдик кесипке жакшы жерден сунуш түшүп жатат. Күз айынан тарта бул жаатта да өз күчүмдү сынап, балдарга билим бере баштайм.

— Бул кесип абдан оор, айлык акысы да аз деп көбү канааттанбайт. Бул сенин тандооңо тоскоол болбойбу?

— Алып баруучулук кызматтан деле аябай көп акча таппайбыз. Ал жакта өзүң үчүн иштейсиң да. Ал эми мугалимдик кесипти өзүм тандап окуган соң, эмнеге иштебешим керек.

— Сыр болбосо алып баруучулардын акысы кандай болот?

— Ар кандай. Эки гонорарымдын баасын кошкондо жакшы сапаттуу бир костюм алганга жетет.

Ала Тоо жаз жыттанып турат🌸 #кыргызкызы#кыргызжери#кыргызтоосу

Публикация от Канышай Рысбекова (@kanyshai_rysbekova1) Янв 28 2017 в 3:13 PST

— Instagram баракчасы да каражат табуунун бир булагы деп айтышат. Сенин деле досторуң аз эмес экен. Ал жактан сен да каражат таап же кээ бир кызматтарды бекер колдонусуңбу?

Телеведущая и актриса Назира Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова менен Искендер Шаршеев: ажырашууга аргасыз болдук
— Ооба, мисалы мага сулуулук салондордон чачыңды жасап беребиз же бетиңди тазалап, макияж коюп беребиз деген сунуштар түшөт. Жогоруда айтып кеткендей журналист, алып баруучулардын айлык маянасы көп эмес, андыктан өзүбүздү карап жүрүүгө жакшы эле өбөлгө түзүп берет. Бирок мен башка адамдардай "бир постума мынча бергиле" дебейм, эгер кызмат купулума толсо жөн деле киргизип коем.

— Теле жаатында анын ичинде алып баруучу болуу оңой эмес. Кесибиң мугалим болсо да кандайча алып баруучулукту аркалап калдың?

— Эфирге чыгып, алып баруучу болуу менин кыялдарымдын бири болчу. Бирок ата-энем таптакыр журналист болуума каршы чыккан. Студент кезимде ата-энеме айтпай КТРКга барып теле тармагынын "ашканасын" өздөштүрдүм. Андан соң НТС телеканалына журналист болуп атайын репортаж, сюжеттерди жасаганды үйрөндүм. Бир күнү "мени алып баруучу катары байкап көрбөйсүңөрбү" десем, жетекчилик "сен азыр жашсың, тажрыйба топтошуң керек" деп койгон. Таарынып, ЭлТР каналына барып Замир Казакбаев деген агайдан сабак алып, ошол жакта эфирге чыгып, кыялымды орундаттым. Ошол агайдын артынан көп нерсени үйрөнүп, ал бизге ааламга жол ачып берүүгө жардам берди. Чындыгында алып баруучу болуу оор нерсе экен. ЭлТР телеканалынан көп сыноолорго кабылып, эфир болгон жерде интрига да көп болооруна ынандым. Бирок сынган жокмун, андай нерселер мени ого бетер такшалтты. Андан соң кайра НТС телеканалына келип алып баруучу болуп калдым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлып баруучу Канышай Рысбекова: алып баруучулук кызматтан деле аябай көп акча таппайбыз. Ал жакта өзүң үчүн иштейсиң да
Ведующая программы Тан шоола Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Канышай Рысбекова: алып баруучулук кызматтан деле аябай көп акча таппайбыз. Ал жакта өзүң үчүн иштейсиң да

— Алып баруучу болууну самап жүргөн кыздар макаланы окуп калса аларга эмне деп айтат элең?

Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Светлана Акматалиева: президент Атамбаев атыман атап тосуп алганда аябай сүйүнгөм
— Кандай максат көздөбө эң алгач каалоо күчтүү болушу керек. Эгер адамдын каалоосу болсо ал түрдүү тоскоолдукту жеңет жана келбет деген нерселер да негизги маселе болбой калат. Мисалы, Голливуд актеру Брюс Уиллис убагында кекеч болчу экен. Кийин актер болуп роль жаратканда образга берилип, кекечтиги жоголуп кетчү экен. Мындан улам каалоо болсо көздөгөн максатка жетүү оңой деп айтып кетет элем. Андан соң адамдан интеллект талап кылынат. Башкача айтканда канчалык көп китеп окуп, маалымат алып, жаңы бир нерсени үйрөнүп турса ал адам бир гана алып баруучу эмес, бардык жактан өз ордун таба алган инсан боло алат.

— Алып баруучу болуш үчүн таанышың же акчаң да негизги орунду ээлейт дейт. Буга кошуласыңбы?

— Жок, азыр андай заман эмес. Азыр аракет кылгандардын заманы. Мен өзүмдүн күчүм менен баарына жетип келе жатам. Ата-энем карапайым эле адамдар. Эң негизгиси адам өзүнөн. Өзүнүн күчүнө ишенсе эч ким ага тоскоол боло албайт.

— Таң атпай туруп боенуп, чач жасап, анан да какап-чакап калбай камера алдында өзүңдү эркин алып, элдин маанайын көтөрүп айтор сага таңкы берүү алып баруу кыйын эмеспи?

— Таңкы беште турам. Беш жарымда кызматтык унаа бизди үйдөн алып кетет. 6:00дөн 7ге чейин боенуп, кийинип, текстимди караганга жетишем. Өзүм абдан ыкчам кыймылдагандыктан баарына жетишүүгө аракет кылам. Мен көп деле боенбойм, ага караганда чачыма көп көңүл бурам. Кудайга шүгүр азыр жашпыз, келбетибиз көп деле косметиканы талап кылбайт.

— Эфирге кийимди өзүңөр эле алып киесиңерби?

— Өзүбүз эле кийинебиз, бирок кээде телеканал да дүкөндөр менен сүйлөшүп алып берген учурлар болот.

— Сени ар түрдүү клип, жарнамаларга тартылып жүргөнүңдү да көрүп калабыз. Тасмаларда роль жаратуу оюңда жокпу?

— Буюрса, август айында тасманын үстүнөн иштейли деп жатабыз. Бирок менде актердук билим, чеберчилик жок болгондуктан ушул күнгө чейин уялып келем. Анткени ар бир нерсени өзүнүн ишин билген адам жасаса жакшы болот го. Азыр актердук чеберчилик боюнча сабактарды алып жатам.

— Чоң иш-чара, фестивалдарды алып бара баштадыңбы?

— Азыр мен жаңы өсүп, такшалып келе жаткан алып баруучумун. Буюрса аз-аздан чакыруулар болуп жатат.

— "Кыздын бараар жери күйөө" дейт эмеспи. Кокустан турмушка чыккандан кийин жолдошуң алып баруучулук, журналист болууну токтот десе эмне кыласың?

— Өмүр бою теле жаатында жүрүшүм керек деген чектөөлөр менде жок. Келечекте өзүмдү кайрымдуулук долбоорлорун жасаган, бир кишинин болсо да жашоосун өзгөрткөнгө салым кошкон адам катары көрөм. Эгер жолдошум экөөбүз бири-бирибизди түшүнсөк бул мен үчүн чоң деле маселе жаратпайт. Үй-бүлө күтүп, балдарды тарбиялап, жакшы кожойке болсоң бул деле аял үчүн чоң жетишкендик.

— Жигиттердин кандай сапаттарын баалайсың?

Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Саматова: жакшы жигит болсо кыздар деле биринчи кадам жасашы керек
— Мырзада жоопкерчилик, айкөлдүк, эр жүрөктүк ушул үч сапат болсо менин гана эмес, бардык эле айымдын жүрөгүнөн түнөк табат болуш керек. Бирок эгер бир адамды жакшы көрүп калсаң анын жаман жагы сага көрүнбөй калат. Ал эми жакпаган киши болсо анын артыкчылыгы сага кемчиликтей сезилет. Мисалы, мага Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романындагы Нүзүптүн образы жагат. Кээде болочок жолдошум ушундай сапаттарга ээ болсо деп ойлоп коем.

— Артыңан жүгүргөн мырзалар көппү?

— Сүйүүсүн арнап, сөз айттырган мырзалар бар, бирок мен өзүмдүн жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин.

— Кыргыздарда жаман бир адатыбыз бар жерлигин сурай беребиз. Анан сураштыра келсең эле тууган же куда болуп чыга келет. Салтты бузбай мен да бул суроону узатайын. Кайсы жактын сулуу кызы болосуң?

— Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлүп өскөм.

Жаңылыктар түрмөгү
0