Назира Айтбекова менен Искендер Шаршеев: ажырашууга аргасыз болдук

© Sputnik / Максат ЭлебесовТелеведущая и актриса Назира Айтбекова
Телеведущая и актриса Назира Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назира Айтбекова Кыргызстанда гана эмес эл аралык фестивалдарды алып барып, теле тармагында мыкты долбоорлорду жаратып келет. Ошондой эле ал социалдык тармактын да активдүү колдонуучусу.

Теле жылдыз жана анын үй-бүлөсү тууралуу эл арасында ар түрдүү кайчы пикирлер айтылып келгендиктен Sputnik Кыргызстан агенттиги жубайларды студияга маекке чакырды.

Дайыма жайдары, шартылдап ачык-айрым жүргөн алып баруучу негедир кеңсебизге чөгүнкү маанайда келди.

— Маанайыңыздар жок окшойт. Бирок ага карабай маегибизди баштай берели. Назира эже акыркы жагымдуу жаңылыктар менен бөлүшүп кетпейсизби? Балким көңүлүңөр көтөрүлүп калаар…

Ырчы жана актер Съездбек Искеналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Съездбек Искеналиев: "Мына минтип" бир айда 5 миң доллар табат деп күткөн эмесмин
— Ошентеличи. Өзүмдөгү акыркы жакшы кабарларга токтолсом, жакында эле Астана шаарына барып "Астана Аркау" түрк дүйнөсүнүн салттуу музыкасынын фестивалын алып барып келдим. Бул фестивалды былтыр да казактын кыйын алып баруучулары менен алып баргам. Бул бир гана мен үчүн эмес бүтүндөй кыргыз эли үчүн чоң сыймык болду десем жаңылышпайм. Анткени 10 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фестивалга түрк тилдүү өлкөлөрдөн мен-мен деген кыйындарды чакырышат экен. Былтыркы жылкы алып барганым, өзүмдү алып жүргөнүм казактарга жагып, быйыл да кайра чакырышты.

— Бизде деле эл аралык маданий фестивалдар көп эле өткөрүлүп, аларды да сиз алып барып жүргөнүңүздү билебиз. Эки өлкө ортосундагы кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?

— Казактар маданият тармагында бизден алда канча өнүгүп кетиптир. Кыргызстанда да көп эле эл аралык фестивалдарды алып барып жүрөм. Бизде деле жакшы деңизчи, бирок Казакстанда уюштуруу жаатында укмуш дыкаттык менен иштегендери жакты. Биздин жол киребизден, костюмдарга чейин өздөрү тиктирип берди. Мисалы, Кыргызстанда фестиваль алып бара турган болсом көйнөктү өз акчама алам, азыр бир көйнөк эле кем дегенде 20 миң сом болот. Ал эми казактар кыргыз дизайнерлер менен сүйлөшүп фестивалга өздөрү көйнөк тиктирип, атургай сценарийден бери өздөрү жазып беришти. Андан сырткары, гонорары да жакшы экен.

— Сыр болбосо канча төлөп беришти?

— Аябай эле жакшы төлөп беришти. Мисалы Кыргызстанда бир фестиваль алып барсаң, канча күн созулса да 10 миң сом болсо, Казакстанда эки күнгө беш эсе жакшы төлөп беришти.

— Башка жактан, ошол эле Казакстандан ишке чакыруу түшсө бармак белеңиз?

— Эгерде бул суроону бир аз мурун берсеңиздер "жок" деп чалкаман кетмекмин. Азыр болсо "эмнеге болбосун" деп айтам. Буга чейин Түркияга ТРТ Авазга канча жолу чакырышты, айлык акысы шумдук жакшы болчу, мен баш тартып койгом. Казакстандагы фестивалдан кийин мага кызыккандар көбөйүп сунуштар түшө баштады. Азыр мен башка жакка кетип иштөөгө макулмун. Анткени жашмын, курч кезим. Мен ал жакка барсам эле элимди сатып кеткен болбойм да, тескерисинче өлкөмдүн байрагын ого бетер бийик желбирете баштайм.

© Sputnik / Максат ЭлебесовНазира Айтбекова: Эч ким жашоомо кирип мени тизгиндеп, тыюуга акысы жок
Телеведущая и актриса Назира Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: Эч ким жашоомо кирип мени тизгиндеп, тыюуга акысы жок

— Социалдык тармактарда ар түрдүү пост жазып ар дайым активдүүсүз. Сиз үчүн соцтармак канчалык маанилүү?

— Мен үчүн социалдык тармак абдан маанилүү. Бир күн кечке ошол жакка пост жазып, сүрөт жүктөө менен алекмин. Анткени ал менин жумушум, нан таап жей турган жерим. Мага ар түрдүү долбоорлорго сунуш, чакыруу ошол жерден келет. Мисалы Instagram баракчасы аркылуу кадимкидей акча табам. Азыркы тапта ошол жактан алган айлыгым күнүмдүк жашоодогу майда-чүйдөгө кетет. Сиз бир айда алган акыны мен бир-эки пост менен таап алышым мүмкүн.

— Facebook баракчаңызга жүктөлгөн сууда түшкөн сүрөтүңүз көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду окшойт. Бул сүрөттү кандай максатта койдуңуз эле?

Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Назми: эне тилде жакшы сүйлөй албайм, эми кызымды кыргыз мектепке бердим
— Мен мындай фотосессияны көптөн бери жасагым келип жүргөн. Лев Бобенко деген мыкты фотографтын эмгектерине кызыгып, ага бир жыл мурун эле сунуш кылгам. Бирок менин сүрөттөрүм кандай ракурста болоорун элестете алчу эмесмин. Суудагы сүрөттү ушунчалык талкуулай тургандай мен дырдай жылаңач болуп түшкөн жерим жок да. Ар кандай пикирин айтып, талкуулап жаткан адамдардын деңгээли өсө электигинен кабар берет. Мен кадимкидей эле көйнөк кийип түшкөм, болгону ал мага жабышып, чапталып турат. Анын эч кандай уяты жок. Көчөдө, түнкү клубда деле андан жаман уят нерселерди жасап жүргөн адамдар толтура. Анан эле Айтбекованын бөдөнө тумшугу бардай укмуш сөз кылуунун анчалык кажети жок. Биз эркин өлкөдө жашайбыз, эркиндикке умтулуубуз кажет. Эмне үчүн мен бир нерсени эркин сүйлөй албашым керек, эмне үчүн менин каалагандай кийинүүгө укугум жок? Эч ким жашоомо кирип мени тизгиндеп, тыюуга акысы жок. Кандай болсом ошондой көрүнгүм келет. Эл алдында абийирдүү көрүнүп бирок жеке жашоосунда жаман нерселерди кылып жүргөндөрдү көрүп эле жүрөм. Бирок мен андай эмесмин. Башкысы ички дүйнө аруу, таза болсо болду. Кийим көп нерсени чечпейт. Балким мен сыртыман чапташкан көйнөк кийип сүрөткө түшкөнүм менен жан дүйнөм такыр башкадыр. Адамды сыртынан көрүп эч качан тон бычпаш керек. Мен деле күлүп жүргөнүм менен ичимен ойлогон тоодой оюм бар. Анан эле чыныгы Назираны көрүп, билбей туруп көйнөкчөн түшкөн сүрөтүмдү талкуулап жатканыңар бул адамдын пастыгы деп эсептейм. Эмчек мага эле бүтүп калган жок да. Баарыбыздын энебиз бар, эмчеги менен бала тойгузат. Ал сүрөттү искусство, образ, сулуулук катары деле караса болот да. Мен өзүмдүн каалаган нерсемди жасагым келет. Ал эми бизде "эл эмне дейт" деп атып эле чүнчүп жашап өтүп кетебиз.

— Кандай гана ой-пикир айтылбасын сиз ал сүрөттү кайра алып салган жоксуз. Жаман сөздөргө териккен жоксузбу?

— Жок, ишенесиздерби ошол сүрөттөрдү койгондон кийин мага көп долбоолордон сунуш келип түшө баштады. Көрсө айрымдар мени буга чейин бопбоз картинанын арасында эле көрүп жүрүшчү экен. Дал ушул сүрөттүн артынан менин ким экенимди көпчүлүк тааныды. Анын ичинде орус тилдүү көрөрмандар бар. Көрсө алар мени буга чейин билишчү эмес экен.

— Демек, ушул сүрөттүн арты менен өзүңүзгө дагы атак-даңк алып келдиңизби?

— Мен Кыргызстандын байрагын желбиретип, кыргыз шөкүлөсүн кийип ар түрдүү иш-чараларда, фестивалдарда жүрсөм да мени эч ким тааныган жок. Ал жакта түшкөн сүрөттөрдү деле ушинтип жүктөп койчумун. Бирок, чапталган көйнөк кийип социалдык тармакка салып койсом ошонум көрүнүп калды. Facebook, Instagram баракчаларында күнү-түнү дебей жарым саат сайын 50-60 киши достук жөнөтүп жатышты. Жакшы пикирлер менен толтура кат келип жатат. Анан эле сүрөткө такап мени төпөштөй берген болбойт, мен ага жол бербейм. Эгер жакпаса көрбөй койгула же достуктан чийип койгула.

© Sputnik / Максат ЭлебесовИскендер Шаршеев: биз тууралуу туура эмес ойлор кетпесин деп элге расмий түрдө ажырашканыбызды айтууну туура көрдүк
Телеведущая Назира Айтбекова с мужем Искендер Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Искендер Шаршеев: биз тууралуу туура эмес ойлор кетпесин деп элге расмий түрдө ажырашканыбызды айтууну туура көрдүк

— Эми суроону жолдошуңузга узатсам. Искендер байке келинчегиңиз экөөңүздөр тең эл көзүндөгү адамсыздар. Айтылган ой-пикирлер үй-бүлөдөгү абалга таасир этпейби?

— Негизи биздин үй-бүлө курулгандан бери ар дайым келинчегимди колдоп келгем. Назира экөөбүз тогуз жыл чогуу жашадык. Бул убакыт аралыгында эч нерсеге өкүнгөн жокмун. Экөөбүз тең жаман жолго барган жокпуз. Бир гана элден ар түрдүү сын-пикир келип жатты. Бирок айта кетчү нерсе экөөбүз эки башка жолго түшкөнүбүзгө бир жылдай болуп калды. Анткени экөөбүз тең бири-бирибизге эркиндик берүүгө туура келди. Түрдүү кыйынчылыкта бирге жүрдүк, көп нерсе көрдүк, ынтымактуу үй-бүлө болдук. Азыр ортобузда сый-урмат бар.

— Андай болсо бүгүн кандайча студияга чогуу келип калдыңыздар?

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу келинге тиешелүү 12 "болбойт"
— Негизи буга чейин чогуу эле интервьюга барып жүрчүбүз. Ажырашканыбызды бир жылдан бери эч кимге айтпай эле коелу деп чечип, унчукпай жүргөнбүз. Бирок эл оозунда элек жок, ар ким ар кандай кеп кылып, сурай берет экен. Акыры биз тууралуу туура эмес ойлор кетпесин деп элге расмий түрдө жарыялап коюну туура көрдүк. Назира боюнча айтылып жаткан ой-пикирлер боюнча жооп берсем. Ал чектен ашкан жок, анткени шоу-бизнесте эле эмес жалпы коомчулукта андан жаман нерсе жасагандар көп.

— Назира эже биз үчүн да күтүүсүз жарыя болду окшойт. Бирок сизди билебиз, күчтүү айымсыз. Ар кандай сыноону башыңыздан өткөрүп жүрөсүз. Сизди күчтүү болууга турмуш тарбияласа керек?

— Балким…. Кичинекейимде чыйрак өскөм. 9 жашымда ата-энем эки жолго түштү. Кыздар атасын мактаса мен аябай жаман болчумун (көзүнө жаш алып). Кудайдан мага деле ата берчи деп тилеп, апам күйөөгө тийсе, дагы төрөп берсе, бир туугандуу болсом деп көп тилечүмүн. Бирок мен атасыз чоңойсом да Кудай мага ата болчу. Өзүмдү да Кудайдын эрке кызымын деп коем. Анткени мен каалаган, көксөгөн нерсенин баарына анын жардамы, колдоосу менен жетип келе жатам. Апам мени жалгыз тарбиялап, аны капа кылбаш үчүн жакшы окуп, өз күчүм менен Ататүрк-Алатоо университетине (азыркы Алатоо университети) өтүп кеттим. Ушул даражага бүт өз күчүм менен жеттим. Анткени мен апам үчүн күчтүү болушум керек. Ар бир жеңишимди, ийгилигимди апама арнадым. Түз жүрүп, тетир баскан жокмун. Жаңы алып баруучу болуп чыкканда артыман жөн эле төрөп бер дегенден тарта, депутат, ишкеринен бери ээрчиди. Бирок ар намысым менен Искенге турмушка чыктым. Анда ал жаңы окууну бүтүп келген жаш бала болчу. Экөөбүз бирге көп нерсени баштан өткөрдүк.

© Sputnik / Максат ЭлебесовНазира Айтбекова: Мен өзүм ата мээримин көрбөй калганга мээрим, көңүл сурап, бучкактай берем. Күйөөмдү да ошентип бучкактай берчүмүн. Бирок ага опол тоодой жоопкерчилик болгум келген жок
Телеведущая и актриса Назира Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: Мен өзүм ата мээримин көрбөй калганга мээрим, көңүл сурап, бучкактай берем. Күйөөмдү да ошентип бучкактай берчүмүн. Бирок ага опол тоодой жоопкерчилик болгум келген жок

— Ата мээримин көрбөй чоңойсоңуз, балаңызды да атасыз калтыргыңыз келбесе керек?

Кыргызстанская актриса и модель Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Мээрим Атантаева: жүдөө кыздар модель боло албайт
— Жолдошум ушул чечимди айтканда көпкө ойлонуп жүрдүм. Искен да абдан акылдуу адам. Анын чоң масштабдагы максаттары бар. Бийиктиктерге жетчү адамды капаска камап албашым керек. Анткени мен аны аябай жакшы көрүп, жытын жыттап жанында болсом болду болчу. Бирок анын жарыгы мага эле тийбеши керек, анын жарыгы бүт баарына тийсин деп ойлодум. Мен өзүм ата мээримин көрбөй калганга мээрим, көңүл сурап, бучкактай берем. Күйөөмдү да ошентип бучкактай берчүмүн. Бирок ага опол тоодой жоопкерчилик болгум келген жок. Өзү да сен эл адамысың, сенин талантыңды сүйүп алгам деп калчу. Ошондуктан экөөбүз тең бири-бирибизге эркиндик бердик. Бирок балабызга баарын түшүндүрүп жатабыз. Кааласа атасына, кааласа мага келип жүрө берет. Мен болсо атамды 22 жыл көргөн жокмун. Өзү да издеп келген жок. Жолдошум менен эки жолго түшкөндө атамды издегим келип, аны менен телефон аркылуу байланышып "сизди кечирдим" дегем. Бирок ал мага келген жок.

— Эркиндик үй-бүлөдөн да маанилүү беле?

— И.Ш: Эгер адамдын бири-бирине убактысы жок болсо ортосундагы мамиле да сууйт экен. Акыркы убакта экөөбүздүн бири-бирибизге убактыбыз болбой калды. Көп убакыт жумушка кетип, үй-бүлөгө аз убакыт бөлчүбүз. Анын үстүнө мүнөзүбүздө да өзгөчөлүктөр бар. Бирок балабызга татыктуу тарбия бергенге экөөбүз тең болгон аракетти көрөбүз.

— Мен берчү суроолор бул темадан кийин сууп калды окшойт. Ошентсе да кыскача жооп ала кетейин. Назира эже "Көзү ачыктар таймашы" жакында НТСте чыгат деген жарнама чыгып жаткан. Учурда кастинг болуп жатабы?

— "Көзү ачыктар таймашы" долбоору боюнча НТС телеканалынын жетекчилиги сунуш киргизген. Кастингге жар салып койгонбуз бирок съемка шайлоодон кийин болмой болду. Анткени азыр күчтүү көзү ачыктарды издеп өлкө аймагын кыдырып көрөлү деп жатабыз.

— Негизи өзүңүз көзү ачыктарга ишенесизби?

Молодая певица Толгонай Арзыкеева - Sputnik Кыргызстан
Despacito ырын аткарган Толгонай: россиялык продюсерден баш тарттым
— Касиет деген түшүнүккө ишенчүмүн, бирок көзү ачыктар кантип иштээрин билчү эмесмин. Эфир учурунда мени таң калтырган укмуштуудай окуялар болгон. Буларды көрүп чындыгында башка дүйнө бар экенин, аны ача берүүнүн кажети жок экенин билдим. Мен да касиеттүүмүн, бирок элге айткым келбейт. Көп түш көрөм, алар аян берет. Жанымда бирөө жүргөнүн сезип, көзүмө бир нерселер көрүнүп турат. Бул долбоорду алып барып калганымдын да бирден-бир себеби ушул.

— Азыркы Назира менен мурунку Назиранын айырмасы барбы?

— Мурунку Назира такыр эле баёо кыз болчу. Бул жашоону жомоктой ойлоп жүрчүмүн. Бирок андай эмес экен. Каратып туруп калп айтып, токоч сындырып жатып артыңан бычак сайып кеткендер болорун билбей, апамдын калкалоосунда чоңоюптурмун. Шоу-бизнеске келгенде дал ошондой турмуштун чок ортосуна түшүп калдым. Башында эч кимди иргебей элдин баарын өз жашоомо байлай берчүмүн. Азыркы Назира бир аз анализ жүргүзүп жашоону жашоодой кабыл алганды үйрөндү. Менин максатым акча таап байып же жылдыз болуу эмес. Ар бир жасаган ишим менен элге пайда алып келип же жардам берүү. Ошол эле "Көзү ачыктар таймашында" биз элге көп пайда алып келдик. Ким касиеттүү, ким алдамчы экенин билип калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0