БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Борбор калаада окуучулардын "Балдар ааламы" аттуу гала-концерти өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, иш-чара 29-апрелде өтчү шаар күнүнө карата уюштурулат. Быйыл борбор калаа 139 жылдыгын белгилейт.
"Гала-концертке бий топторунун жеңүүчүлөрү, ыр-хор студияларынын катышуучулары, комузчулар өнөрүн тартуулайт. Иш-чаранын тандоо туруна калаанын мектептеринен жана балдарды өнүктүрүү борборлорунан 3800гө чукул бала ат салышкан", — деп жазылат маалыматта.
Концерт Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында түшкү саат 12:00дө башталат.