Комуз менен 20 тилде ырдаган Гүлнара Раймалиева: хинди жана урду тили оор экен

© Sputnik / Табылды КадырбековФольклор ырчысы Гүлнара Раймалиева маек учурунда
Фольклор ырчысы Гүлнара Раймалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фольклор ырчысы Гүлнара Раймалиеванын комуз менен 20 тилде ырдай аларын көпчүлүк биле бербесе керек.

Кыргыз тилине кайнаса каны кошулбаган араб, немис, малай, япон сыяктуу тилдерди комуз менен айкалыштырган Гүлнара айым редакциябызга баш багып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары үчүн бир нече тилде ырдап берди. Эки иштен бир иш деп ырчы менен кандайча мынча көп тилде ырдап калгандыгы тууралуу маектештик.

— Кандайча 20 тилде ырдап калдыңыз?

Инженер и музыкант Элчибек Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк хиттерди сыбызгыга салган Элчибек: аспабым бир топ жыл сандыкта жатты
— Азыр Улуттук филармонияда "Камбаркан" ансамблинде иштейм. Биздин ансамбль чет өлкөлүк фестиваль, кароо-сынак, маданият күндөрүнө көп катышабыз. Мындан бир топ жыл мурун Европаны кыдырып концерт коюп барганбыз. Ага көп мамлекеттердин артисттери катышкан эле. Мексикадан келген кесиптештерди карасам, күндө эле испан тилиндеги бир ырды аткарып чыгышат. Бала кезде кинолордон угуп калган ыр болгондуктанбы, айтор, кулагыма аябай жакшы угулуп, мен дагы жаттап алдым. Кыргызстанга келгенде эжем экөөбүз (ырчы Каныкей Раймалиева — ред.) комузга салып көрдүк. Сонун угулат экен. Ошентип бир күнү Бишкекке Испаниядан келген коноктордун алдына ошол ырды аткарып бергенбиз. Коноктор аябай кубанып, ошондон кийин ар кайсы элдердин белгилүү ырларын ырдоо идеясы келген.

— Бөтөн элдин чыгармасын комузга салуу оңой болбосо керек?

— Күүгө салган оңой эле, гармонияны таап ойной берсең болот. Негизги көйгөй — тил. Өмүрү укпаган тилде сөздөрүн туура айтып, ырдоо татаал. Сөзүн жаттап, интернеттен тууралап, айтылышын тактагыча эки жума убакыт кетет. Күүгө салып, толугу менен даярдоого бир айдай убакыт талап кылынат.

— Кайсы тилдерде ырдаарыңызды санап берсеңиз?

— Өзбек, казак, тажик, орус, кытай, корей, япон, түрк, хинди, немис, француз, араб, чечен, урду, иран, монгол, малай, англис, еврей, анан албетте эне тилибизде ырдайм. Башка 19 элдин ырларын 15 жылдын ичинде жаттадым. Айрым тилдерде бирден гана ыр билем, кээ бирөөлөрүндө 2-3 ырды аткара алам.

© Sputnik / Табылды КадырбековФольклор ырчысы Гүлнара Раймалиева: башка 19 элдин ырларын 15 жылдын ичинде жаттадым. Айрым тилдерде бирден гана ыр билем, кээ бирөөлөрүндө 2-3 ырды аткара алам
Кыргызская фольклорная певица Гульнара Раймалиева - Sputnik Кыргызстан
Фольклор ырчысы Гүлнара Раймалиева: башка 19 элдин ырларын 15 жылдын ичинде жаттадым. Айрым тилдерде бирден гана ыр билем, кээ бирөөлөрүндө 2-3 ырды аткара алам

— Баарынан кайсы тилдеги ырды өздөштүрүү оор болду?

— Хинди (Индия) менен урду (Пакистан) тилдери татаал экен. Экөөндө тең бийик ноталар менен ырдалгандыктан, оор болду.

— Ырдаганыңызды чет өлкөдөн келген коноктор укканда кандай сезимде болушат?

Комузист Асылбек Насирдинов - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Насирдинов: жакында күүлөрүмдү уруксатсыз алгандарга чекит коём
— Андай жерлерде биринчи кыргыз ырларын, күүлөрүн аткарып туруп, анан конок кайсы өлкөдөн келсе, ошол элдин тилинде ырдап берип коем. Албетте, таң калуулар, суктануулар болот. Айрым учурда бир нече өлкөдөн келген коноктор болуп калса, "менин тилимдеги ырды билесизби?" деп сурап калышат. Алардыкын дагы ырдап берип койсом, кубанып калат. Күзүндө Кыргызстанга чечен улутундагы кадыр-барктуу конок келиптир. Мен чечен тилинде ырдап берсем, жанында отургандарга орусча которуп берип, ыр бүтөөр-бүткүчө сыймыктанып отурганын байкадым. Мындайда өзүң да кубанып каласың.

— Хинди менен урду тилдери оорураак экен деп атпайсызбы. Буларга башкалардан көбүрөөк убакыт кетсе керек?

— Ушул жерден бир кызыктуу окуя айтып берейин. Урду — бул Пакистандын расмий тилдеринин бири. Бир нече жыл мурун Пакистанга кайсы бир маданий иш-чарага бармай болдук. Эртең учабыз деген кечинде урду тилиндеги ырдын текстин берип, Пакистанга жеткиче жаттап кой дешти. Ошондогу тытынганымды айтпаңыз. Эртең менен учакка отургандан баштап жаттай баштадым. Исламабадга түз учпагандыктан, Тажикстандын Душанбе шаарынын аэропортунда 10 сааттай болдук. Ал жактан дагы көз ирмеген жокмун. Барчу шаарыбызга жетип, таксиге отурганда комузга салдым. Мен бир заңкылдап ырдап баратам, таксист далысын сүлкүлдөтүп бийлеп алган, өзүнчө бактылуу. Туура ырдап атамбы деп улам-улам сурап коем. Ал "супер" деп мактап коет. Ошентип мен үчүн эң оор болгон урду тилиндеги ырды бир күндө жаттагам.

Жаңылыктар түрмөгү
0