Насирдинов эмгегин уурдагандарга карата кандай чара көрөөрүн, журналист Гүлдана Талантбековага айтып берди.
— Асылбек мырза, сиздин чыгармачылыгыңызда улуттук аспаптардын ролу чоң. Алгач чыгармачылык жолуңуз, керемет үндүү комузду колго алган күнүңүздөн тарта кеп кылсак?
— Азыр улуттук аспаптардын канчасын өздөштүрүп, канчасын өз колуңуз менен жасап жүрөсүз. Социалдык тармактагы баракчаларыңыздан чопо-чоор, чымылдак өңдүү аспаптардын сүрөтүн көрүүгө болот?
— Дээрлик кыргыздын бардык аспаптарын жасайын деген тилегим бар. Убактым дайыма эле жете бербейт. Колуман келишинче эски аспаптарды жасап, өнөр адамдарына тартуулаганга аракет кылам. Булардан көп деле акча деле таппайсың. Баалары кымбат эмес.
— А эмнеге? Чопо-чоор, комуздар канча турат?
— Мен усталарга жолуккан сайын бир нерсени көп а йтам. Канчалык буюм арзан болгон сайын, ошончолук баркы жок болот. Кымбат болсо, кадыр баркы өйдөлөйт. Адамдын психологиясы ушундай экен. Илгери бир комуздун баасы бир жакшы боз үйгө тете болгон. Демек, азыркы эсеп менен алганда кеминде 50-60 миң доллар болгон. Мага азыр улуттук аспаптар арзан болгондой сезилет. Албетте, бюджеттик вариант менен алганда окуучулар, үйрөнчүктөр биздин мамлекетке келген туристтерге сувенир катары арзан комуздарды жасашат. Бирок кыргызда илгертеден бери келе жаткан "чоң" деген наам бар. Чоң комузчу, чоң акын, чоң чоорчу, чоң манасчы деп айтылып келген. Ошондой чоң адамдарга арналып жасалган аспаптардын баасы боз-үйгө тете болушу керек.
— Эми "Улуу көч" күүңүз тууралуу сүйлөшсөк. Анын чыкканына бир топ убакыт болду. Бирок ошентсе да ордун жоготпой, белгилүү күүлөрдүн катарын толуктайт. Башка күүлөрдөн эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
— Мен күүлөрдүн багыты менен кыргыз музыкасына жол салдым деп ойлойм. Ал күүлөрдөн өзүнчө бир муун өсүп чыкты. Бул албетте мактангандык эмес. Биз мурун чет өлкөгө чыкканда, өзгөчө жаштардан "силердин ойногон кара күүңөр жакшы, бирок биз үчүн татаал, поп музыка менен айкалыштырсаңар кандай болот" деген сунуштарын айтышчу. Ошондон улам жаштар ушундай музыкага муктаж турбайбы деп, атайын күүлөрдү ойлоп таап, аларды компьютердин үндөрү менен айкалыштыра жеткирейин деген ой-максат болду. "Улуу көч" ошондон улам келип чыккан күүлөрдүн бири. Мындан тышкары көп күүлөрдү чыгардым. Бирок бул күү эмнегедир мен жаратпагандай сезилет. Балким кайсы бир убакта ушул күү болгон, бирок унутулуп отуруп, кийин кандан-канга мага өтүп келгендей…
— Комузчулар көп, бирок таланттуулар аз. Мындан улам комузчулук өнөр адамга табиятынан берилип, көрөңгөсүндө болушу керекпи деп ойлойм. Бирок, адамдын каалоосу күч болуп, өнөргө далалат кылса жыйынтыгы кандай болот?
Бирок комузчулук өнөр дээрде болушу керек. Эмгектин аркасы менен комузда таза, так ойношу мүмкүн. Бирок черткени угармандын жүрөгүн кытыгылап өтүшү зарыл. Угармандын жүрөгүнө жетиш үчүн өзүң аркылуу берсең бөлөк чыгарма жаралат.
— Кармап турган комузуңузду көтөрүп жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?
— Көп жыл болду. Ал ортодо жакпай жүрүп, көп алмаштырдым. Азыр алып жүргөн комузум абдан жагат. Аны комузчу, уста Намазбек Уралиевдин колунан алгам. Кээ бир комузчулар "байге алгандагы комузум" деп ырымдап алмаштырбай жүрүшөт. Менде андай жок. Комуз жакса ойноп жүрө берем, жакпай калса сатып жиберем.
— Сиздин күүлөөрдү уруксаты жок чертип, колдонуп алган адамдарга карата кандай чараларды көрөсүз?
— Бул нерсеге жакында чек коюлат деп ойлойм. Юридикалык жолдорун таап, тизгиндебесем болбойт. Себеби ар бир чыгарма ишкананын жараткан продукциясы. Ал тиешелүү деңгээлде бир каражат алып келиши керек. Менин күүлөрүмдү телерадио жаатындагылар, тойканалар, жарнама агенттиктери көп колдонот. Өзүм көп арыздана бербейм. Бирок акыркы кезде чегине жетип баратат. Ылайыгы келген да, келбеген дагы жерге кошо беришет.
— Сизден уруксат сурайм дегендер кандай негизде кайрыла алышат?
— Эгерде колдонгон тарапка каражат алып келе турган болсо, сөзсүз түрдө акча төлөнүшү керек. Каражат алып келбей турган болсо жеке менин уруксатым менен колдоно берсе болот. Уяттуу кишилер телефон чалып сурашат. Элге ылайыгы келген долбоор болсо уруксат берип эле жүрөм.
— Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?
— Билбейм…Менин жашоом жалаң гана чыгармачылык менен коштолуп жүрөт.
— Филармонияда дагы иштечү белеңиз?
— Ал жактын эмгек акысы аз болгондунуна байланыштуу чыгып кеткем. Артисттер беш миң сом алып иштейт, ал деген сенин жол киреңен ашпайт да.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?
— Музыка жан дүйнөбүздүн азыгы. Саясаттан оолак болуп, маданиятка көбүрөөк ыктап, жеке жашообузга көбүрөөк көңүл буруп, бала-чака, тууган- туушкандын жыргалчылыгын көрсөк, биз көп жашайбыз.