https://sputnik.kg/20251229/1098913796.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектиктер Ташкенттеги коомдук транспортто "Тулпар" картасын колдоно алышатСпортчу Денис Петрашов жыл жаңырыгы аталдыТүнкүсүн тынчтыкты бузгандарды... 29.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-29T19:00+0600
2025-12-29T19:00+0600
2025-12-29T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1d/1098913630_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_39f50c7f9ed6c832dd5957043441fb68.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектиктер Ташкенттеги коомдук транспортто "Тулпар" картасын колдоно алышатСпортчу Денис Петрашов жыл жаңырыгы аталдыТүнкүсүн тынчтыкты бузгандарды жергиликтүү бийлик жазалашы мүмкүн Алдыда кененирээкМилиция менен жергиликтүү бийликке түнкүсүн тынчтыкты бузгандарга чара көрүү укугун берүү сунушу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоорун министрлер кабинети сунуштап, анда учурда ыйгарым укуктуу орган болгон Санэпидкөзөмөл департаментинде кадр жетишсиз экени жана кызматкерлер түнкүсүн иштебей турганы белгиленген. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарына жана ИИМ кызматкерлерине укук бузуу боюнча протокол түзүү укугун берүү сунушталууда.
Баткен облусунун Раззаков шаары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурган “Эң таза шаар” жана “эң таза айыл аймагы” аттуу республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы эң таза шаары деп табылды. Облустук администрациянын маалыматына ылайык, сынактын жыйынтыгында Раззаков шаары 1-орунду ээлеп, катуу тиричилик калдыктарын сорттоого арналган атайын техника менен сыйланды. Бүгүн аталган техниканы министрликтин башчысы Медер Машиев Раззаков шаарынын мэри Адилбек Жоробаевге салтанаттуу түрдө тапшырды.
Учурда "Тулпар" системасы Ташкент шаарындагы өнөктөштөр менен интеграция этабында турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Тулпар" долбоорунун операциялык ишмердүүлүк боюнча директору Бекжан Акматбеков билдирди. Белгилегендей, келерки жылы интеграциялык иштер жыйынтыкталып, андан кийин Бишкектин тургундары Ташкенттин коомдук транспортунда жол акысын "Тулпар" аркылуу төлөй алышат. Ал эми Ташкенттен келген конокторго Бишкектин коомдук транспортунда бул төлөм системасы аркылуу жол акысын төлөө мүмкүнчүлүгү жаралат. "Мындан тышкары, Кыргызстандын башка шаарлары менен коомдук транспортко "Тулпар" системасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер сүйлөшүүлөр натыйжалуу болсо, кийинки жылы Балыкчы, Нарын шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун бир катар шаарларында, тактап айтканда Кара-Балтада долбоорду ишке ашыруу башталат”, - деди Акматбеков.
Сүзүүчү Денис Петрашов жыл жаңырыгы аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Агенттик күн мурун 2025-жылдын мыкты спортчуларын аныктаган. Анда Денис Петрашов Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча эркектер арасында жыл жаңырыгы - деп аталды. Ошондой эле жыйынтыктоочу иш-чарада башка номинациялар боюнча дагы бир катар спортчулар мыкты деп аныкталышты.Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 42 тыйынга евро 102 сом 96 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ30-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. 30-декабрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -8...-13 градус суук болору айтылды. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +11...+13, ош шаарында +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектиктер Ташкенттеги коомдук транспортто "Тулпар" картасын колдоно алышатСпортчу Денис Петрашов жыл жаңырыгы аталдыТүнкүсүн тынчтыкты бузгандарды жергиликтүү бийлик жазалашы мүмкүн Алдыда кененирээкМилиция менен жергиликтүү бийликке түнкүсүн тынчтыкты бузгандарга чара көрүү укугун берүү сунушу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоорун министрлер кабинети сунуштап, анда учурда ыйгарым укуктуу орган болгон Санэпидкөзөмөл департаментинде кадр жетишсиз экени жана кызматкерлер түнкүсүн иштебей турганы белгиленген. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарына жана ИИМ кызматкерлерине укук бузуу боюнча протокол түзүү укугун берүү сунушталууда.Баткен облусунун Раззаков шаары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан уюштурган “Эң таза шаар” жана “эң таза айыл аймагы” аттуу республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы эң таза шаары деп табылды. Облустук администрациянын маалыматына ылайык, сынактын жыйынтыгында Раззаков шаары 1-орунду ээлеп, катуу тиричилик калдыктарын сорттоого арналган атайын техника менен сыйланды. Бүгүн аталган техниканы министрликтин башчысы Медер Машиев Раззаков шаарынын мэри Адилбек Жоробаевге салтанаттуу түрдө тапшырды.Учурда "Тулпар" системасы Ташкент шаарындагы өнөктөштөр менен интеграция этабында турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Тулпар" долбоорунун операциялык ишмердүүлүк боюнча директору Бекжан Акматбеков билдирди. Белгилегендей, келерки жылы интеграциялык иштер жыйынтыкталып, андан кийин Бишкектин тургундары Ташкенттин коомдук транспортунда жол акысын "Тулпар" аркылуу төлөй алышат. Ал эми Ташкенттен келген конокторго Бишкектин коомдук транспортунда бул төлөм системасы аркылуу жол акысын төлөө мүмкүнчүлүгү жаралат. "Мындан тышкары, Кыргызстандын башка шаарлары менен коомдук транспортко "Тулпар" системасын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер сүйлөшүүлөр натыйжалуу болсо, кийинки жылы Балыкчы, Нарын шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун бир катар шаарларында, тактап айтканда Кара-Балтада долбоорду ишке ашыруу башталат”, - деди Акматбеков.Сүзүүчү Денис Петрашов жыл жаңырыгы аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Агенттик күн мурун 2025-жылдын мыкты спортчуларын аныктаган. Анда Денис Петрашов Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча эркектер арасында жыл жаңырыгы - деп аталды. Ошондой эле жыйынтыктоочу иш-чарада башка номинациялар боюнча дагы бир катар спортчулар мыкты деп аныкталышты.Эми валюта курсу менен таанышып алыныздар Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 42 тыйынга евро 102 сом 96 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ30-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. 30-декабрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +8...+13, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -8...-13 градус суук болору айтылды. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +11...+13, ош шаарында +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1d/1098913630_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7a90553dd585b8aa046697af9dd4959f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио