13:22 29 Жалган Куран 2017
Түз эфир
Комузчу Асылбек Насирдинов

Асылбек Насирдинов: жакында күүлөрүмдү уруксатсыз алгандарга чекит коём

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
23220

Асылбек Насирдинов улуттук аспаптарга жан киргизип, комузда кол ойнотуп, ооз комузда кайрыктарды сыздатып, керемет күүлөрдү жаратып келет. Жадакалса аспаптарды жасап устачылыкты айкалыштыра билген өнөр ээси. Баса, уккан кулактан кетпеген "Улуу көч" күүсү дал ушул мырзаныкы.

Насирдинов эмгегин уурдагандарга карата кандай чара көрөөрүн, журналист Гүлдана Талантбековага айтып берди.

— Асылбек мырза, сиздин чыгармачылыгыңызда улуттук аспаптардын ролу чоң. Алгач чыгармачылык жолуңуз, керемет үндүү комузду колго алган күнүңүздөн тарта кеп кылсак?

— Башка өнөр адамдары сыяктуу эле менин да чыгармачылыгым бала кезимен тарта башталды. Ата-энем өнөрүмдү баалап, туура нукка буруп, колдоосун көрсөтүштү. Чыгармачылыкта төбөсү көккө жеткен адамдарга көп жолуктум, алардын чыгармачылыгы, өзүн алып жүргөнү мага чоң таасир берди. Улуу кишилерден Асанкан Жумакматов, төкмө акын Ашыраалы Айталиев менен көп иштештим. 5-классымдан тарта Ашыраалы Айталиевдин колуна түшүп, ал мага төкмөлүк боюнча сабак өтүп жүрдү. Бирок, менден төкмө акын эмес, комузчу чыкты. Эс тарткандагы биринчи устатым Эмил Эсеналиев комузду мага кыйнап жүрүп үйрөттү. Башка балдарга сабак өтсө дагы, мени башка бөлмөгө бекитип кетчү. Анан "чекеңди карап тур, тер чыкканда токтотосуң" деп айтчу. Анан оңой менен да чекеден тер чыкпайт тура. Чоң кишинин айткан сөзү абдан таасирдүү болот экен. Черте берип, үзүрүн эми көрүп жатам. Андан тышкары улуттук аспаптарды жасаган уста Нурлан Нышанов агайга шакирт болуп калдым. Гастролдорго чыкканда дүйнөлүк музыканттар менен жолугуп, тажрыйба алдым. Маселен, Нью-Йорктун "Карнеги-холл" аттуу белгилүү театрына дүйнө жүзүнүнүн өнөр каймактары гана келишет. Кудай таалам мага да ал жакка чыкканга мүмкүнчүлүк берди. Ал жакта музыкант Йо Йо Манын "Жибек жолу" тобу менен сахнага чыгып, кыргыз музыкасын америкалыктарга тартууладык. Бул албетте, сыймык.

— Азыр улуттук аспаптардын канчасын өздөштүрүп, канчасын өз колуңуз менен жасап жүрөсүз. Социалдык тармактагы баракчаларыңыздан чопо-чоор, чымылдак өңдүү аспаптардын сүрөтүн көрүүгө болот?

— Дээрлик кыргыздын бардык аспаптарын жасайын деген тилегим бар. Убактым дайыма эле жете бербейт. Колуман келишинче эски аспаптарды жасап, өнөр адамдарына тартуулаганга аракет кылам. Булардан көп деле акча деле таппайсың. Баалары кымбат эмес. 

Комузист Асылбек Насирдинов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Комузчу Асылбек Насирдинов: чыгармачылыкта төбөсү көккө жеткен адамдарга көп жолуктум, алардын чыгармачылыгы, өзүн алып жүргөнү мага чоң таасир берди

— А эмнеге? Чопо-чоор, комуздар канча турат?

— Мен усталарга жолуккан сайын бир нерсени көп а йтам. Канчалык буюм арзан болгон сайын, ошончолук баркы жок болот. Кымбат болсо, кадыр баркы өйдөлөйт. Адамдын психологиясы ушундай экен. Илгери бир комуздун баасы бир жакшы боз үйгө тете болгон. Демек, азыркы эсеп менен алганда кеминде 50-60 миң доллар болгон. Мага азыр улуттук аспаптар арзан болгондой сезилет. Албетте, бюджеттик вариант менен алганда окуучулар, үйрөнчүктөр биздин мамлекетке келген туристтерге сувенир катары арзан комуздарды жасашат. Бирок кыргызда илгертеден бери келе жаткан "чоң" деген наам бар. Чоң комузчу, чоң акын, чоң чоорчу, чоң манасчы деп айтылып келген. Ошондой чоң адамдарга арналып жасалган аспаптардын баасы боз-үйгө тете болушу керек.

Андан сырткары чопо чоордун түрүн жасап жүрөм. Өзү айтып тургандай чоподон жасалган аспаптар. Чопо бул жаратылышта үстүнө эч нерсе өспөгөн, топурак менен да аралашпай турчу касиетке ээ. Ошону сууга чылап, каймак сыяктуу деңгээлге жеткирип, чыпкалап, пластилиндей болгуча кургатып, ийлеп, чүпүрөккө ороп, көлөкө жерге коюп койсоң өзүнөн өзү бири-бирине жуурулушуп жакшы бир абалга келгенде чопо чоорлду жасаса болот. Аспаптын диапазонуна жараша бас, тенор, пиколка деген түрлөрү болот. Түтүк чоорлорду да жасап жүрөм. Алар сыбызгы чоор, диатоника, бас, храматика болуп бөлүнөт. Жыгач ооз комуз аспабыбыз бөрү карагаттан, аса-муса же шилбиден жасалат. Бул үч дарак тең бадалдар. Материалдарын ар кандай жолдор менен алам. Кээде убактым болсо тоого барып өзүм алып келем же тааныштар аркылуу алдырам. Бир чопо чоордун баасы 3000 миңге чейин, чымылдак деле ошондой баада. Чымылдак аспабы бул — камыштан жасалат. Түтүктүн бир муунун кесип салганда бир жагы ачык, бир жагы туюк болуп калат. Узун кылып өзүнөн тил кесип, учтап, оозго салып үйлөгөндө үн чыгат.

— Эми "Улуу көч" күүңүз тууралуу сүйлөшсөк. Анын чыкканына бир топ убакыт болду. Бирок ошентсе да ордун жоготпой, белгилүү күүлөрдүн катарын толуктайт. Башка күүлөрдөн эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

— Мен күүлөрдүн багыты менен кыргыз музыкасына жол салдым деп ойлойм. Ал күүлөрдөн өзүнчө бир муун өсүп чыкты. Бул албетте мактангандык эмес. Биз мурун чет өлкөгө чыкканда, өзгөчө жаштардан "силердин ойногон кара күүңөр жакшы, бирок биз үчүн татаал, поп музыка менен айкалыштырсаңар кандай болот" деген сунуштарын айтышчу. Ошондон улам жаштар ушундай музыкага муктаж турбайбы деп, атайын күүлөрдү ойлоп таап, аларды компьютердин үндөрү менен айкалыштыра жеткирейин деген ой-максат болду. "Улуу көч" ошондон улам келип чыккан күүлөрдүн бири. Мындан тышкары көп күүлөрдү чыгардым. Бирок бул күү эмнегедир мен жаратпагандай сезилет. Балким кайсы бир убакта ушул күү болгон, бирок унутулуп отуруп, кийин кандан-канга мага өтүп келгендей… 

Комузист Асылбек Насирдинов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Комузчу Асылбек Насирдинов: колуман келишинче эски аспаптарды жасап, өнөр адамдарына тартуулаганга аракет кылам

— Комузчулар көп, бирок таланттуулар аз. Мындан улам комузчулук өнөр адамга табиятынан берилип, көрөңгөсүндө болушу керекпи деп ойлойм. Бирок, адамдын каалоосу күч болуп, өнөргө далалат кылса жыйынтыгы кандай болот?

— Азыркы төбөсү көрүнүп калган комузчу жигиттердин бардыгы эмгекчил, тартиптүү балдар. Себеби өнөр деген тартипти жакшы көргөн жан болот. Жаш комузчулар улуу комузчулардын күүлөөрүн таап, ыкмаларын колдонуп черткени мени кубандырат. Анткени совет учурунда комуз күүлөрүн нотага түшүрөбүз, европа музыкасына жакындаштырабыз, модернизациялайбыз дешкен. Анткени комузга көңүл кош мамиле болуп калган. Бирок азыр кудайдын кулагы сүйүнсүн жаш комузчуларыбыздын деңгээли мыкты.

Бирок комузчулук өнөр дээрде болушу керек. Эмгектин аркасы менен комузда таза, так ойношу мүмкүн. Бирок черткени угармандын жүрөгүн кытыгылап өтүшү зарыл. Угармандын жүрөгүнө жетиш үчүн өзүң аркылуу берсең бөлөк чыгарма жаралат.

— Кармап турган комузуңузду көтөрүп жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

— Көп жыл болду. Ал ортодо жакпай жүрүп, көп алмаштырдым. Азыр алып жүргөн комузум абдан жагат. Аны комузчу, уста Намазбек Уралиевдин колунан алгам. Кээ бир комузчулар "байге алгандагы комузум" деп ырымдап алмаштырбай жүрүшөт. Менде андай жок. Комуз жакса ойноп жүрө берем, жакпай калса сатып жиберем.

— Сиздин күүлөөрдү уруксаты жок чертип, колдонуп алган адамдарга карата кандай чараларды көрөсүз?

— Бул нерсеге жакында чек коюлат деп ойлойм. Юридикалык жолдорун таап, тизгиндебесем болбойт. Себеби ар бир чыгарма ишкананын жараткан продукциясы. Ал тиешелүү деңгээлде бир каражат алып келиши керек. Менин күүлөрүмдү телерадио жаатындагылар, тойканалар, жарнама агенттиктери көп колдонот. Өзүм көп арыздана бербейм. Бирок акыркы кезде чегине жетип баратат. Ылайыгы келген да, келбеген дагы жерге кошо беришет. 

Комузист Асылбек Насирдинов во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Комузчу Асылбек Насирдинов: менин күүлөрүмдү телерадио жаатындагылар, тойканалар, жарнама агенттиктери көп колдонот. Өзүм көп арыздана бербейм. Бирок акыркы кезде чегине жетип баратат. Ылайыгы келген да, келбеген дагы жерге кошо беришет

— Сизден уруксат сурайм дегендер кандай негизде кайрыла алышат?

— Эгерде колдонгон тарапка каражат алып келе турган болсо, сөзсүз түрдө акча төлөнүшү керек. Каражат алып келбей турган болсо жеке менин уруксатым менен колдоно берсе болот. Уяттуу кишилер телефон чалып сурашат. Элге ылайыгы келген долбоор болсо уруксат берип эле жүрөм.

— Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?

— Билбейм…Менин жашоом жалаң гана чыгармачылык менен коштолуп жүрөт.

— Филармонияда дагы иштечү белеңиз?

— Ал жактын эмгек акысы аз болгондунуна байланыштуу чыгып кеткем. Артисттер беш миң сом алып иштейт, ал деген сенин жол киреңен ашпайт да.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Чыгармачыл адам иш планы жок жүрбөйт. Музыкалык аспап жасоо боюнча өзүнчө планым бар. Жайында эмгек өргүүсүнө чыкканда чоордун жаңы түрлөрүн чыгарайын деп пландап жатам. Күүчүлүк өнөрүм боюнча он жыл мурун жазып койгон кайрыктарымды күү кылып чыгарайын деген ой-максаттарым бар. Музыкага аранжировка да жасап калам, ошол өнүрүмдү дагы өркүндөтсөмбү дейм. Үн жаздыруу боюнча да жакшы ойлорум бар, бирок атайын билим алсамбы деп ойлоп жүрөм.

— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Музыка жан дүйнөбүздүн азыгы. Саясаттан оолак болуп, маданиятка көбүрөөк ыктап, жеке жашообузга көбүрөөк көңүл буруп, бала-чака, тууган- туушкандын жыргалчылыгын көрсөк, биз көп жашайбыз.

Тема боюнча

Клипмейкерлер: ырчылар жарды болсо, сапаттуу клипти кантип тартабыз?
Ырыскелди Осмонкулов: Асанкалый агайдын куюлган терин көрүп таң калгам
Тургунаалы Жусуп Мамай теги: Кытай Жусуп атамды караган келиндерге да айлык төлөчү
Белгилер:
куу, комуз, Асылбек Насирдинов

ЭҢ МААНИЛҮҮ