Кыргыз жаштары түрк тилдүү мамлекеттердин фестивалына катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин которгон жаштардын архивдик суроту
Кыргызстандын желегин которгон жаштардын архивдик суроту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара 27-30-сентябрь күндөрү Азербайжандын Гянжа шаарында болуп, ага алты өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргыз жаштары түрк тилдүү мамлекеттердин фестивалына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Аталган иш-чара 27-30-сентябрь күндөрү Азербайжандын Гянжа шаарында болуп, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстандын жаштары катышат. 

Ар бир өлкөнү бештен тайпа тааныштырып, жаш артисттер жана сүрөтчүлөр сынагы болот. Мындан сырткары, иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0