Көч — бул фешн, көч — бул коммуникация. Жашоо кумарын арттырган улуу сапар

© REUTERS / Stringer Традиционные спортивные встречи в Казахском автономном округе Баркол
Традиционные спортивные встречи в Казахском автономном округе Баркол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Жазында жаздоо, жайында жайлоо, күзүндө күздөө, кышында кыштоо, дегеле көчмөн кыргыз жашоосун ойлогон кезде көз алдыбызга КӨЧ элестейт.

Отурук жашоого көнүп, шаарлашып, болгон-бүткөн жашообуз соодага, кызмат көрсөтүүгө, пайда табууга абдан ылайыкташканы менен табиятыбыз салкынды самап, тоону эңсеп, бийикке умтулуп турганыбыз турган. Ошондой кыргыздын бири катары көч тууралуу ой жоруп отурам.

Тизгин жаяр

Кыймыл — тирүүлүктүн эң биринчи көрсөткүчү. Кылымдар бою козголбогон таш дагы жансыз дегенибиз менен бир оодарылып алмайы бар. Жер өз огунда жана Күндүн айланасында айланган сымал бүткүл он сегиз миң аалам айланып, жылышып кошулуп, тогошуп-бөлүнүп, көч жолун, көч сапарын улантат. Планеталар парадын элестете турган болсок кудум эле көч.

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Кыз тапкан үй көрктүү. Кыргыздагы жеңелер институтунун мааниси
Жер бетинде жан-жаныбардын баары жашоо булагын жаңылап, бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүп отурат. Суу өрдөп бараткан балыктар көчүн, бел ашып, ашуу ашкан кайберен көчүн, келгин куштардын көчүн көрбөгөндөр болбосо керек. "Жердин куту ооп кетиптир", "Башынан багы тайыптыр", "Кут учуп кетиптир", "Касиет качыптыр", "Ооматы оошкон тура" деген сөздөрдү укканыбыз арбын. Демек, адам акылына сыйбас "КУТ", "ООМАТ", "БАК", "КАСИЕТ" деген түшүнүктөр да көчүп жүрөрүн аны туйгандардын айтканынан аңдасак болот.

Көч — бул жаңылануу

Тирүүлүктүн үлгүсү катары кишизатында да жаңылануу болуп турмагы абзел. Кийимиң эскирсе жаңысын алган сымал жан дүйнөнү да, жашоону да жаңылап туруу түпкүлүктөн келе жаткан жол. Аны кандай жасашкан? Көч сапары менен. Сапар бул ойду тазартат, бойду тазартат, акылды тундурат. Ал эми көч — бул улуу сапар.

Көч аркылуу кыргыз жан дүйнөсүн жаңылаган, байыткан. Анткени мейкиндик, табият, кооздук, сулуулук жан дүйнөңдү тазалайт. Суу кечкенде боюңдагы, оюңдагы жаман нерселер тазаланат деп коюшат элдик билимде. Ал эми көчтө канча сууну кечерсиң.

Көч аркылуу жашоосун материалдык дагы, руханий дагы жаңылаган кыргыз. Материалдык жаңылоо жаңы кийим, жаңы конушка, жаңы үй же жаңы буюм-тайым же жаңы ат-көлүк менен болуп турган. Ал эми руханий жаңылануу бир конуштан экинчи конушка келүү менен эски таарыныч, эски ыза-муң, эски терс нерселерден арылууну шарттаган. Көчтө баратып сүкүт чалып, термелип, ой-боюн аруулаган, уюп-муюп, акылы тунган. Адамдык асылдыкка умтулган, балким, жеткен.

Көч — бул саякат

Проект 40 девушек в этнокомплексе Супара - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2020
Көңүлдөш көпкө турбас, агайын эстен чыкпас, дос түбөлүк унутулбас. Жакындык жолу
"Аз күнчөлүк өмүр", "Күндүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин" дешет. "Атың барда жер тааны" дешет. Саякат, саякаттоо деген түшүнүктөр кийин келгени менен эл-жер көрүү деген түшүнүк кыргызда байыртан болуп келген. "Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" деп эл-жер көрүп, жер кезген кишини баркташкан. Анын билимин баалашкан. Үй-жайым, оокатым, дүнүйөм, байлыгым деп отура бергендер аз эле. Киши жашоосу ат үстүндө шамал жиреп, улам жаңыны издеп алып учуп жүрүп отурган. Табияттын мыйзамын аңдаган. Өмүрдүн өткүн экенин билген, ошондуктан жер кезип, эл тааныганга, жаңычылдыкка умтулуп жашаганга ынтызар болгон. Ошондон улам кыргыз көчү бул кыргыздын улуу саякаты десек болор. Саякатка жумурай журту менен аттанганы кызык иш. Бирок анын камылгасы андан да кызык. Эркектер жол чалып, жер чалып конуш тандашкан. Аялдар жол азык, күл азыгын камдап, жаңы конушка жаңы үй, жаңы жасалгаларын дайындашкан. Кыздар жол сапарын элестетип кыялданышкан. Жигиттер күлүгүн таптап убараланышкан. Көч саякаты көптүн көөдөнүн бийлеп, эргитип, канын кызытып, жашоо кумарын арттырып турган.

Көч — бул фешн (fashion)

Ушул мода көргөзүү түшүнүгү деле көчтөн улам келип чыкканбы дейсиң. Анткени ошол көчкө даярдык учурунда кийим маданияты биринчи орунда турган. Алыс сапар аттанганда жолду ката түмөн түр уруулардын аймагын аралап өтүшкөн. Баланчанын эли мындай экен деген кепке калбаш үчүн суусар тебетейин, жакшы ичигин эрлерине камдап, кундуз тебетей, кымкап тондорун, өкчөлүү өтүктөрүн кыздарына камдап, кундуз карматкан белдемчи, кундуз ичиктерин, кайкы элечек, күмүш чачпактарын байбиче энелерине камдап, кичинекей наристе, элгенчи кыздар, балдарга чейин жаңы, жарашыктуу кийимдерди аземдеп даярданышкан.

Празднование Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2020
Караңгы түндүн артында жаркырап тийчү күн бар... Өмүр-өлүм ортосу
Көчкө мине турган унаа-көлүктөр да басыгына, сырткы көрүнүшүнө карай тандалган. Айрыкча бойго жетип калган улан-кыздардын көркөмүн арттырып жакшы делген, асыл делген аргымактарга мингизишкен. Көчтүн көрктүү болмогу эзелки салт. Ал эми көркү эмнеде, көрүмдүүлүгү эмнеде? Дал ошол киши абийирин сактаган, кийинчерээк искусствого айланган кийимде эмеспи. Аны көргөзүүнүн шааниси көч менен эмеспи.

Көч келатат дегенде жолдогу айылдар тосуп чыгып, көч көркөмүнө көз талдырып, кооздукка, сулуулукка баа берип, жакшына кийинген бой жеткен кыздарды келин кылып алууга ниеттенип, байбиче сөөлөтүнө, эрлердин дөөлөтүнө, көчтүн шаңына термелип кала беришкен. Айтор, көч бул чоң көргөзмө, чоң фешн жумалыгы болгон десек жаңылышпайбыз.

Көч — бул коммуникация

Бараткан көчтүн көркүн карап, учурашып, ал-абал сурап, жүдөө болсо аяп, кооз болсо суктанып, чарчаңкы болсо конуп кетүүсүн, суусаңкы болсо токтоп өтүүсүн сунуштап, суусунун камдап, соёр малын даярдап жол тосуп туруу, жол тосуп чыгуу жолдогу айылдардын, конуш алган уруулардын милдети эле.

"Көч келатыптыр, баланчанын көчү экен" деген сөз угулганда тааныган, билген улуулар баланча аксакал менен учурашайын, баланча баатыр менен кан достугубуз бар эле түштөндүрүп коёюн, суу кечирип келейин, баланча кудабыз эле жандай чаап, ашуу ашырып келейин деп ойлонуп, камылга кылган. "Арыбагыла, көчүңөр көрктүү болсун, улооңордун бели бекпи" деп өтө сыпайы, аяр камкордугун билгизишкен.

Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2019
Табияттын мыйзамы бузулса, табият менен жазалайт. Кайберендин каргышына калба
Мурдатан арзышып калган кыз-жигиттердин же кызы, же жигити көч арасында болсо бир көрүп калмакка, салам дубайын, ысык арзуусун арнап алмакка дилгирленишкен.

Кыз жандап калган боз уландар болсо көчтүн көркөмүн арттырган кыздарды акмалашып көргөнүнө мас, батымдуусу бирин-экин сөз айтып тийишкенине мас.

Кыз тандап жүргөн жигиттер болсо алчыланган аргымакта ыңгыранып бараткан сулууну издеп убара. Ылайыгы келсе суусун сунуп, таанышканга куштар.

Ал эми жаш селкилер шааниси экиленген аргымагын минип, суусар тебетейин кийип менменсинген, анча-мынча баатырдыгы же чечендиги, мергендиги же эрдиги менен аты чыгып калган жигиттерге уялыңкы кыя багуу, көркөмүн көрүп, сөөлөтүнө баа берүү. Жеңесин колтуктай шыбырашуу.

Алыс-жакынды жолуктурган, сагынычтардын көксөөсүн сууткан, арзышкандарга үмүт берген, жактырышкандарды кыялданткан, саламын алик алган, жаңыны тааныштырган көч бул — байланыш, көч бул — коммуникация.

Көч — бул эс алуу

Той койнуна, суу боюна, көл жээгине, жайлоого, чет жерлерге ким-кимибиз жагдай шартыбызга жараша эс алууга барабыз. Түшүнүк, кабылдоолордун өзгөрүшүнө ылайык эс алуу десе көбүбүз шапар тээп, сайрандамайды түшүнөбүз.

Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2019
Сулуунун багын жандырып... Ач назар, ток назар же назардан арачалоо тууралуу
Ал эми эс — бул киши табиятындагы тээ байыркы, аруу, таза, кудайлык башат деп түшүнө турган болсок эс алуу бул ошол башатка баруу, өзүндөгү кудайлык бир учкунду, дараметти, улуу касиетти ойготуу болуп эсептелет. Ырас, кыргызда эс алууну табият менен байланыштырышкан соң, демек, адам качан таза башатка келет, качан таза табиятта болгондо. Өзүн кудайга тапшырганда, жанталашпаганда, шашпаганда, тунганда, аалам агымында термелгенде.

Бул абалга алып келүүгө көч эң сонун шарт эмеспи. Тоолорду аралап, белдерди, ашууларды ашып, сууларды кечип, арууланып, тазаланганда, бир калыпта жүрүп отуруп ыргакка келип, термелгенде табият менен айкалышып, бүтүндүк менен жуурулушканда акылы тунуп, кишилик асылдыкка жетип келген кыргыз, эс алып кудайды таанып келген кыргыз.

Улуттардан улуу көч

Азыркы 200дөн ашык өлкөнүн, улуттардын, этностордун баары турганы турган жеринде, отурганы отурган жерде эле жаралып калган жок. Алардын көпчүлүгү оошуп-жылышып, чабышып, кырылып, качып-бозуп отуруп азыркы аймактарына ээ болуп калды.

Биздин замандын ІV кылымынан баштап VІІ кылымына чейин Чыгыштан Батышка карай улуттардын улуу көчү жүргөн. Муну Гунндардын улуу жортуулу деп да аташат. Гунндар өз жолунда учураган урууларды, элдерди же кошуп алып, же алдына салып кууп жүрүп отурган. Гунндардын жортуулунан коркуп Рим империясы дээрлик бардык колонияларын бошотуп, түпкү өз мекенине кайтса, герман элдеринин курамындагы англосакстар британ аралдарына кирип барып, андагы жергиликтүү кельттерди кыса баштаган.

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2019
Бетинин отун азайтпай... Кыргыз аялдары колдонуп келген сулуулук каражаттары
Азыркы батыш өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгы гунндардын таасиринен улам мерчемдүү аймактарды ээлеп калганы анык. Бул көч менен улуттардын ортосунда, керек болсо цивилизациялардын ортолорунда маданий кагылышуулар менен бирге маданият алмашуу жүргөн. Тилдик байланыштар, жакындыктар дагы дал ушул доордун таасиринен пайда болгон. Салттар жаңыланган, маданияттар аралашкан, карым-катыштын негизинде сөөк жаңыртуу да күчөгөн. Анын натыйжасында адамзаттын аң-сезимдик өсүүсүнө жол ачылган. Мезгил келет, доор алмашат жер бетинде дагы да улуу көчтөр уланат. Чыгыштан Батышка болгон сапар эми бир галактикадан башка галактикага болуп калмагы да бар.

Тизгин жыяр

Көрүнөө көч деп кереметине тамшанабыз. "Жол азабы - көр азабы" деп денебизди аяп, түйшөлткүбүз келбейт, камылгасы деп капчыгыбызга кайгы тартабыз. Бирок эл көрүү, жер көрүү, аң-сезимдик да, материалдык да жаңыланып туруу, төрт тарабыбыз төп болуп бышканда элге көргөзө билүү, өзгөрүү, узак сапарга аттануу, улуу көч жасоо колубуздан келе турган нерсе. Жер которуп кеткен кыргыз канча. Анткен менен сыртыбызды эле эмес ичибизди, жаныбызды ала жүрөлү. Эс алалы, саякаттайлы, туналы, кишилик асылдыкка умтулалы.

Жаңылыктар түрмөгү
0