Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп

© Sputnik / Азат АкаевМодернизация международного аэропорта "Манас"
Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин өзүнүн учагы жок десе көбү ишенбейт дейт колумнист Бегимай Бакашева. Ал тургай, макала чыкканда тиешелүү органдар "туура эмес маалымат" деп чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Анткени документ жүзүндө 2-3 учак болсо керек. Бирок учпай калган самолеттун кереги эмне?

Акыркы күндөрү Кыргызстанда күн сайын бери дегенде 700-800 киши көздөгөн жерине жетпей, бардык пландары бузулуп турган кез. Air Manas компаниясы Бишкек — Ош  жана Ош — Бишкек багыты боюнча каттамдарын токтотуп койду. Алгач "техникалык себептерден улам" деп айтып келишсе, акыры Транспорт жана жолдор министрлиги самолеттун бузулган жерин оңдоо үчүн тетик табылбай жатканын айтты.

Пассажиры аэропорта Пекина - Sputnik Кыргызстан
Учакты сааттап күткөн жүргүнчүгө компенсация төлөнөбү? Юристтин жообу
Тилекке каршы, бул азыр эле пайда боло калган маселе эмес. Кыргызстандагы авиакомпаниялар маал-маалы менен каттамдарды 10 сааттан ашык кечиктирип же таптакыр учпай койгон мисалдар толтура. Аны ары-бери каттап жүргөн мекендештер эң сонун билет.

Өкмөт туризмди, ишкерликти өнүктүрөбүз дегени менен ошол чет элдиктерди өлкөгө ташып келүүнүн, өзүбүздүн жарандардын сыртка ээн-эркин каттап туруусунун жолун табууга аракет кылбаганы өкүнүчтүү.

Учаксыз өлкө

Чынын айтканда, Кыргызстанда  учак түгүл авиакомпаниянын өзү дагы жок. Документ түрүндө гана акциялары 100 пайыз Мамлекеттик мүлктү башкаруу фандусуна тиешелүү "Эйр Кыргызстан" ишканасы бар. Анын жападан жалгыз учагы бузулуп калып, 2017-жылдын ноябрь айында ишин токтоткон

Мындан сырткары, "Манас" аэропортунун туунду компаниясы болуп эсептелген "Эйр Кей Джинин" ТУ-154 үлгүсүндөгү бир учагы бар. Бирок аны эл колдоно албайт. Компаниянын негизги ишмердүүлүгү — өлкөнүн биринчи адамдарын ташуу. Баса, көзгө басар бул учактын дагы өз "таржымалы" бар. Ага бир аздан соң токтололу. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен чыга элек КМШдагы жалгыз өлкө
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен чыга элек КМШдагы жалгыз өлкө

Аткарылбаган убадалар

Авиация тармагында жомоктогудай убадалар көп берилет. Бирок көпчүлүгү аткарылбайт. Бир нечесин мисал келтирели.

— Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов эсиңерде болсо керек. Ал жетекчи кезинде, тагыраагы, 2018-жылдын 3-августунда Sputnik агенттигине маек куруп, "Кыргызстан 2019-жылдын биринчи кварталында Эл аралык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинен чыгат" деп айткан эле. Азыр биринчи эмес, төртүнчү квартал болду. Бирок министрликтин "кара тизмеден чыктык" деген сүйүнчүсүн уга элекпиз.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары
Баса, ошондо эле авиацияга жакын тааныштар "министрдин бул билдирүүсү күлкү келтирерлик" деп баалашкан. Алардын айтымында, өкмөт билек түрө киришкен күндө дагы кара тизмеден чыгууга бир нече жыл талап кылынат экен.

Анда министр кайсы фактыга таянып сүйлөгөн? Кара тизмеден чыгуу мынча татаал экенин өзү түшүнгөн эмеспи? Же аткарылбай турган нерсени айтып коюу министр үчүн оңой элеби?

— "Эйр Кыргызстан" компаниясын өз алдынча иштете албай калган жетекчиси Жолдошбек Бектурганов биргелешип иштешүүгө инвестор издеп жатканын көп айтты. Жада калса, бир ирет Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы ишкананын 49 пайыз акциясын сатып алууга кызыкдар экенин, сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген. Бирок ишти аягына чыгара алган жок. Учурда компаниянын эшигин кара кулпу кайтарып калган кез.

Ошол эле учурда коңшу казак эли чет элдик инвесторлор менен Air Astana компаниясын түзүп алышты. Ишкананын 49 пайыз акциясы британиялык BAE Systems plc корпорациясына, 51 пайызы Казакстандын өкмөтүнө караштуу "Самрук-Казына" АКсына тиешелүү. Азыр компаниянын батыш үлгүсүндөгү 35 учагы, 5 миңден ашуун кызматкери бар. Кызыгы, 2018-жылы Air Astana базасында арзаныраак кызмат көрсөтүүчү  FlyArystan компаниясын ачышты. Биз эмнеге мындай иш кыла албайбыз?

Баса, бир жыл мурда учагы жок иштебей калган "Эйр Кыргызстанга" Россияда чыгарылган Sukhoi Superjet 100 жана "МС-21" самолетторун жеңилдетилген баа менен сатып алуу боюнча алгачкы келишимдерге кол коюлганын ишкананын директору Жолдошбек Бектурганов айтып берген. Кийин ал келишим эмне болгонун, учактар келер-келбеси боюнча азыркыга чейин үн ката элек.

Аэропорт Внуково имени А. Н. Туполева - Sputnik Кыргызстан
Учактагы ымыркайдын өлүмү. Самолетко кандай оору менен ооругандар түшө албайт
— Былтыр сентябрь айында өлкө башчысын ташыган биринчи борттун моралдык жактан эскилиги жеткени, аны алмаштыруу боюнча сунуш президентке жана премьер-министрге киргизилгени айтылган. Бул жөнүндө чет элдик ЖМКлар дагы жазышкан. Бирок бул сөз дагы деле сөз бойдон гана калды. Кийин бир жыйында Авиация агенттигинин бөлүм башчысы Алымбай Абакиров "Азыркы биринчи борт Ту-154 мурда белекке келгенин, азыр деле бирөөлөр ошол сыяктуу учак тартуу кылып койсо жакшы болот эле" деп үмтөткөн. Бирок эч ким үн каткан жок, өзүбүз аракет кылбасак, ким бизге даяр оокатын берип коймок эле?

— 2018-жылы Авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев дагы бир иш планы менен бөлүшкөн. Ал учурда президентти ташуу менен алектенген "Эйр Кей Джи" компаниясын келечекте негизги мамлекеттик авиакомпания кылууну максат кылып, эки Boeing жана эки Airbus сатып алууну ойлонуп жатканын айткан. Андан бери жыл өттү. Жылыш жок. 

© Фото / Facebook / Международный аэропорт МанасУшул тапта Air Manas компаниясынын акционерлери алмашып жатат
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп - Sputnik Кыргызстан
Ушул тапта Air Manas компаниясынын акционерлери алмашып жатат

Air Manas эмне болуп жатат?

Кепти ушул компаниядан баштабадык беле. Эмнеге каттамдары үзгүлтүккө учурап жатат десе, жалгыз учагы бузулгандан тышкары, ишканада акционерлер алмашып жатыптыр. Эсиңерде болсо, 2013-2014-жылдары Кыргызстандын рыногуна түрктөрдүн Pegasus Airlines компаниясы кирип, жергиликтүү авиаторлорду бир топ чыркыраткан. Билет баасы өтө эле төмөн болгону атаандаштарга жакпай, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги анын ишмердүүлүгүн иликтөөгө алган.  Анда компания Air Manas ишканасынын 49 пайызын сатып алып, иш баштаган эле. Көрсө түркиялыктар ошол үлүшүн жакында эле Улуу Британиянын Белфаст шаарында каттоодон өткөн AviaTrade Corp. LP. компаниясына сатыптыр.

Бул компания Кыргызстанда канчалык деңгээлде ишкерлик кылып, авиация тармагына салым кошору али белгисиз. Азырынча каттамдар үзгүлтүккө учурап, элди убайымга гана салып жаткан кези. 

© SputnikАкыркы учурларда Avia Traffic компаниясынын каттамдарында кечигүүлөр көп катталууда
Бир да учагыбыз жок! Бүк түшкөн кыргыз авиациясынын абалы тууралуу арман кеп - Sputnik Кыргызстан
Акыркы учурларда Avia Traffic компаниясынын каттамдарында кечигүүлөр көп катталууда

Avia Traffic жана TEZ JET

Канча учак менен каякка бара алабыз? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан учакка отуруп кайсы шаарларга түз жетсе болот
Андан башка Кыргызстанда жеке ишкерлерге тиешелүү эки гана компания бар. Avia Traffic жана TEZ JET. Биринчиси өлкөнүн ичине да, сыртка дагы каттайт. Экинчиси Кыргызстандан чыкпайт. Экөө тең кыргызстандык авиаторлор Карим Дамин менен Алик Аскаровго таандык экени айтылат. Юстиция министрлигиндеги документтерде негиздөөчүлөрдүн катарында бул экөөнөн башка Аскаров Максим Аликович менен Мамытов Эсен Сыргакович деген ысымдар бар.

Бүгүнкүдөй авиация унутта калган шартта жанын сабап иштеп жүргөн мындай ишкерлерге эч нерсе дей албайсың. Бирок Avia Traffic компаниясынын ишиндеги айрым мүчүлүштүктөргө таптакыр көз жумуп коюуга дагы болбойт.

Компаниянын учактары бузулуп калып, бир нече ирет орто жолдон кайтып келген мисалдар бар. Жакынкы айларда болсо учактары абага 11, 15 саат  кечигип көтөрүлүп жүрөт.

Ал ортодо коңшулар...

Коңшулар бизден оголе алдыда, салыштырып дагы болбойт. Мисалы, Казакстанда 10дон ашык авиакомпания иштейт. Алар Франкфурт, Бангкок, Гонконг, Куала-Лумпур шаарларына түз каттайт. Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясы Uzbekistan Airways Нью-Йорк шаарына учат. Тажиктердин Дели, Пекин, Дубай шаарларына каттамдары бар.

P.S. Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0