Учакты сааттап күткөн жүргүнчүгө компенсация төлөнөбү? Юристтин жообу

© REUTERS / MO YATПассажиры аэропорта Пекина
Пассажиры аэропорта Пекина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакомпания сапатсыз кызмат көрсөткөн учурда жүргүнчү кайсы органдарга даттанса болорун юрист түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Акыркы кезде авиакаттамдар белгисиз себептер менен бир нече саатка кармалган учурлар көбөйдү.

Мисалы, 9-сентябрда саат 9да Оштон Москва шаарына барчу учак эртеси күнү таңкы 5.20да араң абага көтөрүлдү. Самолёт "Уральские авиалинии" компаниясына таандык эле. Аэропортто 156 адам 20 сааттан узак зарыгып күтүп отурушту. Калган ону өз өмүрүнөн кооптонуп, учуудан баш тартты.

© Фото / Зульфия Тургунова9-сентябрда саат 9да Оштон Москва шаарына барчу учак эртеси күнү таңкы 5.20да араң абага көтөрүлдү.
9-сентябрда саат 9да Оштон Москва шаарына барчу учак эртеси күнү таңкы 5.20да араң абага көтөрүлдү. - Sputnik Кыргызстан
1/3
9-сентябрда саат 9да Оштон Москва шаарына барчу учак эртеси күнү таңкы 5.20да араң абага көтөрүлдү.
© Фото / Зульфия ТургуноваСамолёт "Уральские авиалинии" компаниясына таандык эле.
Самолёт Уральские авиалинии компаниясына таандык эле. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Самолёт "Уральские авиалинии" компаниясына таандык эле.
© Фото / Зульфия ТургуноваАэропортто 156 адам 20 сааттан узак зарыгып күтүп отурушту. Калган ону өз өмүрүнөн кооптонуп, учуудан баш тартты.
Аэропортто 156 адам 20 сааттан узак зарыгып күтүп отурушту. Калган ону өз өмүрүнөн кооптонуп, учуудан баш тартты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Аэропортто 156 адам 20 сааттан узак зарыгып күтүп отурушту. Калган ону өз өмүрүнөн кооптонуп, учуудан баш тартты.
1/3
9-сентябрда саат 9да Оштон Москва шаарына барчу учак эртеси күнү таңкы 5.20да араң абага көтөрүлдү.
2/3
Самолёт "Уральские авиалинии" компаниясына таандык эле.
3/3
Аэропортто 156 адам 20 сааттан узак зарыгып күтүп отурушту. Калган ону өз өмүрүнөн кооптонуп, учуудан баш тартты.

Ушундай эле окуя 22-август күнү да болгон. Анда Avia Traffic компаниясынын Бишкек — Анталья багыты боюнча эртең мененки саат 6.05те учуп кетчү самолёту 11 саат 27 мүнөткө кечигип жолго чыккан. Анда дагы жүргүнчүлөрдүн нааразы болуп жаткан учурлары социалдык тармактарга тараган.

Мындай окуялардан улам өз укугун билгиси келген окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.

"Эс алууга бара жаткандардын бир нече сааты, керек болсо бир күнү текке кеткен учурлар болот. Ал эми ооруп операция жасатканы бара жаткандар же маанилүү иштер менен андан ары башка мамлекетке учуп кетчүлөрчү? Булардын чыгымдарынын ордун ким топтурат?" — деген суроону бишкектик Марат аттуу жаран узатты.

Ошондой эле кайрылгандар арасында каттамды сааттап күтүп отурганда тамак-аш менен ким камсыздашы керектигине кызыккандар болду.

Окурмандардын суроосуна юрист Фатима Якупбаева жооп берди.

Адистин айтымында, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө авиакомпаниялар өз милдетин сапатсыз аткарган учурларда жүргүнчүлөрдүн укугун коргой турган кодекстер иштейт. Бирок Кыргызстанда мындай документ жок.

"Бизде каттамды кечиктирип же такыр эле аткарбай койгон авиакомпанияларды кардарлардын чыгымынын ордун толтурууга милдеттендирген эреже жок. Бирок "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзам бар. Ага ылайык, кардар үч жакка кайрыла алат", — деди Якупбаева.

Аэропорт Внуково имени А. Н. Туполева - Sputnik Кыргызстан
Учактагы ымыркайдын өлүмү. Самолетко кандай оору менен ооругандар түшө албайт
Биринчиси — авиакомпаниянын өзү. Кардар канча чыгым тартканын тастыкташ үчүн тиешелүү документтерди арыз менен кошо жибериши керек. Мисалы, мейманкананы брондоо баракчасы, ооруканага жолдомо, иш-чарага чакыруу же андан ары учуп кете турган каттамга билет сыяктуу документтер. Кепилдик жок, бирок айрым компаниялар чыгымдын ордун толтуруп бериши толук ыктымал.

Экинчиси — Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги. Эгер авиакомпания даттанууну тоотпой, жооп бербей койсо, ушул органга кайрылуу керек. Юристтин айтымында, чыгымдын ордун толтуртуунун эң эффективдүү жолу ушул. Ал керектөөчүнүн укугу бузулган же бузулбаганын эң көп дегенде эки айдын ичинде карап чыгат. Анан дагы өз кызматы үчүн эч кандай акы албайт.

Үчүнчүсү — сот. Бирок сотко кайрылуу үчүн мамлекеттик пошлинаны төлөө зарыл жана арызыңыз бери дегенде жарым жылдын ичинде каралат.

Кызмат көрсөткөн компания чет элдик болсочу?

Чет өлкөлүк компаниялар болсо ар бирин индивидуалдуу кароо керек. Анткени ар бир ишкананын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү менен келишими ар кандай болот. Тагыраагы, чет элдик компаниянын Кыргызстанда расмий өкүлдөрү иштейт. Айрымдары чыгымдар боюнча милдетти мойнуна алышы мүмкүн. Бирок көпчүлүгү бул жакта компаниянын билетин сатып берүү менен гана алектенет. Кандай болгон күндө дагы өкүлдөргө кайрылып көрүү зарыл.

Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк оозго тыгылат! Кыргызстандык авиакомпаниялардын кудайлаткан учактары
Эгер учак Европа өлкөлөрүнө же түркиялык компанияларга тиешелүү болсо, ал жактарда Европа парламенти 2004-жылы кабыл алган "Авиа жүргүнчүнүн укуктары" регламенти бар. Ага ылайык, каттам үч сааттан ашык кармалса же токтотулса, жүргүнчүлөргө компенсация төлөнүп берилет. Өлчөмү 125 евродон 600 еврого чейин. Орто эсеп менен 450 евро. Суммасы багыттарга жараша. Мисалы, Европа биримдиги ичиндеги каттамдар, ЕБден чыккан каттам жана башка өлкөдөн ага келген каттам болуп бөлүнөт.

Россиялык авиакомпания болсо, РФтин колдонуучулар жана адамдын жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматына (Роспотребнадзор) кайрылып көрсө болот.

Тамак-аш маселеси

Каттам кармалып жатса, авиакомпания жүргүнчүлөргө тамак берүүсү керек деп эч жерде жазылган эмес. Андыктан жарандар мындай доомат менен кайсы бир органга кайрылып пайда табары күмөн. Бирок юрист кардарды ачка күттүрүп коюу гумандуулукка жатпай турганын айтып, кызмат көрсөтүп жаткандан кийин бардык ыңгайлар түзүлүшү керек деп эсептейт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0