01:04 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Даңк ордени. Архивдик сүрөт

Сыйлык алчулардын документин ачып караган киши жок. Мен билген 7 чындык

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
234910

Эркиме койсо, мамлекеттик наамдардын көбүн жокко чыгармакмын дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков. Мунун себебин төмөндөгү ой толгоосунда кенен түшүндүрүп берди.

Пикирим үчүн айрымдар таарынар, ал тургай түшүнбөй жемелээр. Ак мээнети үчүн алкыш алууга татыктуулар жана татыктуумун деп ойлогондор арабызда аз эмес. Бирок терең ойлонуп көрсөк, наам ыйгаруу жөрөлгөсүнүн коом, эл ынтымагы, ыйман, кишинин өсүшү үчүн пайдасынан зыяны көбүрөөктөй.

Ыдыраган ыклас жана ичтен жеген курт

Биринчиден, наамга болгон кызыгуунун адамдын түз ниетине, таза ыкласына кесепети тиет экен. Себеби бир ишти эл, мекен, адамзат үчүн, болбосо тек гана инсандык, кесипкөйлүк озуйпаны татыктуу өтөө максатында эмес, сыйлык алып, сыймык күтүү ниетинде жасоого ыктатат. Ыр жазасыңбы, пьеса коёсуңбу, кино тартасыңбы, чоң салтанаттарга режиссерлук кыласыңбы, мектеп курасыңбы же дарттууну дарылайсыңбы, көзүңө Ардак грамотанын, "Даңк" менен "Манас" орденинин жаркылдаган сүрөтү тартылып, дүркүрөгөн кол чабуулар астында ажо "Эл акыны" же "Эл артисти" деген ардактуу наамды энчилеп жатканы элестеп эсиңди эндиретип турса, кайдагы ыклас да, кайдагы калыс ниет?

Экинчиден, сыйлык жана наам күтүү канчалаган адамдардын ден соолугуна, бактысына балта чабууда. Жакшы ишти жасарын жасап алып, "Атаңдын көрү, ушуну билишпеди, баалашпады" деп ар кимге таарынып жүргөндөн маанайың жаркып, саламаттыгың чыңалып кетпейт. Таарыныч деген – ичтен иритип, акырын кемирген курт сыяктуу. Өзгөнү тажатып, өзүңдү муңкантып, аброюңду астанадай аттап, постектей тебелей турган зыяндуу сезим.

Жыл сайын сыйлыкка талапкер болуп, жыйынтыгын күтүү да оңой иш эмес. Ой-пикириң, үмүтүң бир белгисиздикке багытталып, туман арасынан туу көтөргөн ийгилик оро-пара чыгуусун күтүп жашагандан асырасын Жараткан. Өмүр – бул жокту күтүп кезерүү же өткөндү өкчөп өксүү үчүн эмес, барды барктап, көмүскө көрөңгөнү ачып, жакшылыкка пайдаланууга берилген эң кымбат мезгил мерчеми...

СССР дале жашап жатат...

Үчүнчүдөн, сыйлык менен наам ыйгаруу - пакиза периштелер аткарчу милдет эмес. Бир пендезатынын элегинен өтүп, өкүмүнө байланган иш.

…Ким адабиятта алп эмгек кылганын бир жылда бир адабий китеп окур-окубасы шектүүлөр чечип жатканын көргөндө кантип чечекейиң чеч болот? Аалы менен Жоомарттын фамилиясын так айта албагандар акындарга баа берип, Океев менен Шамшиевдин фильмдерин айра тааныбагандар актерлор менен режиссерлордун тагдырларын калчап жатканда кантип күйбөгөн жериң күл болбойт?..

Мен өзүм да сыйлык-наамга татыктууларды тандаган коллегияда мүчө катары биринчи жолу иштеп көрдүм. Оо Кудай, кимдин кайсы тармакка канчалык эмгек сиңиргенин баалап, тыянак чыгарып тариздегидей мен ким элем? Кыргызстандын булуң-бурчунан канчалаган талапкерлердин кимисинин эмне кылганын кайдан билем? Мисалы, «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамына талапкер аксылык Ырызаалы Жанчаров дегенди коллегиянын мүчөсү болгонум үчүн гана өмүрүмдө биринчи жолу уктум. Иликтей келсем, тарыхый романдан баштап ыр, кара сөз, публицистика тармагында катар-катар китептерди жазып чыгарып койгон чебер калемгер, эл-жеринде кадыры зор журналист, коомдук ишмер экен. Анын китептерине, эмгектерине менден башка коллегия мүчөлөрү кызыгып көрдүбү? Алардын басымдуу көпчүлүгү сыйлык-наамга талапкерлер аруу үмүт менен толтуруп жиберген документтерин ырымга болсо да бир ачып коюшпайт экен. Ачуу чындык мына ушундай...

Төртүнчүдөн, наам жана сыйлык берип, далыңдан таптап "сен укмушсуң" деп эшектей иштетүү — бул совет доорундагы идеологиялык машинанын куу ыкмасы эле. Айтылуу Рыспай ырчы атак-даңктын чокусунда турган учурда Улуттук филармонияда жумалап концерт берип, ар бир кечте залга адам батпай, билеттер Кызыл китепке кирген кыргоолдой таңкыс болуп, бирок концерт аяктаган соң аккордеонун мойнуна асып алып, 20-30 сомдун тегерегиндеги гонорарын чөнтөгүнө салып жөө-жалаңдап үйүнө кеткени тууралуу айыңдар айтылып жүрөт. Мамлекет ошентип адамды качырдай иштетип, кирешесин шыпырып алып, а эмгек ээсине бешбармакка малынган соң манжага жуккан майды жалаткансып бир аз көз акысын ыйгарып туруп "ушул жетет, күтө турсаң сыйлык берип, сыймыкка бөлөйбүз" деген таризде куру сөз, кургак үмүткө семиртип, өз кызыкчылыгына пайдаланган экен. СССР ураган менен сыйлык тууралуу түшүнүк аң-сезимдерде дале жашап келет. Ооба, шоу-бизнес күркүрөгөн базар экономикасы шартында өмүр кечирип жатабыз, бирок өмүрдү эмес, өмүр баянды узартып, өлгөндө некрологго жазылгандан башкага жарабаган сыйлык жана наам үчүн башыбызды ташка уруп, кадырыбызды көрүнгөндүн астына көрпөдөй жайып жалдыраган аң-сезим каныбызда кала берди, аттиң.

Чөлдөн көл издебе

Бешинчиден, сыйлык, наам берүү ишинде эч качан адилеттүүлүк болчудай эмес. Анткени, аттиң, коомубузда, элибизде максатка жетүүнү же көйгөйдү чечүүнү бирөөнүн алдына бармай, телефон чалмай же тааныш салмай деп түшүнгөндөр огеле көп. Өз көмөчүнө күл тартуу үчүн адам тагдырын топ таштай ойноочу сүрмө топторго башын тыккандар да бир топ. Кээде ким сыйлык же наам алар-албасын чечүү үчүн түзүлгөн коллегиянын айрым мүчөлөрү өздөрү, айрымдарынын жакын туугандары, керек болсо жубайлары наам-сыйлыкка талапкер болот дейт. Балким, алар бааланууга, сый көрүүгө татыктуудур. Бирок бүткүл дүйнөдө "кызыкчылыктардын карама-каршылыгы" деген этиканын эң жөнөкөй эрежеси, ченеми бар. Жеке кызыкчылыгы бар иште адамдан адилеттүү чечим күтүүгө болбойт. Ошондуктан өзү же жакыны сыйлыкка көрсөтүлгөн учурда коллегия мүчөсү дароо коллегиядан чыгарылышы шарт. Болбосо, чыныгы коррупциянын тамыры ушундайдан чартактайт.

Алтынчыдан, ушул бойдон кетсек, бир аздан соң таш ыргытсаң "эл акыны" менен "эл жазуучусунун" башына тийчү заман келчүдөй. Адегенде эки Касымалы (Жантөшов менен Баялинов), Түгөлбай менен Чыңгыз сыяктуу залкарларга буюруп, андан соң Касымбековго чейин эч кимге берилбеген "эл жазуучу" наамы кыйраткан бир да роман чыкпай калган азыркы заманда берешен бай таркаткан садагадай катарма-катар ыйгарылып жатат го, чиркин. Залкар аталарыбыз го чыныгы элдик болчу. Алар жазган "Каныбекти", "Ажарды", "Тоо арасынданы", "Делбиримди" окубаган адам болбогон ошол убакта. Төлөгөн атабыз "Сынган кылыч" баш болгон дүйнөнү дүңгүрөткөн үч романды жазган соң гана ушул зыяпатка арзыптыр. Азыркы биздерге алар менен эрегишүүнү ким коюптур. Ушунча талапты бийик коюп ыйгарыла баштаган наамды ылайыктуу адам чыкканча тапшырбай эле турсак кантет? Берилбей жатса эскирип кеткидей, наам деген эт менен сүт же кийим эмес го акыры.

Өтүш эмес өсүш маанилүү

Жетинчиден, наам менен сыйлык адабият менен маданияттын көтөрүлүшүнө себеп болобу деген суроо пайда болот. Кээде адам жетер чекке жеткен соң ишке карата кызыгуусун жоготуп, алга умтулуп аргымагын камчылабай калат. Эл жазуучу же эл артист болгон соң албаган, жетпеген эмнем калды деп, адам мокой, жалкоолоно түшөбү деп түйшөлөм. Ошондуктан эмгекти элдик деген наам үчүн эмес, эл үчүн кылсак токтоону да, майтарылууну да билбей иштесек керек. Анткени биздин өмүр чектелүү, а бирок эл калат, эл жашайт. Элге иштесең, эл сени эртедир-кечтир көтөрүп, көкөлөтүп алар. Сервантес "Дон Кихотту", Пушкин "Евгений Онегинди", Майн Рид "Башы жок чабандести", Руми "Месневини" жазып жатканда элдик деген наам же төш белги алышты ойлоп дагы койбогонуна ишенем. Талбаган эмгек аркылуу ашып-ташкан эргүүлөрү рух дареметин ачып, чыгармаларын чындык деп чыркырап, акыйкат деп азаптанып жазышкан болуш керек. Эсебинде, көксөөсүндө "элдик" деген наам болбосо да, көкүрөгүндө эл, эртең, рух, акыл, келечек, адамзаттын бактысы, таалайы деген кам-пикир жашап, бийиктиктен алыска саресеп салып болочок муундар үчүн көөнөрбөс, эскирбес темаларды козгоп жазышкан үчүн алардын ишин береке коштоп, ийгилик жылоологон.

Кеп өзүң менен кошо көмүлчү наам менен макамда эмес, кылымдардын элегинен, замандардын сыноосунан өтүп тарых деген эң калыс соттун жакшы өкүмү буюруп, барактарынан бараандуу орун табууда экенин түшүнүү насип болгой ар бир талант ээсине. Ак ниет, аруу ыклас жана адал аракет – улуу ийгиликтердин башаты...

Тема боюнча

Эң оор кесип бар, сыр сактоо деген... Сырдаш болуунун 10 жолу
"Маданий дааватты" баштоо зарылдыгы тууралуу. 5 сунуш
Белгилер:
комиссия, артист, акын, жазуучу, наам, сыйлык

ЭҢ МААНИЛҮҮ