00:51 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив

Кеменин түбүн тешпе, бир боорум. Мекен менен соодалашпа!

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Нуржигит Кадырбеков
190070

Кыргызстанда шайлоолордо жарандардын добушун акчага айырбаштоо бул саясий процесстин талуу жери болуп келет. Колумнист Нуржигит Кадырбеков жипкирип, танып жана намыстанып элге кайрылды.

Жакында, буюрса атуул катары саясий тандоо жасайбыз: мамлекет жетекчисин, эл башчысын тандайбыз. Бул бир өзгөчө тандоо, өзгөчө жоопкерчилик, өзгөчө сыймык. Бирок "колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, шайлоо укугубузду барктабай жатабыз. Ошон үчүн добуш берүүгө барбагандар, катышпагандар канча. А бирок канча эл ушул укукка жетүү үчүн чок тебелеп, кан кечкен. Канча адамдар башын сайып, жанын берген. Ютюб каналынан издеп таап Мартин Лютер Кингдин "Менин кыялым бар!" (I have a dream) аттуу белгилүү сөзүн угуп көргүлө. Адам укугу, адам намысы, адам жоопкерчилиги канчалык кымбат экенин түшүнөсүң. Саясий укук үчүн полицейдин таягына башын, аскер кезеген мылтыкка төшүн тосуп, топ-тобу менен түрмөлөргө ыктыярдуу түшүп, бийликтин мажбурлоочу машинесининин алдына боюн таштагандар тууралуу бир аз болсо да кабардар болосуң.

Биздин бактыбыз – добуш берүү укугубуз

Бизге шайлоо укугу үчүн атышуунун, чабышуунун, айтышуунун, күрөшүүнүн зарылдыгы жок. Ал укугубуз колубузда турат. Болгону аны пайдалануу керек. Бул – өтө чоң бакыт, жоопкерчилик. Анткени, кеп ыйык мекендин ишин илгерилетүү озуйпасын, аманатын тигил же бул адамга ыйгаруу тууралуу болуп жатат. Бир жерге жеткиртүүгө алтын же акча берүү үчүн да ишенимдүү, чынчыл, таза адам издейсиң. Катылган сырды табыштаганга да оозу бек адам керек. А Мекен – бул алтын да эмес, сыр да эмес. Мекен – бул биздин көз карегибиз, жаныбыз жана намысыбыз. Касиеттүү Кыргызстаныбыз — бирөө "ме" деп бере койгон белек эмес. Кыргыз дөөлөтүн мекен кылуу үчүн канча жандар кыйылды, канча кандар акты. Канча терлер төгүлүп, көз жаштар тамды. Мекендүү болуш үчүн миң жылдап күрөшүп, миң жылдап сабыр кылдык. Акыры, бактыбыз бар экен, мекен күтүү насип болду. Бизге караганда алда канча көп элдерге буюрбаган эгемендикке жеттик. Эми аны сактоо керек. Сактоо дегенде эле душман менен атышууну, чабышууну, өлүүнү же өлтүрүүнү түшүнбөйлү. Шайлоо аркылуу татыктуу колдорго, адамдарга аманат кылуунун өзү – мекенди сактоо. Ушул ыйык милдетти жеке кызыкчылык менен ченегендик – бери эле дегенде оор кылмыш, чыккынчылык. Манас атабыз башын сайып, Жусуп, Абдыкадыр, Касым, Ишеналы аталарыбыз жанын берип, Дүйшөнкул менен Чолпонбай канын төгүп курган мекендин келечегин бөз же мал саткандай соодалашууну башка эмне деп аташка болот?

Добуш сатуу – шермендечилик… дешет өнүккөн өлкөлөр

Жетинбей жашаган кайырчы, каражатка муктаж оорукчан, карызга баткан жарды болсо мейли, не деген келишкен, керилген жаш улан-кыздар добуштарын акчага сатып жатат. Анан кантип жаштар биздин келечегибиз деп айтабыз. Добуш сатуу жана сатып алуу биздин саясий маданиятыбызда кадыресе көрүнүш. Бирок мындай жамандык замандан заманга, доордон доорго уланып кете бериш керекпи? Бир жерден токтоп, бир жерден үзүлүшү лаазым го. Кемчилигибизди кайталабайт, жаңыча ойлонуп, жаңы заман курат деп ишенген жаштарыбыз ушинтип напсиге кул болуп жатса, анда сууга аккан байкуштай алды артыбыздан тал кармайлыбы?

Эмне үчүн Япония өнүккөн, Малайзия гүлдөп, АКШ алдыга озгон? Анткени, алар мамлекет жүгүн аркалагандарды тандоодо бизге караганда алда канча азыраак адашат. Алар үчүн добуш сатуу деген – өзүнүн конок тоскон үйүнө заара ушаткандай эле бейадеп, жапайы көрүнүш. "Мынча акча берем, мага добуш бер!" деген талапкер ал жакта кызматка шайланмак тургай, шерменде болуп, абийири менен кошо саясаттан да түбөлүк кетет.

Добуш сатуу – бул тек гана бюллетенге белги коюу үчүн акы алуу эмес, бул абийирди жана уятты сатуу. Бир тыйыны жок калган адам жарды эмес, уятынан айрылган байкуш жарды. Анткени, уят менен ыйман бир тууган, бири кетсе экинчисин ээрчите кетет. Уят менен ыйман кетсе, сөлөкөтүң адамдыкындай болгону менен, ички сыпаттарың айбандыкына окшоп калат: кандай гана жаман, арам иш болбосун аткаруудан кайра тартпайсың.

Ар бир кылган тандообуздун акыбети болот. Эртең менен туруп чуркаганың – ден соолукту чыңдаганың, эпкин топтоп, кубаттанганың. Көп уктасаң – денеңди уулап, жүзүңдүн нурун жоготосуң. Адал жесең – зээниң курч, укум-тукумуң нарктуу, тилектериң кабыл болот. Арам тамак жесең – акылды мокотуп, ыймандан ажырай баштайсың. Эмгектенсең – көктөйсүң, өсүп, оожаласың. Сапатсыз мектепте окусаң – билимден куру жалак каласың. Ал эми добушуңду сатсаң – Мекендин жүрөгүнө бычак урасың. Бир муштумдай ашказаныңды, чөнтөгүңдү ыйык Мекендин бактысына айырбаштаган болосуң. Манас ата баштаган Кыргыз үчүн жан берген баатырлардын кымбат канын жана жанын тебелеп, бир тыйынга саткан болосуң. "Арам тамак аш болбойт" дейт акылман кыргыз. Мекенге кыянаттык кылуу менен, ишенип кой, ири алдыда өз башыңа балакет чакырасың: даракка чыгып, өзү отурган бутакты араалап жаткан сүрөттөгү кемпайдын кейпин киесиң. Өзүң менен кошо канчалаган таза, абийирдүү адамдардын ырыскысына балта чабасың. Себеби, баарыбыз бир өлкөнүн жараныбыз, тагдырлашпыз. "Кемеге түшкөндүн жаны бир" дейт го. Ошол кеменин түбүн тешпе, бир боорум.

Бөз менен, сөз менен, таш менен, алтын менен соода кыла бер. А бирок мекен менен соодалашпа! Мекен сатылса бактың, намысың, ырысың кошо сатылат. Уулуңдун келечеги, кызыңдын таалайы, небереңдин ооматы акчага айырбашталат.

Тандооңо жараша сыйлык табасың же азапка кириптер болосуң. Кылган амалың, таткан даамың бат эле бүтөт, а бирок алардын таасири, акыбети узакка созулат. Добуш сатуу менен ууруларга Кыргызстан деген сепилдин казынасынын дарбазасын ачып бересиң. Зулумдарды төрүңө өткөрүп, жалганчыларды түндүгүңө чыгарасың. Чөп жыйылган корооңо күйүүчү май чачасың. Арамдын үрөнүн себесиң. Кой кайтарууну карышкырга, кампа кайтарууну каракчыга табыштайсың. Эшекке төөнү, алтынга көөнү алмаштырасың. Мындай адепсиздик, мындай кош көңүлдүк, мындай жоопкерчиликсиздик дүйнөнү дүңгүрөткөн СССРди жок кылып, атагы ааламга кеткен Византияны, Римди, Алтын Ордону, Осмон империясын талкалаган.

Кыргызстаным – кичинекей өлкө. Миң жылдар бою сырттан кылыч сунуп, кол салгандар жок кыла алган эмес. А бирок ичтен уулагандар алсыратып, акыбалын оорлоткон. Добуш сатуу – мекенге билинбей уу берген сыяктуу. Ыйык Мекенибизди жарадар кылып албайлы, оорутуп албайлы, жоготуп албайлы. Кыргыз жаранына, өзгөчө жаштарга тилээрим: ыйман, тазалык, абийир жана жоопкерчилик!

Тема боюнча

300 миңдей шайлоочу катталган жеринен тыш жакта добуш бергиси келет
Кылмыш иши козголгон талапкердин тагдыры кандай болот
Белгилер:
мекен, добуш берүү, президенттик шайлоо, Нуржигит Кадырбеков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ