Жакында, буюрса атуул катары саясий тандоо жасайбыз: мамлекет жетекчисин, эл башчысын тандайбыз. Бул бир өзгөчө тандоо, өзгөчө жоопкерчилик, өзгөчө сыймык. Бирок "колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, шайлоо укугубузду барктабай жатабыз. Ошон үчүн добуш берүүгө барбагандар, катышпагандар канча. А бирок канча эл ушул укукка жетүү үчүн чок тебелеп, кан кечкен. Канча адамдар башын сайып, жанын берген. Ютюб каналынан издеп таап Мартин Лютер Кингдин "Менин кыялым бар!" (I have a dream) аттуу белгилүү сөзүн угуп көргүлө. Адам укугу, адам намысы, адам жоопкерчилиги канчалык кымбат экенин түшүнөсүң. Саясий укук үчүн полицейдин таягына башын, аскер кезеген мылтыкка төшүн тосуп, топ-тобу менен түрмөлөргө ыктыярдуу түшүп, бийликтин мажбурлоочу машинесининин алдына боюн таштагандар тууралуу бир аз болсо да кабардар болосуң.
Биздин бактыбыз – добуш берүү укугубуз
Добуш сатуу – шермендечилик… дешет өнүккөн өлкөлөр
Жетинбей жашаган кайырчы, каражатка муктаж оорукчан, карызга баткан жарды болсо мейли, не деген келишкен, керилген жаш улан-кыздар добуштарын акчага сатып жатат. Анан кантип жаштар биздин келечегибиз деп айтабыз. Добуш сатуу жана сатып алуу биздин саясий маданиятыбызда кадыресе көрүнүш. Бирок мындай жамандык замандан заманга, доордон доорго уланып кете бериш керекпи? Бир жерден токтоп, бир жерден үзүлүшү лаазым го. Кемчилигибизди кайталабайт, жаңыча ойлонуп, жаңы заман курат деп ишенген жаштарыбыз ушинтип напсиге кул болуп жатса, анда сууга аккан байкуштай алды артыбыздан тал кармайлыбы?
Добуш сатуу – бул тек гана бюллетенге белги коюу үчүн акы алуу эмес, бул абийирди жана уятты сатуу. Бир тыйыны жок калган адам жарды эмес, уятынан айрылган байкуш жарды. Анткени, уят менен ыйман бир тууган, бири кетсе экинчисин ээрчите кетет. Уят менен ыйман кетсе, сөлөкөтүң адамдыкындай болгону менен, ички сыпаттарың айбандыкына окшоп калат: кандай гана жаман, арам иш болбосун аткаруудан кайра тартпайсың.
Ар бир кылган тандообуздун акыбети болот. Эртең менен туруп чуркаганың – ден соолукту чыңдаганың, эпкин топтоп, кубаттанганың. Көп уктасаң – денеңди уулап, жүзүңдүн нурун жоготосуң. Адал жесең – зээниң курч, укум-тукумуң нарктуу, тилектериң кабыл болот. Арам тамак жесең – акылды мокотуп, ыймандан ажырай баштайсың. Эмгектенсең – көктөйсүң, өсүп, оожаласың. Сапатсыз мектепте окусаң – билимден куру жалак каласың. Ал эми добушуңду сатсаң – Мекендин жүрөгүнө бычак урасың. Бир муштумдай ашказаныңды, чөнтөгүңдү ыйык Мекендин бактысына айырбаштаган болосуң. Манас ата баштаган Кыргыз үчүн жан берген баатырлардын кымбат канын жана жанын тебелеп, бир тыйынга саткан болосуң. "Арам тамак аш болбойт" дейт акылман кыргыз. Мекенге кыянаттык кылуу менен, ишенип кой, ири алдыда өз башыңа балакет чакырасың: даракка чыгып, өзү отурган бутакты араалап жаткан сүрөттөгү кемпайдын кейпин киесиң. Өзүң менен кошо канчалаган таза, абийирдүү адамдардын ырыскысына балта чабасың. Себеби, баарыбыз бир өлкөнүн жараныбыз, тагдырлашпыз. "Кемеге түшкөндүн жаны бир" дейт го. Ошол кеменин түбүн тешпе, бир боорум.
Бөз менен, сөз менен, таш менен, алтын менен соода кыла бер. А бирок мекен менен соодалашпа! Мекен сатылса бактың, намысың, ырысың кошо сатылат. Уулуңдун келечеги, кызыңдын таалайы, небереңдин ооматы акчага айырбашталат.
Кыргызстаным – кичинекей өлкө. Миң жылдар бою сырттан кылыч сунуп, кол салгандар жок кыла алган эмес. А бирок ичтен уулагандар алсыратып, акыбалын оорлоткон. Добуш сатуу – мекенге билинбей уу берген сыяктуу. Ыйык Мекенибизди жарадар кылып албайлы, оорутуп албайлы, жоготуп албайлы. Кыргыз жаранына, өзгөчө жаштарга тилээрим: ыйман, тазалык, абийир жана жоопкерчилик!