Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мамлекеттин узун укуругу кылтакка качан илет?

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Баштадыңбы коркпо, коркосуңбу баштаба!

Президент Сооронбай Жээнбеков жаз келип жерге көк чыккандан тартып эле коррупция менен аёосуз күрөшө турганын айтып келет. Бул сөзүн резиденцияда аткаминерлердин алдында отуруп да, аймактарда эл менен жолугушуп жүргөндө да кайталап жатты. Анын "мамлекеттин укуругу узун, кымырып кетем деп ойлобогула! Жемкордук менен күрөш Ак үйдөн айыл өкмөттөргө чейин болот. Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла!" деген сөздөрү эсибизде калды. Ал эми соңку билдирүүсүндө "Жөн гана кыйкыра бербей, коррупционердин атын атагыла!" деп айтты. Мындан таасирленген жарандан жемкорлордун атын ачык атап, президентке кайрылуу жасашты. Муну көргөн эл президенттин сөзү менен иши дал келеби экен деп байкоо салып турат.

Аракеттер башталды окшойт. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев ошол коомдо катуу талкуу жараткан окуялардын кейипкерлери — маалымат катчы Анара Мамбеталиева, поезд коштоочусу Алия Асанбаева жана милициянын бөлүмүндө каза болгон Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен жолукту.

Күтө туралычы, кандай жыйынтык чыгаар экен. Иши кылып "алгач айтканыңды далилде, эми далилиңди далилде" дебесе экен деп үмүт арталы.

Скотчко күнү түшкөн канализация. Алтын-Ордо конушундагы көйгөйдүн чоо-жайын кесиптешим Бегимай Бакашева иликтеди.

Мугалимдер кыскарса эле мектептеги билим берүү оңолобу? Сиздин оюңуз кандай? Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагындагы мектептерден 3000ден ашык мугалимди кыскартууну баштады. Ал эми иштен кетүүгө мажбур болуп жаткан агартуучулар мындай чечимге нааразы. Мирбек Сакенов окуу жылынын башында жаралган маселенин күңгөй-тескейин тактап көрдү.

Кыргызстанда учурда үй курган 130дан ашуун компания бар. Ал арада батир алам деген кардардын адашып, алданып калган учурлары да арбыды. Батир алам деп жүрсөңүз юристтин ушул тогуз кеңешин билип алыңыз. Азыр же үйдөн жок, же акчадан жок, фирмалардын эшигин жыртып жүргөндөр четтен чыгат.

Ысык-Көл менен Нарын облусунун чектешкен аймагындагы тоолор өзүнүн кооздугу менен суктандырат. Бул кереметти көргөндө Кыргызстан теңдешсиз ажайып өлкө экенине дагы бир ирет ынанып каласыз.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежесин даярдап жатабыз. Асыл тукум, шамдагай күлүктөрдү сынаган кыска аралыкка ат чабуунун  жана күлүктүн чыдамкайлыгы менен чабандестин шыгын сынаган алыскы аралыкка ат чабуу оюнунун эреже-тартиби менен таанышып алыңыз.

Жөө күлүк Дарья Маслова Азиададан дагы бир медаль утту. Ушуну менен Маслова Азиаданын экинчи медалын тагынып жатат. Ал 25-августта 10 чакырымга чуркап алтын тагынса, мында 5 чакырым аралыкка жарышып экинчи болуп келген.

Учурда Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 17ге жетти. Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат, спортчуларыбызга ийгилик каалап туралы!

Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.73 (сатып алуу) жана 69.07 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Мамлекеттин узун укуругу бардык жерге жетип турсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0