Мугалимдер кыскарса эле мектептеги билим берүү оңолобу? Маселенин күңгөй-тескейи

© Sputnik / Эмиль СадыровОкуучулар сабак учуранда. Архив
Окуучулар сабак учуранда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагындагы мектептерден 3000ден ашык мугалимди кыскартууну баштады. Мындай аракеттерге билим сапатын жакшыртуу үчүн барып жаткандыгы айтылууда. Ал эми иштен кетүүгө мажбур болуп жаткан агартуучулар мындай чечимге нааразы.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуу жылынын башында жаралган маселенин күңгөй-тескейин тактап көрдү.

Жыл башында Билим берүү жана илим министрлиги атайын буйрук чыгарып, анда мектептерде аз саат алып иштеген мугалимдердин санын кыскартуу каралган. Мекеме чечимди анализ жүргүзүп, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгып кабыл алганын кабарлаган.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, мындай кадам билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында жасалууда.

© Sputnik / Асель АкматалиеваБилим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
Заместитель министра образования КР Надира Джусупбекова - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова

"Бул аракеттер мугалимдерди кыскартуу үчүн эмес, окуу жүктөмүн туура бөлүштүрүп оптимизациялоо үчүн жасалып жатат. Ар бир мугалим жумасына өзүнө тийиштүү саат алып, жакшы айлык акыга ээ болушу керек. Мунун аркасы менен мугалимдердин жоопкерчилиги жогорулап, алган классы жана сабактары боюнча жакшы жыйынтык чыгаруусу зарыл. Азыр ошол сабактардын сааттары майдаланып бөлүштүрүлүп билим берүү сапаты төмөндөп кетти. Себеби аз саат алып иштегендер жумасына мектепке бир күн эле келип кетет, башкалардын сабагына да катышпайт, өзүнүн окуучуларын да жакшы билбейт", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал жумуштан кетириле тургандардын үчтөн эки бөлүгү пенсия курагында болсо, калганы жаштар экендигин кошумчалады.

Кыскартуулар шаар жерине салыштырмалуу аймактагы билим берүү мекемелеринде көбүрөөк жүрүүдө. Учурда окуу жүктөмүн бөлүштүрүү милдети директорлорго тапшырылып, министрликтин буйругунун негизинде жумасына 18 сааттан аз сабак берген кызматкерлер ишсиз калууда.

Алсак, үч баланын энеси Альфия Зикирова он жылдан бери Ош облусунун Алай районундагы элеттеги мектептердин биринде кыргыз тилинен сабак берип келген. Кыскартууга дуушар болгон Зикирова жолдошу болуп буга чейин алган ири суммадагы ипотеканы төлөө маселеси менен бушайман.

© Фото / из личного архива Альфии ЗикировойҮч баланын энеси Альфия Зикирова
Кыргызстанка Альфия Зикирова с семьей - Sputnik Кыргызстан
Үч баланын энеси Альфия Зикирова

"Биздин мектепте кыргыз тили боюнча төрт мугалим бар. Алардын экөө 2-3 жылдан кийин пенсияга чыкса, бирөөнүн кичинекей баласы бар. Ошондуктан жаш болгондуктан мен кетүүгө аргасыз болуп жатам. Биз буга чейин 61 саатты 15 сааттан төрткө бөлүп алып иштеп келгенбиз. Бирок быйылкы буйруктун негизинде андай кылууга болбой жатат. Жолдошум экөөбүз бир миллион 300 миң сомдон ашык акчага ипотека алып үй салганбыз. Бухгалтерия 18 сааттан ылдый болбойт деди, райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылсам биз министрдин буйругун аткарып жатабыз дешүүдө. Алган ипотекабызды кантип төлөйбүз деп отурабыз, айына 12 миң сом төгүп туруу керек болчу", — деди ал.

Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалим менен врачтар өкмөттөн үй ала элек. Мамлекет курган тамдар кимге тийген
Сентябрь айында Альфия Зикирова өңдүү ишсиз калгандардын саны үч миңден ашат. Учурда алардын көпчүлүгү аталган чечимге ичи чыкпай келүүдө. Анткени шаарга караганда айыл жеринде жумуш табуу кыйын экени белгилүү эмеспи.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Нурзида Касымова жумуштан четтетилген мугалимдер акысыз окуп, бала бакча же жакынкы мектептерден жумуш таап берүүгө аракеттер көрүлүп, агартуучулар ара жолдо калбай турганын белгиледи.

© Sputnik / Асель АкматалиеваБилим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Нурзида Касымова
Ведущий специалист Минобразования Нурзида Касымова - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Нурзида Касымова

"Кыскартылган мугалимдердин көп бөлүгүн ардактуу эс алуудагы окутуучулар түзсө, жумалык жүктөмү 12 саатка жетпегендиги үчүн иштен алынган жаш мугалимдер сентябрь айынан баштап атайын даярдоо курстарынан өтүшөт. Республика боюнча балдар бакчасы жетишпегендиктен, биз балдарды мектепке чейинки даярдоочу атайын багытты ачканбыз. Кыскартылган мугалимдер мына ушул жерде балдарга таалим-тарбия беришет. Эч ким ишсиз калбайт", — деди Касымова.

Жүктөмдү бөлүштүрүү окуу планы менен мугалимдердин айлык акысына таасир тийгизбейт. Бир гана мектепте иштегендердин санын азайтат. Министрликтин финансы бөлүмүнүн башкы адиси Салмурбек Асановдун пикиринде акыркы жылдары сабак бергендердин саны да кескин көбөйүп кеткен.

"Биздин маалыматтар боюнча Кыргызстандагы мектептерде 2015-жылы 72 миң 900 мугалим болсо, 2017-жылы аларды саны 79 миң 500гө жеткен. Кыска убакыт ичинде эле мугалимдердин саны кескин көбөйүп кетти. Алардын 3500ү демографияга байланыштуу десек, калган 2000 мугалим аз саат менен иштегендер", — деди Асанов.

Министрликти кыскартуусуна ушул көрсөткүчтөр да түрткү болгон.

Бирок адистер демилге тыкыр көзөмөлгө алынбай, директорлор билгенин жасаса жыйынтык чыкпай тургандыгын сөз кылып коңгуроо кагууда. Көп жыл бул тармакта эмгектенген педагогика илимдеринин доктору Жанкороз Каниметовдун баамында, жакшы иштей албаган тааныш-билиш, тууган-туушкандар калып калбашы керек.

© Фото / предоставлено Жанкорозом КаниметовымПедагогика илимдеринин доктору Жанкороз Каниметов
Доктор педагогических наук Жанкороз Каниметов - Sputnik Кыргызстан
Педагогика илимдеринин доктору Жанкороз Каниметов

Учительница средней школы - Sputnik Кыргызстан
Булан институту: мугалимдердин айлыгы 3,7 эсе көбөйгөнү менен анча акча алышпайт
"Кесипкөй кадр көп маселени чече алат. Анан кыскартуу деп күчкө салып жакшы иштегендерди айдап жибербөө керек. Азыр мектептеги сапат аябай начарлап кетти. Баш-оту менен иштегендер гана калышы зарыл. Антпесе ошончо мугалимди дүрбөлөңгө салгандан кийин тааныш-билиш, тууган-туушкандыктан алыс болуш керек. Дагы бир айта турган нерсе, министрлик алдын ала мугалимдерге кыскартуу боло тургандыгын айтуусу кажет болчу. Анан чыга калып эле аларды орто жолдо таштап салганы туура эмес", — деди Каниметов.

Билим берүү жана илим министрлиги бул жасалып жаткан демилгенин алгачкы жыйынтыктары 2024-жылы чыга тургандыгын айтып ынандырууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы 2241 мектепте 80 миңге жакын мугалим эмгектенет. Ал эми жалпы билим берүү мекемелерин каржылоого жыл сайын 21 миллиард сомдой акча сарпталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0