Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ошто жакшы соодалашсаң, жарым акчаң жаныңда калат

Жазылуу
Кутман таң, окурман! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Эмгек өргүүгө чыгарым менен кичи мекеним Ошко кеттим. Адегенде эле ал жактын "баалашуу" системасы сырттан баргандарды таң калтырат эмеспи. Базарга кирип бир кийимдин баасын сурасаң "450 сом сизге 400гө берем" дейт. Мен үчүн эле ушундай арзандатты деп сүйүнүп сатып аласың. Бирок жакшылап соодалашсаңыз мындан да арзандатышы мүмкүн. Базар го мейли, таксилер да ушундай экен. Кечээ шаардан аэропортко (аралыгы 9 чакырым) эки таксини тосуп канчага жеткирерин сурасам негизи тариф 240 экенин айтканда артка бурула баштасам "Ой, токто канча бересиң? Отур 200гө таштап коёюн" деди. Ага макул болбой турсам үчүнчү такси келип дароо эле 200 сомго жеткирерин айтканда 150 сомго болобу десем ар жактагы бир байке менен эжени жолдон таштай өтөм деп алардан 25 сомдон алып айдап жөнөдү. Кечигип жатканымды укканда чаңызгытып,  аэропорттун алдына чейин алып кирип койду. Баса, ага чейин аэропорттун шлагбаумуна жеткенде "ичине кире берейинчи көп болсо 20 сом алат да" деп койгон. Мени түшүрүп жатып "шашып аткан экенсиз атайын ичине алып кирдим дагы 20 сом кошуп коюң эми" деди эле унчукпай эле ыраазы болуп, акчаны кармата койдум. Ооба, кардардын акчасын да алуу, өзүн да ыраазы кылуу чоң чеберчилик болсо керек…

Ал эми тоюңузга келип сизди сүйүнтүп, конокторуңуздун черин жаза бийлетип кеткен жергиликтүү ырчылардын кызмат акысын билип алыңыз. Ырчыларды тойго чакыргыңыз келсе, капчыгыңыз менен жакшылап кеңешиңиз алар доллар менен сүйлөшөт экен

Анан тойго барган артисттерге обу жоктонуп тиеше берүүдөн карманыңыз. Ырчы Назгүл Токтакунова "намысыма тийген жигит "эжелеп" кечирим сураганда жайына койдум" дейт. Ушундай балээден алыс болуңуз деген эле ой. 

Ошентип бир айга созулган Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты да соңуна чыкты. Түндө Франция менен Хорватия кыл чайнашкан беттеш өткөрүп натыйжада франциялыктар чемпион болду

Туристтердин өлкөгө көп келгени жакшы деңизчи, аларды жан алыбыз калбай тосуп алабыз. Бирок айрым учурда аргасыз баш чайкайсың. Чет жактан келген эс алуучулар жергиликтүү тургундардын, гиддердин жанын кашайтып жиберет

Белгилүү ырчы Бек Борбиев айылга кат жолдоп, күлдүргөн да, күйдүргөн да балалыгын, "почточулугун", жазмакерлигин эстеди

Социалдык тармактын кыргызстандагы колдонуучуларынын суктануусун жараткан видеодо башка улуттагы кыз акын Шайлообек Дүйшеевдин эне тил тууралуу ырын көркүнө чыгарып окуган. Анын бул көркөм окуусу миңден ашуун адамга жагып, видеону ондогон киши бөлүшүп чыккан. 

Кыргызстандын сумо боюнча көзгө басар балбандары Алмаз Эргешов менен Тилек Усупов күздө өтө турчу Көчмөндөр оюндарына кантип даярданып жатканын көрсөтүп берди. 

Аба ырайы тууралуу маалымат

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.13 (сатып алуу) жана 68.34 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ошко баратканда соодалашканды жакшы өздөштүрүп алыңыз.

Амандыгыңызды тилеп,  Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0