Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровИсфана — Кулунду — Максат унаа жолу. Архив
Исфана — Кулунду — Максат унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Аптанын алгачкы күнүндө өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпүчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү күтүлүүдө.

Абанын температурасы өлкөнүн түштүгүндө +37 градуска жетсе, Чүйдө  31…36, Таласка 28…33, Нарын менен Көлдө 22…27 градуска ысык болот.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына  4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0