Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жолдубаева эмнеге Жээнбековго жакпай калды?..

Жазылуу
Кутман таң! Күн сууктап кеткенине маанайыңызды чөктүрбөй туруңуз, эртеңден тарта жылый баштайт экен.

Ак үй жакты тыңшасаң, түрдүү күбүр-шыбыр кептер угула баштады. Соңку учурдагы кадрдык өзгөрүүлөрдөн кийин креслосуна бекем отурууга жан үрөй башташты. Ал эми сырттан көз салган эл дагы ким ээрден шыпырылаар экен деп күтүп отурат.

Кыштын кыраан суугунда авария болуп шаардыктарды тоңдурган Бишкек ТЭЦ көп жашыруун сырларды ачыктай баштады. Мунун кесепетинен жетекчилери топ-тобу менен кызматтан куулуп жатат. Кезек "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКтын башчысы Айбек Калиевге жеткен экен, кечээ күнү жетекчиликтен бошотулду

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков баш прокурор Индира Жолдубаеванын ишине канааттанбай жатканын айтып, аны да кара креслодон кулатуу боюнча сунуштаманы ЖКнын тармактын комитетине жиберди. Өлкө башчынын сунуштамасы комитеттин депутаттарына да жагып, бир добуштан колдоп беришти. Эми прокурор айымдын тагдырын бүгүн парламенттеги 120 депутат чечет. 

Кийинчерээк Жолдубаева кайсы жерден жаза басып, Жээнбековго жакпай калганы белгилүү болду. 

Ал арада абактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаев саламаттыгын текшертүү үчүн чыкты. Дарыгерлер текшерүүнүн жыйынтыгын бүгүн айтат. Эгер ден соолугу начарлап кеткен болсо, ал Улуттук кардиология борборуна жаткырылат. Байкоо салган эл муну Текебаевдин эркиндикке чыгуусуна карата жасалган кадам деп божомолдоп калды.

Ак үйдүн ичиндеги чаң ары-бери сапырылып жаткан учур президент Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөдөгү сапарына туш келди. Өлкө башчы расмий иш сапары менен эки күн Анкарада болду. Бүгүн Бельгияга барат.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абсамат Масалиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Таза иштеп, адал жашап өткөн инсандын архивдик сүрөттөрү

© © фото предоставлено общественным фондом им. Абсамата МасалиеваПервый секретарь ЦК Компартии Кыргызстана Абсамат Масалиев
Первый секретарь ЦК Компартии Кыргызстана Абсамат Масалиев - Sputnik Кыргызстан
Первый секретарь ЦК Компартии Кыргызстана Абсамат Масалиев

Саясаттын сериал оюндарынан тажасаңыз соцтармактагы кызыктуу сүрөт, видеолордун топтомун көрүп эс алыңыз. 

Шаршембиге карата аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.81 (сатып алуу) жана 69.23 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Баары жакшылык үчүн болсун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0