БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Айбек Калиев "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКтын жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков Калиевди кызматтан алуу боюнча тапшырма берген.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан билдиришкендей, "Улуттук энергохолдинг компания" ААКтын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Калиевдин орун басары Эрали Козубаев дайындалган.