05:42 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ай тутулган күнү бириккен саясатчылар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
56 0 0

Арбаңыздар, туугандар! Убакыт учкан куш демекчи, ары-бери карагычакты жай мезгили да зымырап бүтүп баратат.

"Кыш келгичекти" деп элдин баары тытынып жаткан мезгил. Айрымдары курулуш иштери менен алек болсо, кээ бири окуу жылына аз калып балдарын мектепке даярдай баштады. Аялдар болсо базардан базар кыдырып кышка камылга көрсө, "мал семиз, жер-жемиш арзан" деп күздө той-ашка камынып жатканы андан көп. Айтор, карапайым калкта жашоо ушундай уланып жатат. Ал эми чоңдор күздө болчу президенттик шайлоого кара жанын карч урууда.

Шайлоодо кимди кандай кызык күтүп турганын эч ким билбейт. Ал эми кечээки кызык оппозиция өкүлдөрүнүн биригиши болду.

Окуу жылы демекчи, ноокаттык колумнист Нуркамил Абдуллаев айылдагы мектептердин дагы бир көйгөйүн жазды. Өкүнүчтүүсү да, кызыгы да — азыр агайлар көзгө сүрткөн дарыдай таңсыктыкка айланып бара жатыптыр… 

Соцтармак кызыктары. Артта калган аптада социалдык тармактарда чуу жараткан жана көңүл көкөлөткөн окуялар топтомуна бир көз жүгүртүп коюңуз.

Үч жылдан кийин Бишкек кандай болот? Сүйгөн шаарын ким болбосун кооз, таза шаарга айланышын каалайт. Баарыбыз аны өнүккөн өлкөлөрдүн калаасындай болушун самайбыз. Мэрия Бишкек шаары үч жылдан кийин кандай болорун айтып берди

В ночь с понедельника на вторник кыргызстанцы, как и многие другие жители планеты, стали свидетелями лунного затмения. Это природное явление часто называют кровавой Луной оттого, что Земля не полностью закрывает тенью свою спутницу и та приобретает бордовый оттенок. Следующее лунное затмение ожидается 31 января 2018 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тутулган айдын Кыргызстандын асманынан көрүнүшү

Тутулган ай. Кечээ айдын тутулганын көрбөй калсаңыз сүрөт ирмемине көз жүгүртүңүз.

Белгилүү адамдар тууралуу кызыктуу факты. 7-августта мамлекеттик жана коомдук ишмер, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев 70 жашка чыкты. Мындан улам Кабыл Макешов ал адам тууралуу кызыктуу фактыларды чогултуп, окурмандарга сунуштаган

Бүгүн өлкө аймагында, жаан чачын күтүлбөйт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.12 (сатып алуу) жана 69.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Убакытты баалай билели!

Жагымдуу күн каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Белгилер:
валюта, аба ырайы, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ