03:44 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Сабак өтүп жаткан мугалимдин архивдик сүрөтү

Кетпечи, Дүйшөн!.. Түп көтөрүлө агай издеген айылдаштар

© AFP / XAVIER LEOTY
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Нуркамил Абдуллаев
51930

Ноокаттык колумнист Нуркамил Абдуллаев айылдагы мектептердин дагы бир көйгөйүн жазды. Өкүнүчтүүсү да, кызыгы да — азыр агайлар көзгө сүрткөн дарыдай таңсыктыкка айланып бара жатыптыр...

Быйылкы окуу жылы биздин айыл үчүн бир топ өкүнүчтүү окуя менен аяктады. Баш-аягы үч жүзгө жетип-жетпеген окуучу окуган мектебибиздин 13 мугалиминин ичинде жалгыз бир физрук агайыбыз болсо, (кароолчуну кошпогондо) ал да минтип бүтүрүүчүлөргө аттестатын тапшырган күнү өз каалоосунун негизинде арыз жазды да, мектеп менен коштошту.

Аксакал эжейлерибиз баш, жаш мугалимдер каш болуп чындап да, тамашалап да суранып, жалынып-жалбарып, дене тарбиядан, ага кошумча эмгек жана аскерге чейинки даярдык предметтеринен сабак берген агайбызды балдардын келечеги үчүн дагы эки-үч жыл иштеп туруусун өтүнгөнүбүздөн майнап чыкпады.

Чындыгында бала тарбиясында, айрыкча мектептерде эркек мугалимдердин көп болгону тарбия жагынан өтө чоң пайда берери бышык.

Ушул өңүттөн алып караганда ишин тапшырган агайдын эжекелерге аябай чоң жардамы тиер эле. Анча-мынча баш бербей, тентектик кылган балдарды теше тиктеген сүрдүү көзү менен же болбосо эркектик мүнөзгө гана ылайык делчү баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү менен тартипке чакырып койчу. Кыйшаңдап эжекелерди какшаткан ата-энеси болушчаак окуучулар да агайдын сөзүн эки кылууга даай алчу эмес. Эми болсо ошол мектепте "зыңк" тартипти орноткон, кырктын кырына келген агай "менин да бала-чакам бар. Аларды окутуп, үйлөп–жайлашым керек. Чоңоюп баратышат. Бул жерде болор-болбос айлыкты акыйып олтургандан көрө мен да башкаларчалап бактымды сынап көрөйүн" деп Россияга сапар алды…

Азыр директорубуз, эмгек жамаатыбыз, айылдагы анча-мынча бул ишке кайдыгер карабагандар — баарыбыз кошул-ташыл жаңы окуу жылына эркек мугалим издеп жүргөн кербезибиз. Антпесек, айрыкча эми жетилип, өсүп келе жаткан өспүрүмдөрүбүз дене тарбия жана аскерге чейинки сабактардан куру калышы ыктымал.

Кошуналар деле жыргап кетпептир…

Сураштырсак, кошуна айылда да акыбал биздикине жакындап калыптыр. Ал мектептин директорунун айтымында, отуз мугалимдин төртөөсү гана эркектер экен. Алар да алды отуз-кырк жылдан бери иштеп келе жаткан аксакал агайлар тура. Берки өйүздөгү мектепте деле иш сүйүнөрлүк эмес. Кырктан ашык устаттардын арасынан жетөөсү гана эркек.

Райборбодогу билим уяларында да агайлар жалпы жамааттын ашып барса 15-17 пайызын араң түзөт.

Тарбия ишинде эркек-аялдын эриш-аркак болуусу жаштардын толук кандуу калыптанышына кадимкидей таасир берет деп айтылып келгени менен соңку жылдары мектептерде эркек мугалимдердин суюлуп баратышы чындап ойлончу маселеге айланды. Бул көйгөй тууралуу ар ким ар кандай ой-пикирлерди айтышат.

Негизи бала төрөлгөндө аялдын камкордугунда, андан кийин бала-бакчаларда да аялдардын көзөмөлүндө. Эми минтип мектептер да жалаң аялзатынын көз алдында болуп жаткандыгы, албетте, өкүнүчтүү. Азыр көпчүлүк мектептерде мугалимдердин 98 пайызы аялдар. Мен кесиптеш катары эжейлерди эртеңки күндүн ээлерине жакшы таалим-тарбия берип жаткандыгына шек келтиргим келбейт. Бирок эркек мугалимдердин күн санап аздап баратышы баары бир келечекке өз таасирин тийгизет. Натыйжада, эркек балдар айрым айымдарыбызга тиешелүү чечкинсиз, майдачыл, таарынчаак сыяктуу мүнөздө болуп калышы ыктымал.

Маселенин чечүүнүн бир эле жолу бар. Коомчулукта мугалимдердин макамын көтөрүү керек деген пикирин айтат кырк беш жыл элет жеринде мугалимдик кесипти аркалаган ноокаттык педагог-психолог Абдимитал Паязов агай.

Жигиттерди педагогдукка тартуу зарылдыгы турат…

Маселени оң жагына чечүү тууралуу ар кандай акыл айткандар да бар. Айрымдар биздин мамлекет аты бар, заты унутулуп бара жаткан "Мугалимдер статусун" кайрадан калыбына келтирүүнүн камын көрүү керек дешет. Албетте, мында жаш мугалимдерди шаар жеринде коммуналдык кызматтардан бошотуу, айыл жерлеринде там салууга жер берүү, мугалимдер үчүн асман чапчыган баада эмес, алардын чөнтөгүнө төп келе турган ипотекалык насыялардагы тамдарды салуу сыяктуулар назарда тутулуусу керектигин кошумчалашат.

Мугалимдик кесипке даярдаган жогорку окуу жайларда жигиттер үчүн жалпы республикалык тесттин баллын төмөндөтүү да, бюджеттик орундарды көбөйтүү да маселенин жеңилдешине жакындан жардам берерине ишендиргиси келгендер бар. Албетте, мындай алтын кеңештерди айта берсе аябай көп. Бирок кеп алардын канчасы турмушка ашар-ашпасында… Анткени азыр билим берүүгө жаштарды татыктуу тарбиялоого караганда көпчүлүктү саясат казанынын буркураган жыты алаксытып турган кез.

Тема боюнча

Ысык-Көлгө мугалимдердин эс алуусу үчүн 400 орундуу пансионат курулат
Мугалимдердин пенсиясы 10 миң сомго чейин көтөрүлүшү ыктымал
Белгилер:
айыл, мугалим, мектеп, Ноокат

ЭҢ МААНИЛҮҮ