Бишкек шаары үч жылдан кийин кандай болорун мэрия айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы тарых музейинин макети. Архив
Бишкек шаарындагы тарых музейинин макети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калааны 2020-жылга чейин өнүктүрүү боюнча долбоор иштелип чыгып, анын жарымын ишке ашырууга акча табылды

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы калааны 2017-2020-жылдарга чейин өнүктүрүү боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыкты.

Аска-Таш архитектуралык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкекти белгилүү кылуунун бир жолун тапты
Анда алдыдагы жылдар ичинде шаарды жакшыртуу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын аракеттери так белгиленген.

Долбоордун программасы эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүккө долбоорду ишке ашырууга каражат табылгандар киргизилсе, экинчи бөлүккө каражат табыла электер кирген.

Долбоордун биринчи бөлүгүнө киргендер:

  • Муниципалдык 47 автотоктотуучу жайга акы алына турчу системаны киргизүү
  • 10 бала бакча куруу
  • Электр энергиясын бир жылда жарым миллион киловатт саатка чейин үнөмдөө
  • Түштүк-батыш көрүстөнүн жабуу, жана маркумдарды көмө турчу башка жайларды кароо
  • Төрт паркты оңдоо
  • Бак-дарак отургузулган аймакты чоңойтуу
  • 90 чакырымдан ашык жолду оңдоо
  • 10 миң жаранды газга туташтыруу
  • Автобустардын санын көбөйтүү

Экинчи бөлүк:

Азырынча күндүн энергиясын топтоочу гелиоколлектер долбооруна акча табыла элек. Андан сырткары, троллейбустун линиясын чоңойтуу, 600 лифтти оңдоо, бир катар театрлар үчүн костюмдарды тигүү долбоор боюнча турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0