Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 9-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 39 градус ысык болсо, Ысык-Көл менен Нарында 33 градуска чейин ысыйт.

Ал эми Чүйдө 38, Таласта 36 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0