Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:20. Президенттик шайлоо келатат. Кызыктар алдыда

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПразднование дня государственного флага Кыргызстана
Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жай мезгилинин акыркы айы башталып, эл акырындык менен күзгө кам көрө баштаган кез. Мисалы алдыда жаңы окуу жылы, президенддик шайлоо, айтор, күркүрөгөн күздүн жагымдуу түйшүктөрү.

Анткени менен өлкөдө жаүы деле аптаптуу жай. Бүгүн Кыргызстанда күн ачык. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жеткени менен Бишкек жана Ош шаарларында 35…37 градус ысык болот.

О кудай, ушул күн да келет беле? Чынын айтыш керек, Борбордук шайлоо комиссиясына президент болот элем деп арыз бергендердин ушунчалык көптүгү баарыбыздын кыжырыбызды келтирди. Бир убакта каалоочулардын саны 100гө жетип кетпес бекен деп да чочуладык. Бактыга жараша, кечээ эртең менен талапкерлердер документ кабыл алуу аяктады. Аягында карасак, 59 талапкер болчунун арасында 11 адам мурда сот жоопкерчилигине тартылганы белгилүү болду.

Соцтармак кызыктары. Буларга жинденип отурсак, кабарчыбыз Эламан Карымшаков маанай көтөргөн макала даярдап коюптур. Аталышы — Соцтармак кызыктары. Узаган жума ичинде социалдык тармактардагы ары кызыктуу, боорду эзген окуяларды баяндап берди. 

Ал ортодо президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш балдардын абалын жакшыртуу максатын көздөгөн мыйзамды 21-июнда кабыл алган.

Аялдар менен эркектер. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 2016-жылы аялдар жана эркектер арасында көп катталган оорунун түрлөрүн аныктады. Көрсө 2016-жылы ар түрдүү оору менен өлкөдө 1 миллион 579 миң 361 аял, 987 миң 441 эркек катталыптыр. Алардын арасында дем алуу органдары менен кан айлануу органдарынын оорусуна кабылгандар көп экен.

Таштан боюнча бүткөндөр… Кабарчыбыз Асел Минбаеванын Пакистандагы тоолуу айылдарынын биринде иштеп келген гинеколог Ольга Расчупайкина менен болгон маеги ойго салгыдай болуптур. Жөнөкөй эле мисал, Расчупайкинанын айтымында, эшикке эркеги жок чыккандыгы үчүн эле аялды тирүүлөй өрттөп салышпайт, бул тек гана көндүм пикирлер экен. Бөтөн элдин үрөй учурган жашоо турмушу, түшүнүгү тууралуу кенен маекти Sputnik сайтынан окусаңыз болот. 

Баса, август айында күн тутулары тууралуу дагы айтылып жатат. 21-августта болчу бул кубулушту NASA түз эфирде көрсөтөт. Бирок кыргызстандыктар күндүн тутулушун өз көзү менен көрө албай экен. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.95 (сатып алуу) жана 69.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күндүн тутулуусун көрө албасак мейли, негизгиси мекенибизде тынчтык жана аманчылык өкүм сүрсө болгону. 

Аманчылык тилеп Бегимай Бакашева. 

Жаңылыктар түрмөгү
0