Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Океандын ары жагындагы боз үйлөр...

Жазылуу
Ноорузга саналуу гана күндөр калды. Ага даярдыктар кандай?

Майрам күнү эмне кылып, кайда барсам деп жаткандар бул маалымат силер үчүн. Бишкек шаарында Ноорузда кандай иш-чаралар болорун бул жактан караңыз. 

АКШдагы боз үй. Американын Юта штатынын улуттук паркына боз үйлөр казкатар тигилип, келген туристтердин эң сүйүктүү жайына айланды. Боз үйдүн ичинде бардык шарттар каралган. Керек болсо гриль жасоо үчүн да атайын жабдык коюлган. Анын ичине түнөөнү каалагандар түндүктөн жылдыздарды эле санап жатышыптыр.

Кайната менен кайненеге "тыюу". Биз буга чейин бир катар "болбойтторду" жаздык. Алардын ичинде келинге, күйөө балага, кош бойлууларга салынган тыюулар бар. Эми кайната менен кайненеге кандай "тыюу" салынганына назар салыңыздар

Капотко жаткан милиция. Машинанын капотуна жатып алып "саякаттаган" милиционерлер буга чейин да болгон эми. Эми мындай көрүнүш дагы бир жолу кайталанды. Чүй менен Манас проспектисинен айдоочу милиция кызматкерин капотуна жаткырып алып Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин "саякаттатып" келген. Эмнеси болсо да жол эрежесин бузбай жүрөлү.

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон
Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон

Чым-Коргондон репортаж. Психикасы жабыркап Чым-Коргондо дарылангандар бул жайга түрдүү себептер менен келип түшөт. Биздин кабарчылар көбү үчүн аты өөн учураган Чым-Коргондогу жашоо тууралуу репортаж даярдап келишти. Окусаңыз кайдыгер калбайсыз.

Аялдардын ичип кеткенинен сактасын. Негизи эле ичкиликке берилип кеткен аялдарды дарылоо оор экенин адистер айтышат. Бул жаман адаттан кантип арылуу керектигин жана анын белгилери кандай болорун нарколог Каныкей Иманалиева айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран - Sputnik Кыргызстан
Президент КР Алмазбек Атамбаев принял послов пяти стран

Атамбаев элчилерге эмне деди. Президент Алмазбек Атамбаев кечээ беш элчиден ишеним грамоталарын алды. Ал өз кезегинде ар бир мамлекет тууралуу өзүнүн пикирин билдирди. Өзгөчө Кот-д`Ивуар менен Индия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилирине кызыктуу нерселерди айтты. Толук версиясын бул жактан окуңуздар.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.22 (сатып алуу) жана 69.47 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Баштаган ишибизди ийгилик коштосун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0