БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкекте айдоочу унаасын капотко жабышкан милиция кызматкери менен кошо айдап кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналы аркылуу күбө билдирди.
Анын айтымында, окуя Манас менен Чүй проспектилеринин кесилишинде болгон.
Бул боюнча Кайгуул милициясы азырынча түшүндүрмө бере элек.
Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.