Амансызбы, бурадар? Өлкөдө саат 10:15. Путин минип кеткен аргымак, Текебаевдин каты

Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы, мекендештер? Бүгүн күнгө бейшемби.

Жазга жетип алдык. Адегенде эле аба ырайына көз салсак, сыдырым жел жүрүп, аба чыйрыктырып турат. Синоптиктер 2-3-мартта мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектеринде катуу кар жаашы күтүлөрүн билдиришти. Эч нерсе эмес, аталарыбыз айтмакчы, эптеп жазга, акка илешип алдык.

Башкысы, Илим көзүн ачты. Жаздын алгачкы күнү, жакшы эмес окуя болуп, КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылып жакындарын, тилектештерин бир топ коркутту. Кудайга шүгүр, азыр операциядан кийин эсине келип, дарыгерлер анын көзүн ачып калганын айтышты. Ылайым, жакшы болуп кет, Илим.

Тасмага түшүп калган кырсыктуу ирмемдер. Ал эми кырсыкка кабылган видеону карап туруп, "кыламыктан бут сынат" деген ойго эрксиз жетеленесиң. Ал башкарган автоунаанын катуу ылдамдык менен келе жатканы деле байкалбайт… 

Митинг бүгүн болбойт. И баса, абакта отурган "Ата Мекен" партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарынын бир нече күндөн бери уланып жаткан нааразылык митинги бүгүн болбойт дешти

Абактан жолдонгон кат. Өмүрбек Текебаев демекчи, саясатчы абакта отуруп тарапташтарына кат жазыптыр.

Белекке тартууланган кыл куйрук. Саясат демекчи, көптөрдүн көңүлүн өзүнө бурган Россия президенти Владимир Путинге Кыргызстан ажосу Алмазбек Атамбаевдин аргымак мингизиши болду. Белек тартууланып жаткандагы сүрөттөрдү карасаңыз, кайдыгер калбайсыз. Маалымат менен бул жерден таанышсаңыз болот

Чөлдөгү кадимки боз үй. Ааламдын демин тыңшасак, Сауд Аравиянын чөлүндө кыргыз боз үйү тигилгенин эшитебиз. Бул акыркы кыска аралыкта аталган аймакка тигилген экинчи боз үй. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.06 (сатып алуу) жана 69.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат.

Иш күнүңүздөр ийгиликтүү уланышын каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0