Эртең "Ата Мекен" митинг өткөрбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Текебаева у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке
Митинг сторонников Текебаева у здания Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партия эртең каршылык акцияларын өткөрбөйбүз деп чечти. Учурда катчылык Текебаевдин ак экенин далилдей турган материалдарды чогултуп жатат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын митингдери эртең болбой турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына партиянын жаштар канатынын лидери Нуразиз Шайырбек уулу билдирди.

Депутаттын тарапкерлери төрт күндөн бери акция өткөрүп келет. Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип, 26-февраль күнү кармалган

Ал эми дүйшөмбү күнү аны эки айга камакка алуу чечими кабыл алынган. 

"Партия эртең каршылык акцияларын өркөрбөй эле коелу деп чечти. Учурда катчылык мындан аркы кадамдарды анализдеп, Текебаевдин ак экенин далилдей турган материалдарды чогултуп жатат. Биз мыйзамдын алкагында гана иш кылабыз, балким мындан ары митингдер таптакыр эле өткөрүлбөшү дагы мүмкүн", — деди активист.

Бүгүн "атамекенчилер" КТРКнын башкы директорунун оор абалда ооруканада жатканына карабай коомдук каналдын алдында митинг өткөрүштү

Жаңылыктар түрмөгү
0