Казакстан Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында эң начар жыйынтык көрсөттү

© AP Photo / Petr David JosekКазакстан курама командасы Токиодо Олимпиада 2020 ачылыш аземинде өлкөнүн желегин көтөрүп жатат
Казакстан курама командасы Токиодо Олимпиада 2020 ачылыш аземинде өлкөнүн желегин көтөрүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жазылуу
Эң аз медалды Казакстан буга чейин Сиднейде 2000-жылы өткөн Олимпиадада алган. Анын үчөө алтын, төртөө күмүш болгон.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Казакстандын спортчулары Токиодогу Олимпиада-2020 оюндарында жайкы Олимпиада мелдешинде өлкө тарыхында эң начар жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Токиодогу Олимпиада оюндарында Казакстандын атлеттери сегиз медаль алган. Анын баары коло экени айтылды. Эң аз байгени алар Сиднейде 2000-жылы өткөн Олимпиадада алышкан. Анын үчөө алтын, төртөө күмүш болгон.

Төмөндө казакстандык спортчулардын жайкы Олимпиада оюндарында алган медалдарынын саны салыштыруу иретинде көрсөтүлгөн:

  • Атлант-1996: үч алтын, төрт күмүш, төрт коло. Жалпысынан 11 медаль;
  • Сидней-2000: үч алтын, төрт күмүш. Жалпысынан 7 медаль;
  • Афина-2004: бир алтын, төрт күмүш, үч коло. Жалпысынан 8 медаль;
  • Пекин-2008: эки алтын, үч күмүш, төрт коло медаль. Жалпысынан 9 медаль;
  • Лондон-2012: үч алтын, бир күмүш, жети коло медаль. Жалпысынан 11 медаль;
  • Рио-2016: үч алтын, беш күмүш, 10 коло медаль. Жалпысынан 18 медаль. Бул Казакстандын тарыхында эң ийгиликтүү жайкы Олимпиада болгон;
  • Токио-2020: алтын, күмүш медаль жок, сегиз коло медаль. Жалпысынан 8 медаль.
Жаңылыктар түрмөгү
0