COVID-19: Коңшу өлкөлөрдөгү кырдаал боюнча соңку маалымат

© REUTERS / Massimo PincaМедициналык дарыгерлер жумуш учурунда. Архив
Медициналык дарыгерлер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда бир суткада миңден ашык адам коронавирус жуктурганы тастыкталууда. Өзбекстан менен Казакстанда күнүнө 100дөй адамдан аныкталып жатат.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Коңшу өлкөлөрдө дагы коронавирустун жайылышы токтой электиги байкалат.

Казакстанда 727 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен 57 адам ооруну жеңе алган. Тилекке каршы, жети киши кайтыш болду.

Коңшу Өзбекстанда өпкөнү сезгентүүчү ооруга чалдыккандардын саны 546ны түзөт. Мунун арасынан 30 адам сакайган, үчөө каза болду.

Тажикстанда болсо расмий бийлик COVID-19 жуктурган бир дагы учур каттала электигин айтууда. 1-февралдан ушул күнгө чейин 7257 тажикстандык обсервацияга жаткырылган. Азыркы тапта 5243 адамдын анализи таза делип үйүнө чыгарылган, калган 2014 адам медиктердин көзөмөлүндө, башкача айтканда, карантиндик мөөнөтү бүтө элек.

Гонконгтун метро станциядагы кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өткөн суткада коронавирустан каза болгондор катталган жок
Ал эми миллионго жакын кыргызстандык эмгектенип жүргөн Россияда соңку бир суткада 1175 учур катталып, вирус жуктургандардын жалпы саны 8 672ге жетти. Анын ичинен 580 адам айыгып чыгып, 63 адам ажал тапкан.

Ал арада оорунун очогу чыккан Кытай кадимки жашоосуна кайтууда. 8-апрелге караган түнү Ухань шаарынын кире беришиндеги тосмолор алынып, шаардагыларга сыртка автоунаа менен чыгууга уруксат берилди.

Кыргызстандагы коронавируска кабылгандардын саны 280ди түзөт. Бүгүнкү күндө ооруну 35 адам жеңип чыкса, тилекке каршы, төрт адам көз жумганы маалым.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0