21:25 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Бак отургузуу. Архив

Быйыл Өзбекстанга 1 миллион бак отургузулат

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Азия
Кыскача шилтеме алуу
71 0 0

"Бир миллион дарак" деп аталган бул акциянын негизги максаты — экологиянын бузула башташына каршы туруу жана элдин башын бир максатка бириктирип, өлкөнүн жашыл жаратылышын сактап калуу.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өзбекстанда экология көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу үчүн жаңы акция башталып, анын алкагында өлкө аймагына 1 миллион бак-дарак отургузуу пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Алгачкы 100 көчөт 24-октябрь күнү Өзбекстандын президентине караштуу Эл аралык инновация борборунун аймагына отургузулат.

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан Ынтымак паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Андан соң жашылдандыруу иштери Сыр-Дарыя, Кашка-Дарыя, Сурхан-Дарыя облустарында уланат. Бул жерлерде көчөттөр атайын суусу аз аймактарга тигилет.

"Бир миллион дарак" деп аталган бул акциянын негизги максаты — бактардын азайып, экологиянын бузула башташына каршы туруу. Элдин башын бир максатка бириктирип, өлкөнүн жашыл жаратылышын сактап калуу.

Маалыматта мындай акцияларды жыл сайын өткөрүү пландалып жатканы айтылды.

Тема боюнча

Ташкенттин мындай "жомогун" эч ким көрө элек болчу! Бийлеген фонтандын видеосу
Белгилер:
экология, көчөт, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ