Кытайлык блогер кыз пластикалык операциядан кийин жанын кыйып салды

© AFP / Mahmoud ZAYYATОперация ребенку в южном ливанском городе Сидон
Операция ребенку в южном ливанском городе Сидон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеоблогер кыз көбүрөөк катталуучунун көңүлүн буруу үчүн келбетин өзгөртүп, операция жасаткан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Лю деген ат менен таанымал болгон кытайлык блогер кыз бетине пластикалык операциядан кийин жанын кыйганын South China Morning Post басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды. 

Стеллаж с красками для волос - Sputnik Кыргызстан
Өлүп калса эмне болот эле? Чачын боейм деп башы шишип кеткен кыздын видеосу
Андан бир күн мурун 23 жаштагы кызды күйүп жаткан имараттын ичинен күчтөп алып чыгышкан. Бийкеч бетин жаап, кыйкырып-өкүрүп, кимдир бирөөнүн аны көрүшүн каалабай жатканын айткан.

Видеоблогер кыз көбүрөөк катталуучунун көңүлүн буруу үчүн келбетин өзгөртүп, операция жасаткан. Бирок натыйжа ал күткөндөй болбой, таптакыр үйдөн чыкпай отуруп калган. Анысы аз келгенсип, жигити да таштап кеткен.

Ошондон кийин да кыз бир нече ирет өмүрүнө кол салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0