Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши капчыгынан акча алып жатат. Архив
Киши капчыгынан акча алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Маяна колго тиери менен бирдей суммада сактап коюуну адатка айлантуу керек... Акча чогултуу боюнча кеңештердин көпчүлүгү ушинтип башталат. Бирок көп кыйналбастан, кайсы бир өлчөмдө акча топтоп алып, ошол эле убакта өзүңдү ишенимдүү сезүүнүн башка жолдору да бар.

Каржылык "жаздыкчанын" болушу өтө маанилүү экенин турмуш көрсөттү. Ошол нерсе гана кыйын учурда, маселен, оору тооруса, киреше азая түшсө жана башка күтүүсүз чыгымдар болуп калса, карыз албастан күн кечирүүгө шарт түзөт. Адатта эки кеңеш берилет: чыгымдарды азайтуу, кирешени жогорулатуу, анан да бул эки иш эриш-аркак жүргүзүлүүгө тийиш. Бирок бул дайым эле колдон келе бербейт. Ошентсе да кандайдыр бир сумманы оңой үнөмдөп калууга кеп-кеңеш арбын. Айрымдарын өзүбүз да сынап көрдүк.

Башаламан топтоо

Каржылык сабаттуулугу чабал жана тартипти анча жактыра бербегендерге кереги тиет.

Майда акчаны чогултуу

Эзелки жана сыналган ыкма — кутуга тыйындарды салып туруу. Сөзсүз эле ал үчүн атайын куту сатып алуунун кажети жок, мага бир литрлик банка эле жетиштүү болду.

Эки-үч жыл мурун өзүм үчүн эксперимент кылып, тыйындарды 1-январдан же ай/апта башынан тарта чогултпадым. Июнь айынын ортосунан баштап, банкага улам монеталарды салып турдум. Бирок ошондо капкагын жаппай, улам он-жыйырма сомдон ала берчүмүн. Ошентсе да жаңы жылга карата 2 миң сом чогулуптур. Дээрлик жок жерден жыйналган каражатка майрамдык дасторкон жазылган. Эсептесем, күнүнө орточо 10-15 сомдон салып турган экенмин.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар
Кетирген катачылыктан тыянак чыгарып, эми банканын оозун темир капкак менен бекитип, акча сала тургандай гана тешип коём. Бул ыкманын артыкчылыгы арбын. Билинбей эле акча чогула берет. Анан да жеке тартип, эрктүүлүктү өрчүтөт, себеби банканын оозун заматта эле ачып салууга болот эмеспи. Тыйын чогултуунун мындай жолу чөнтөк менен капчыкты какшытпайт.

Дагы бир жакшы жагы — дайым бирдей сумманы салуунун кереги жок, банкага соода кылганда кайрып берген майда тыйындар салынат. Эгер жок болуп калса, бир аз тыныгып, андан ары улантууга болот. Кемчилиги да жок эмес, чоң сумманы мындай усулда топтоого көп жылдар кетет. Бирок ал үчүн башка ыкмалар деле бар. Ал тууралуу кеп төмөндө.

Майда акчаны эле эмес...

Ыкмабыз мурдагыдай эле — оозу бекитилген банка же куту. Бирок монетадан тышкары 20-50 сомдук кагаз акчаны да салууга болот. Бул топтолгон акчанын көлөмүн дагы бир топ, ал түгүл бир нече эсеге арттырууга көмөкчү болот.

Сый акы же "кошумча кирешелерди" сактап коюу

Сый акы же кошумча бир иш үчүн кандайдыр бир суммада акча дайым түшө бербейт. Дегеним, маянаны күткөндөй мындай акчага анчалык таянбайт эмеспизби. Ошондуктан чыпчыргасын коротпой катып коюу көп кыйынчылык туудурбайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫкмабыз мурдагыдай эле — оозу бекитилген банка же куту
Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Ыкмабыз мурдагыдай эле — оозу бекитилген банка же куту

Айлыктан артканы

Бул да кыйла кеңири тараган ыкма. Улам кийинки айлык түшөрдө мурункудан калганын топтой берген жакшы. Бирок бул жол баарына эле ылайык эмес, мисалы, менде акча которулганын кабарлаган СМС келеринен эки-үч күн мурун эле түгөнөт.

Акчаны багыттуу топтоо

Жогоруда баяндалгандар баары бир башаламан варианттар, бирок темирдей тартипти талап кылган, натыйжада алда канча чоң сумманы чогултууга мүмкүндүк берген башка жолдор да бар. Бирок алардын баары максаттуу акча топтоого кирет.

Банк карталары жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты
Күн сайын бир өлчөмдө

Күн сайын 10 же 20 сомдон чогултууну адатка айлантуу деле кишини көп кыйнабайт. Андайда бир жылда кеминде эле 3 650 сом жыйналат. Эгер шарт болсо, сумманы көбөйтүп, мисалы, 100 сомго жеткирсеңиз, жылды жыйынтыктаганда капчыгыңыз 36 миң сомго толот. Мындай сумма сизде бир топ ишеним жаратат. Бирок тартипти бузганга жол бербеңиз. Ал үчүн, мисалы, толуктоону эстен чыгарсаңыз, өзүңүз үчүн айып пул киргизип коюңуз.

Сумманы күн сайын жогорулатуу

1-январда бир сом, 2-январда эки сом, ар күнү бир сомго жогорулап турат. Жыл соңунда бул ыкма 67 миң сомго чейин чыгышы ыктымал. Бул ыкманын жакшы жагы ушул, аягында ири сумма колго тиет. Бирок декабрь айына жеткенде күнүнө 330 сомдон ашуун каражат табышыңыз керек. Ошондо акыркы айда сизге 10 миң сомдон ашуун каражат зарыл. Мындан улам өз күчүңүздү так баалаңыз. Эгер милдеттүү чыгымдарыңыз азыраак болсо, кызыгына кирип алып, тыйын да топтоп, чыгашаларыңызды да кыскартууга өтөсүз.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБирок баары бир маянадан дайым белгилүү бир өлчөмдө (10-20 пайыз) чогулткан тыйынга кошуп туруу эң натыйжалуу варианттардан
Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Бирок баары бир маянадан дайым белгилүү бир өлчөмдө (10-20 пайыз) чогулткан тыйынга кошуп туруу эң натыйжалуу варианттардан

Банктагы "тыйын куту"

Россиялык Интернетте эң кеңири таралган кеңеш — күн сайын карта/эсепте тегеректелген калдык калтыруу. Бирок Кыргызстандагы банктарда бул функция көп сунушталбайт, ошондуктан бул ыкманы тандоодон мурун каражат топтоонун ушундай жолу бизде мүмкүн же жок экенин тактап алыңыз.

Корутунду

Албетте, акча топтоонун түрлөрү көп. Анын ичинде "төрт конверт", "алты кумара" деген да ыкмалар бар, бирок алар жогорку каржылык сабаттуулукту талап кылып, кирешенин бир бөлүгүн топтогон акчага дароо кошуу абзел. Ал эми биздин материал акчанын билинбей топтолушу тууралуу эмеспи. Бирок баары бир маянадан дайым белгилүү бир өлчөмдө (10-20 пайыз) чогулткан тыйынга кошуп туруу эң натыйжалуу варианттардан.

Жаңылыктар түрмөгү
0