Машиналар эки эсе арзандайт. Унаа базарынын жаңы доору тууралуу

© REUTERS / Mike Blake / File PhotoАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа базарында айдалган сарамжалдуу жана орто класстагы автоунаалардын баасы кайра өсө баштаганын белгилешет серепчилер. Маселен, Honda Fit үлгүсүндөгү машинанын орточо баасы бүгүн 4500-5000 доллардын тегерегинде.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы унаа баасынын жогорулашы мындан ары да уланабы, дегеле жакынкы аралыкта өлкөнүн автомобилдик базарын кандай келечек күтөт деген соболдорго жооп издеп көрдү.

Азыр унаа баасы кандай жана келерки жылы канчалык кымбатташы ыктымал?

Бүгүнкү күндө жакшы абалдагы автоунааны колдон 4,5 миң доллардан арзан алуу мүмкүн болбой калганын айтат машина алып-сатуучу ишкер Алексей.

"Бир жыл ичинде машиналар 500-1000 долларга өстү. Баанын жогорулашы эң өтүмдүү унаалардан байкалат. Базарда майды аз ичкен автолор жайнап кеткенде баа абдан төмөн эле. Арзыбаган акчага дүңүнөн сатып алып коюшкан. Жаңы унаалар сырттан келбей калганынан улам унаалардын айдалган чакырымына карабастан баасы көтөрүлүп кетти", — деди ишкер.

Унаа чыгаруу заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда корей автоунааларын чогулткан завод ачылат
Автомобилди бажыдан өткөрүү өтө кымбат деген Алексей бүгүн автосатуучуларга сырттан алып келүүгө караганда Кыргызстанда эле айдалып жүргөн машинаны сатып алып, жылмалай оңдоп-түзөп, 1,5-2 миң долларга кайра кымбат сатуу алдаканча артык экенин айтат. Азыр майды аз ичкен унааларга акча салуу пайдалуу, анткени, аларга суроо-талап жыл сайын жогорулоодо. Жакынкы бир-эки жылда элде эң кеңири таралган жана сарамжалдуу саналган Honda Fit унаасынын баасы кеминде эле 1000-1500 долларга өсөт.

Honda Fit унаасынын 2017-жылдын марттан ноябрга чейинки баасы
Honda Fit унаасынын 2017-жылдын марттан ноябрга чейинки баасы - Sputnik Кыргызстан
Honda Fit унаасынын 2017-жылдын марттан ноябрга чейинки баасы

РИОМ автобазарынын аткаруучу директору Айбек Баратов унаалардын кымбатташынан кача албайбыз деп эсептейт. Анын пикиринде, буга оң рулдуу автолорду алып келүүгө тыюу салуу таасир эткен.

Баратовдун айтымында, азыр автомобилдердин таңкыстыгы жаралды. 2017-жылдын аягы, 2018-жылдын башында баа дагы 10-20 пайызга жогорулайт. Ал эми унаа наркынын өсүшүн автомобиль рыногунда жаңы негизги оюнчулардын пайда болушу шарттады.

© Sputnik / Табылды КадырбековРИОМ автобазарынын аткаруучу директору Айбек Баратов
Исполнительный директор авторынка РИОМ Айбек Баратов - Sputnik Кыргызстан
РИОМ автобазарынын аткаруучу директору Айбек Баратов

"Азыр биз жаңы бир чекте турабыз. Көп өтпөй колдон алууга караганда жапжаңы унаа сатып алуу ыңгайлуу болуп калат. Көпчүлүк жаңы унаа ашкере эле кымбат деп ойлошот. Бирок айдалган унаалар жакында болушунча жогорулап, андан көрө жаңы машина сатып алуунун пайдасы артат. Унаа үлгүлөрүнүн расмий өкүлдөрүндө баа, албетте, бир нече миң долларга жогору, бирок мында камсыздоо менен тейлөө өңдүү артыкчылыктар да бар", — деди Баратов.

Бишкектен кантип батир сатып алам? - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен кантип батир сатып алам? Кыймылсыз мүлк менен иштегендерден кеп-кеңеш
Toyоta борборунун сатуу боюнча менеджери Рашид Хасанов жаңы унаалардын сатылышы 15-20 пайызга өскөндүгүн айтат.

"Жагымдуу багыттар байкалууда. Адамдарды бүгүн жаңы унаалардын наркы чочутпайт. Алар жапжаңы авто сатып алуу менен көптөгөн артыкчылыктарга да ээ болушат. Орто класстагы автолордун баасы өтө деле айырмаланбайт. Маселен, 2014-жылы чыгарылган, айдалган Toyоta Camry базарда 22 миң доллар турса, ушундай эле үлгүдөгү, бирок быйылкы чыгарылыштагы авто расмий дүкөндө 27 миң долларга сатылууда", — дейт менеджер.

Авто базары жана диллер салонунда Toyota Camry унаасына болгон баа
Авто базары жана диллер салонунда Toyota Camry  унаасына болгон баа - Sputnik Кыргызстан
Авто базары жана диллер салонунда Toyota Camry унаасына болгон баа

РИОМ автобазарынын жетекчиси Айбек Баратов унаа базарындагы бул көрүнүш эски унаалардын баасын алдаканча төмөндөтөрүнө ынанат.

Автоунаалар качан арзандайт?

Базар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөр биримдигинин президенти Сергей Пономарев баа талап менен сунуштун экономикалык мыйзамына жараша жогорулай турганын белгиледи.

© Фото / из личного архива Сергея ПономареваБазар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөр биримдигинин президенти Сергей Пономарев
Председатель Национального делового клуба Сергей Пономарев - Sputnik Кыргызстан
Базар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөр биримдигинин президенти Сергей Пономарев

"Азыркы тапта базарга бажы тарифтеринин жогору болушунан улам жаңы автолорду алып келүү оголе кымбат. Талап көбөйүп, ал эми сунуш азайган шартта баа көтөрүлөт. Сатуу кыйындап, арзыбаган тыйынга дүңүнөн сатып алган автомобилдик туңгуюк маалынан бери абал аздыр-көптүр жакшырды",— деди Пономарев.

Серепчинин пикиринде, оңдоп-түзөө өтө чоң каражат талап кылбай турган сарамжалдуу жана орто класстагы эски унаалардын баркы 2017-18-жылдары да өсөт.

"Баанын жогорулашына карабастан, автомобилдер сатыла берет. Ал эми 20 миң доллардан кымбат турган унааларга талап дегеле жок. Андай транспортту сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар чөйрө өтө тар", — деген ойдо Базарлар биримдигинин президенти.

Автомобильный затор в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КРде автоунаа сатып алгандар азайып, аны оңдоого акча короткондор көбөйдү
Сергей Пономарев өлкөнүн автомобилдик рыногу жакынкы эки жылда жаңы доор баштай турганынан күмөн санабайт.

"Жакынкы келечекте базар турукташып, бул тутумду түп-тамырынан бери өзгөртө турган жаңы оюнчулар 2019-жылы пайда болот. Инвесторлор Кыргызстандын аймагында машина курап, сарамжалдуу жаңы автомобилдерди сатуу аянтчаларын ачууга даяр", — деп билдирди серепчи.

Инвестиция тартуу жана экспортту өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурадил Баясов мекеме Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууларды жүзөгө ашыруу алкагында иштерди жүргүзүп жатканын маалымдады.

© Фото / пресс-служба Министерства экономики КРИнвестиция тартуу жана экспортту өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурадил Баясов
Заведующий государственным агентством по продвижению инвестиций и экспортом Нурадил Баясов - Sputnik Кыргызстан
Инвестиция тартуу жана экспортту өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурадил Баясов

Кызматташуу алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылмакчы:

— "Узавтосаноат" АК жана "АВТОЦЕНТР ЭСТОКАДА" ЖЧКсы менен жеңил автомобилдерди SKD (жарым-жартылай) куроо боюнча биргелешкен иш баштоо;

— "ДжиЭм Узбекистан" АК жеңил автомобилдер расмий борборлорун уюштуруу;

— Автобустарды SKD куроо боюнча биргелешкен иш аткаруу;

— Бастырма техникасын SKD куроо боюнча биргелешкен ишти уюштуруу;

— КРде айыл чарба техникасын куроо өндүрүшүн түзүү.

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин колундагы акча болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Кымбатчылык болуп кетпейби?
Чыгарыла турган продукция адегенде Кыргызстан рыногунда, андан соң ЕАЭБ өлкөлөрүнө таратылат. Өнөктөштөр (контр-өнөктөштөр, тең ата өнөктөштөр) күн сайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Заводду ишке киргизүү күнү, заводдун өндүрүш кубаттуулугу, чыгарыла турган техниканын аталышы, жумушчу орундардын саны боюнча маселелер талкууланууда.

Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөр биримдигинин президенти Сергей Пономарев жаңы унаалардын сатылышы маркетингдик ыкмалар менен бекемделип, үстөк пайызсыз төлөп кутулуу мүмкүнчүлүгү жана капчыкка бап наркы менен сунушталарын болжолдойт. Мындан улам сарамжалдуу жана орто класстагы эски унаалардын баасы түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0