Өкмөттө Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги селге байланыштуу кеңешме өттү

Sputnik
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сел жүрушүнө байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн учурдагы кырдаал жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат угулду.
"Жер-жерлерде сел агызып келген ылайларды тазалоо, унаа жолдорун жана жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иштер кызуу жүрүп жатканы белгиленди. Кесепеттерди жоюуга ӨКМ, ИИМ, Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана атайын техникалар тартылган", — деп айтылат кабарда.
Соңунда тиешелүү органдар кырдаалга мониторинг жүргүзүү, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу аткаруу, келтирилген зыянды баалоо жана селдин келип чыгышын алдын алуу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу милдеттендирилди.
Эскерте кетсек, кечээ Баткен районуна жаратылыштык шарттардан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Ак-Татыр айылында сел жүрүп, Ош – Баткен – Раззаков жолунун 280-чакырымында каттам жабылып ачылган. Мындан тышкары, Үч-Дөбө айылында сел жүргөн сайдын жээгинде жайгашкан кооптуу аймактан 35 үй-бүлө (149 жаран) эвакуацияланган.
3-6-майда тоолуу аймактарга, суу жээктерине эс алууга чыкпай тургула. ӨКМ эскертти