Жеңиш күнүнө карата Караколго "Любэ", "Блестящие" топтору жана Николай Басков келет

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 9-май — Жеңиш күнүнө карата Каракол шаарында Кыргызстан менен Россиянын өнөрпоздору катышкан чоң программадагы концерт тартууланат.
Ысык-Көлгө россиялык "Любэ", "Блестящие" топтору жана белгилүү ырчы Николай Басков келип ырдаары айтылды.
Иш-чараны "Евразия" уюму менен мэрия биргеликте уюштурууда.
Садыр Жапаров 9-майда Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге катышат