1-майга карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 1-май, жума күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас аймагында +23…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл жергесинде +16...+21, Нарын өрөөнүндө +15...+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык 37 градуска жетет. Май айында күтүлгөн аба ырайы